Омар: «Ыймандуу кыз тапсам, 1-2 ай сүйлөшүп эле үйлөнөм»

Бойдок ырчы жигиттердин ичинен Омарга ашык болгон кыздар арбын. Бирок ал үйлөнүүгө али шашылбагандай, жакында ата-энеси жок баланы карамагына алып жакшы саамалыкты баштоочулардын бири болду.

– Омар, кыштын суугунда алыскы аймактарда гастролдоп жүрүшүңдүн себеби кандай?

– Жыл сайын гастролго чыгып турам. Кышында Бишкекте жумуш аз, ошондон пайдаланып суукка карабай гастролго чыктым. Гастроль болгону өзүнө кеткен чыгымдарды жабат. Мен алыскы аймактарда жашаган күйөрмандарыма ыр майрам тартууласам деген ойдомун. Мурда облус, райондордун борборлоруна эле коюп кетип калчумун. Бул жолу айылдардан бери кыдырып атам. Азыр Баткен аймагындабыз, Сүлүктү, Исфана болуп чек ара жакка чейин барып атабыз. Апрелге чейин түндүк аймакты да кыдырууну пландап атам. Кыштын суугунда гастролдо кыйын эле экен. Ырдаганда оозумдан буу чыгып, тамагым ооруп калып атат. Айылдардагы маданият үйлөрү суук, шарт жок. Бирок жашоодо жалаң эле жылуу жерде жүрө бербейбиз да. Адам ысык-суукка чыдашы керек дегендей.

– Суукта элдин концертке келиши кыйын болсо керек?

– Чынында сууктун күнүндө элдин концертке келиши жакшы болбойт экен. Зал кээ бир аймактарда толтура болсо, башка жакта жарымынан болуп калат. Концертиме чыныгы күйөрмандарым келип атышат. Суукка карабай отурган күйөрмандарыма, кичинекей бөбөктөргө боорум ооруп кетип атат. Мен кайсы жерде болбосун, жакшы койгонго аракет кылуудамын. Ар бир адам акчасына татыктуу, сапаттуу концерт көргүсү келип келет да, зал толгон эл болсо да, он киши болсо да жандуу үн менен ырдай берем. 

– Жакында балдар үйүндө тарбияланган баланы камкордугуңа алганың тууралуу жаңылык тарады. Бул ишке кандайча кызыгып калдың?

– Бул тууралуу коомчулукка айтпай эле коёюн дегем. Бирок тарап кеткенине өзүм да таң калып атам. Бул иш Кудайдын ыраазычылыгы үчүн «Элим барсыңбы?» коомдук фонду уюштурган «Бир бала, бир демөөрчү» деген акциянын алкагында болду. Аталган фонд сунуш кылды, өзүмдүн да каалоом бар болгондуктан дароо эле макул болдум. 

– Ал баланы өзүң тандадыңбы?

– Жок, мен тандаган жокмун. Болгону: «Абалы кыйыныраак, көбүрөөк жардамга муктаж бала бергиле», - дегем. Фонддогулар он жаштагы ошол баланы көрсөтүштү. Ата-энеси ооруп кайтыш болгондон бери балдар үйүндө тарбияланып келатыптыр.

– Көпчүлүктө «Омар ал баланы үйүнө алып кетиптирби?» деген суроо жаралды, өзүң айта кетсең, баланы кандай шарттар менен карайсың?

– Баланы багып алуу менен камкордукка алуу экөө эки башка нерсе. Багып алганда үйүңө алып келип, фамилияңды бересиң. Ал эми камкордукка алганда сырттан эле кем-карчын камсыздап турасың. Бала балдар үйүндө эле жашайт, мен ай сайын тамак-ашына, окуусуна 2700 сомдон акча берип турам. Экөөбүз ага-инидей болобуз, ага жол көрсөтүп, кеңешимди берем. Бир көрүшкөн бойдон мен гастролго кетип калдым. Эми эс алуу күндөрү, майрамдарда үйгө алып келип, эки жакка алып чыгып турам деген ойлорум бар. Бул акциянын алкагында мен эле эмес, Эркин Рыскулбеков, Иса Өмүркуловдор да балдарды карамагына алышты. Алдыда башка ырчылар да алабыз деп турушат, бул иш-чара жаштарга жакшы өрнөк болот деп ойлойм.

– Бишкекке да концерт койгону жатыптырсың…

– Ооба, 20-21-март күндөрү Бишкекте отчёттук концертим болот. Концерт сахнага чыкканыма 10 жыл толгонуна арналат. Борбордо көптөн бери концерт бере элекмин, андыктан даярдыктар күчтүү.

– 10 жылда алдыңа койгон максаттарыңа жеттиңби?

– Максатым чоңураак масштабга чыгуу болчу. Кудайга шүгүр, жаман эмес, кандайдыр бир деңгээлде сахнадан ордумду таба алдым.

– Мындан ары деле чыгармачылык менен кетесиңби?

– Бир жагынан караганда өмүр бою чыгармачылык менен кетүү кыйыныраак болуп калышы мүмкүн. Улам жаңы ырчылар, жаңы стилдер чыгат дегендей. 30дан өткөндөн кийин адам баштагыдай боло албай да калат эмеспи. Ар бир доордун өз ырчылары болот, ошол учурда таптакыр жок болуп кетпесең да кошумча жумуш менен алек болуп ырдай берсе болот. Ошону ойлонуп аракет кылуу шарт.

– Кесибиң менен иштөөнү ойлоносуңбу?

– Экономикалык жогорку билимим бар. Ал кесипти сүйүп окугам, иштеп кетсем болот. Бирок азыр кадрлар өтө көп, өзүмдү күчтүү кадрмын деп айта албайм.

– Жашың отузга чукулдап калды, үй-бүлө куруу тууралуу ойлонуп жатасыңбы?

– 20 жашымда “23 жашка чыкканда үйлөнөм” десем, 23кө келгенде “25ке чыкканда” деп калгам. 25 жашка чыкканда “жүрөгүмө жаккан адамды тапканда үйлөнөм” деп калдым. Үйлөнбөй жүргөнүм туура эместир, бирок жүрөгүмө жаккан кыз табыла элек. Азыр Кудайдан суранып, дуба кылып атам. Түгөйүмдү таба албай жатканыма чөйрөм таасир этип жатабы дейм. Үйдөн чыгып жумуштарым менен жүрөм, жолуксам тааныштарыма гана жолугуп, кайра келем. Эгерде коомчулук менен аралашып, көчөдө, коомдук транспортто жүргөнүмдө эмдигиче тапмактырмын. Мен жактан аракет болбой жатат деп айтуудан алысмын. Карап, издеп эле атам. Кыз тапкан күнү үйлөнүүгө даярмын. Ыймандуу, билимдүү болсо жетиштүү, 1-2 ай сүйлөшүп эле үйлөнгөнгө аракет кылам. Азыр жашым 28де, буюрса, 30дан ашпай үйлөнөм.

– Ырчы мырзалар сүйлөшкөн кыздарын элге алып чыгышат, байкашымча, сен андайдан алыссың…

– Эгер мен бүгүн бир кызды «сүйлөшкөн кызым» деп элге көрсөтсөм, ал кыз популярдуу болуп кетет. Бирок эртең ага үйлөнбөй калсам, ал кыз башка балага турмушка чыгышы керек да. Анан ал баланын достору «бул мунун сүйлөшкөн кызы болчу» дешет. Ошондо кыз эле жабыркап калганы жатпайбы. Ошону ойлоп бардык нерсе орду менен болгон жакшы деп эсептейм. 

 

Динара ЧОКОЕВА