Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

Наристеңиз азыр кадимки адам келбетине келип калды. Анын чоңойгонун төрөткө чейин аны коштоп жүрүүчү сары баштыкчадан алда канча көлөмдүү болуп калгандыгын сүрөттөн карап билсеңиз болот. Буюрса, мындан ары бала үчүн энесинин сресстик абалы, сасык тумоо сыяктуу оорулары жана айрым дары-дармектер анчейин коркунучтуу эмес. Себеби анын бардык ички органдары бир сыйра калыптанып бүттү. Эми алар бир гана өсүү жолунда. Баланын тону мындан ары түйүлдүктү коргоо милдетин толук аткара алат. Бирок чексиз кубанычка азыр эрте. Түйүлдүктүн толук калыптанышы үчүн алдыда дагы 30 жумалык күтүү бар. Түйүлдүктүн жүрөгү учурда укмуштай тездик менен мүнөтүнө 160-170 жолудан согуп жатат.

 

Эненин абалы

Бул жумада аялды кыжалат кылган жаңы жагымсыздыктар башталышы мүмкүн. Жатындын чоңоюусу менен ички органдарда аялга билинбеген жылышуулар болуп жатат. Бул эң алгач ашказанды кыймылга келтирип, натыйжада аял зарнага кабылышы мүмкүн. Ал эми ажатканага чуркоо уланып, ал турсун, аял айрым учурларда - катуу жөтөлдө, чүчкүрүүдө же күлүүдө заараны кармай албай калат. Бул көрүнүш эки-үч же андан кийинки кош бойлуулугун өткөрүп жаткан аялдарда төрөт маалына чейин уланышы ыктымал. Буга чейин сонун жарашып келген көйнөктөр тардык кыла баштаганын байкайсыз. Элге билинбегени менен күзгү алдына барып жакшылап байкасаңыз, ичиңиз тоголок тартып баратат. Айрымдардын төшүндө, эмчегинде, бетинде кара тактар пайда боло баштайт. Аларды жоготуу үчүн азыр убара болбоңуз. Төрөттөн кийин баары өз калыбына келет.

 

Гүлайым Калыбекова