Балаңызды туура уктатып, туура ойготуңуз

Баланын толук кандуу уйкусу анын интеллектуалдык, физикалык жана эмоционалдык жактан жакшы жетилүүсүн шарттайт. Ал үчүн ата-эне баласынын уктоо саатынын нормасынан баштап кантип уктатып, ойготуу керектигине чейин маани берүүсү зарыл.

 

Баланын өнүгүүсүндөгү уйкунун мааниси

Жетиштүү жана жакшы уйку баланын маанайын, табитин, интеллектуалдык жөндөмдөрүн жакшыртат. Ал эми мээсинин өөрчүшү ал уктап жаткан учурда болот. Демек, бала ар дайым эрте уктоосу керек. Себеби жетилүү гормону уйкунун 4-стадиясында иштелип чыгат. Мисалы, саат 21:00дө уктай турган болсо, аталган гормон болжолу 00:30да иштелип чыгат. Бала канчалык кеч уктаса, гормондун иштелип чыгышына ошончолук аз убакыт бөлүнүп калат. Бул баланын өсүп жетилүүсүнө бир гана терс таасир этет. Ал эми баланын кичинекейинен эрте уктоо адаты келечегине жакшы жол ачат.

 

Бала кеч уктаса эмне болот?

Нерв системасы 21:00дөн 01:00гө чейинки аралыкта эс алат. Бирок көпчүлүк өспүрүмдөр бул убакытты уктап эмес, электрондук каражаттарды колдонуу менен өткөрүшөт. Кеч уйкунун кесепетинен бала төмөнкү жагымсыздыктарга дуушар болушу мүмкүн:

Бир нерсеге көңүл бөлүүсү оор болот;

Жаңы жагдайларга ыңгайлашуусу кыйынга турат;

Стресстик жагдайларга туруштук бере албайт;

Көбүнчө кыжырданган абалда болот;

Унутчаак болуп, иретсиз ой жүгүртөт жана сүйлөйт;

Бою кеч өсөт;

Жумушка жөндөмсүз болуп калат;

Физикалык жактан кеч жетилет;

Нерв системасынын иштөөсү бузулат;

Жетиштүү уктабаган балдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу бар.

 

Баланы кантип уктатуу керек?

Баланы дайыма бир убакта уктатып көндүрүү керек. Мындай тартипке көнгөн баланын дал ошол убакта уйкусу келип, уктоо мөөнөтү калыптанат.

Уктатуунун алдында бөлмөнү желдетүү зарыл. Салкын аба бат укташын шарттайт.

Бала өзүн башкалардан бөлүнүп калгандай сезбеши үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ушул режимге ыңгайлашуулары керек.

Жомок окуп берүүнү адатка айлантыңыз. Анткени атасы же апасы китеп окуп баштаганда бала уктай турган убакыт болгонун билет.

Бардык техникалык каражаттарды алыс коюп же өчүрүп салганыңыз оң. Түн ичинде аларды улам колдонуу менен балаңызга туура эмес үлгү болосуз.

Бала уктардан бир-эки саат мурда активдүү, шаңдуу оюндарды токтотуп, сабактарын жыйыштырып, компьютерди өчүрүп коюу керек. Китеп окуу же жай оюндарды ойноо баланы тынчтандырып бат укташын шарттайт.

 

Баланы кантип ойготуу керек?

Телевизор иштеп турган бөлмөдө бала эрте жатып, эртең менен эрте тура албайт. Ошондуктан жума ичинде балдардын эрте турушу үчүн ата-энелер телевизорду белгилүү убакыт аралыгында гана көрүүлөрү максатка ылайык.

Тамактануудан 45 мүнөт мурда баланы ойготуп баштоо кажет. Бул убакыттын ичинде ал өзүн сергек сезип, табити ачылып калат.

Суу чачып ойготуу туура эмес. Анын ордуна терезелерди ачып, бөлмөнү таза абага толтурган оң.

Ата-эненин көңүлү ачык болуп, ашканада сүйлөшкөн үнү, радиодон акырын чыккан ыр да баланын бат турушуна өбөлгө болот.

Ата-эненин уйкусураган абалда келип баласын ойготкону анын кеч турушун шарттайт.

Баланы эркелетип, аны менен бирге ойноп ойготуу ошол күндүн жакшы өтүшүнө жол ачат.

 

Жаш-курагы боюнча уктоо саатынын нормасы

Жаш-курагы

Бир суткалык уктоо нормасы

0-3 айлык ымыркай

14-17 саат

4-11 айлык ымыркай

12-15 саат

1-2 жаштагы ымыркай

11-14 саат

3-5 жаштагы наристе

10-13саат

6-13 жаштагы жаш балдар

8-9 саат

 

Баланын уйкусун жакшыртуучу элдик ыкмалар:

Ашкабак жана бал. 200 грамм ашкабакка бир стакан жылуу суу куюп 10-15 мүнөт кайнатуу керек. Муздаткан соң ашкабакты алып салып, суусуна бир чоң кашык бал кошуп уйку алдында балага  1/4 стакан өлчөмүндө берүүгө болот.

 

Эфир майы: Балага эфир майы менен укалоо жасоо да уйкусунун жакшы болушуна өбөлгө түзөт.

 

Ромашка. Бир чоң кашык кургатылган ромашкага бир стакан жылуу суу куюп, 10-15 мүнөт жай отто кайнатасыз да, эки саат тыныктырып коёсуз. Аны дакиге сузуп алып, балаңызга уктатуудан бир саат мурда 1/4 стакан өлчөмүндө жылуу абалда бересиз.

 

Сүт жана бал. Жылуу сүткө бир чай кашык бал кошуп берүү да баланын уйкусун тынч жана жакшы кылат.

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА