Жеңил төрөттүн ыкмалары

Жатындын жарылуусусуз, кесаревосуз төрөөнү ар бир айым кыялданат. Ден соолугу чың баланын төрөлүшү андан да маанилүү. Бул үчүн кош бойлуу айым төрөткө чейин өзүн даярдоосу абзел. Кантип? Төмөндө жазылган оңой жана бат төрөөнүн ыкмаларын үй шартында жасап көрсөңүз болот. Бирок гинекологдун кеңеши менен гана.

 

Медициналык ыкмалар

– Өзгөчө кош бойлуулуктун акыркы айларында эне туура тамактануусун көзөмөлдөөсү керек. Анткени эненин эт, ун азыктарын, таттууларды көп колдонуусунан баланын салмагы көбөйүп, натыйжада төрөт учурунда жатындын жарылуусу пайда болот.

– Жеңил төрөө үчүн айымдын психологиялык жактан өзүн-өзү даярдоосу маанилүү. Төрөттү жеңил жана ийгиликтүү элестетиши зарыл.

– Төрөткө чейин физикалык активдүү кыймылда болуңуз. Кыймылдын жоктугунан төрөт учурунда булчуңдарга кычкылтек жетишпей төрөт ооруксунтуу менен коштолот.

– Канды көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Гемоглобиндин аздыгы да кычкылтектин жетишсиздигине алып келет.

– Жеңил төрөт үчүн таза аба маанилүү. Толготуп жатканда терезени ачып, активдүү кыймылдап туруңуз.

– Толгоо болбосо деле ыйына бербеңиз. Толгоо башталганда ыйынып, токтогондо жөн гана терең дем алып туруңуз. Болбосо жатындын айрылуусу пайда болушу ыктымал.

– Төрөтү кыйын боло турган айымдарга гинекологдор төмөнкү укалоону сунушташат: сөөмөй менен ортоңку колду өсүмдүк майына малып алып жыныс мүчөнүн ичине 1-2 см аралыкта салып манжаларды айландыруу менен 3-5 мүнөт укалоо жасайсыз. Бул үчүн зайтун, ромашка, күн карама майлары ылайыктуу. Укалоону үч күндө бир жолу жасоо керек. Кош бойлуулуктун акыркы айларында күн сайын. Эгер кош бойлуулук эч кандай кыйынчылыксыз өтсө, укалоону кайсы мөөнөт болбосун, жасай берсеңиз болот. Кош бойлуулук убагында кандайдыр бир маселе жаралса, бул ыкма 37-жумадан баштап сунушталат. Укалоонун жыйынтыгында жыныс мүчөнүн булчуңдары чоюлуп төрөт жеңил өтөт.

 

Көнүгүүлөр

– Кегелдин көнүгүүсү. Муну жасоо үчүн атайын убакыт бөлүүнүн кереги жок. Кош бойлуулугуңуздун акыркы айларында жумуш жасап жүрүп эле жыныс мүчөңүздү заараңызды токтотуп жаткан сыяктуу кылып кысып, кайра бошотосуз. Бул учурда өзүңүздү эркин кармап, эркин дем алыңыз. Аталган көнүгүүнү күнүнө 5-10 жолу жасайсыз, бир жасаганда 20-30 жолу кайталайсыз.

– “Сумка”. Төрт аяктап туруп астыңызда сумка жаткандай элестетиңиз. Сумканын кармагычын жыныс мүчөңүз менен өйдө көтөрүп, бир нече секунддан кийин кайра ылдый түшүргөндөй элестетип кыймыл кылыңыз.

– “Лифт”. Жыныс мүчөңүздү лифт деп элестетиңиз да, аны жатын моюнчасына карай өйдө тартып, ар бир кабатта токтогон сыяктуу тарткан сайын улам бир нече секунд кыса бересиз.

– Отургучту колуңуз менен кармап, буттарыңызды кезеги менен оң, сол жакка өйдө карай чоюңуз. Өтө бийик көтөрүү керек эмес.

– Буттарыңызды кенен коюп акырын отуруп-туруңуз. Бул учурда денеңизди түз кармаңыз.

 

Ырымдар

– Эгер толгоо маалында аялдын чаты ооруса жеңил, бели ооруса оор төрөттөн кабар берет.

– Төрөт убагындагы ооруну жеңилдетүү үчүн терезе, эшиктерди ачуу керек. Ошондой эле байланган жип, түйүлгөн нерсе болбошу зарыл. Муну менен баланын жолун ачкан болобуз.

– Мурда апалар төрөттөгү ооруну жеңилдетүү үчүн төрөп жаткан аялга өзүнүн өрүлгөн чачын чайнаткан.

– Төрөттүн башталгандыгы тууралуу эч кимге айтпоо керек.

– Боюнда бар аял шыпыргыны аттабаш керек, төрөтү кыйын болот.

– Аялдын төрөтүн жеңилдетүү үчүн анын үйүндөгү кыз кишилер, өзгөчө толгоо тартып жаткан аялдын жанында жүргөн айым чачын жайып салуу керек.

– Төрөргө үч күн калганда аял үйүнөн сыртка эч нерсе алып чыкпаш керек.

– Оор төрөттүн алдын алуу үчүн аялга кош бойлуу кезде түймө түйүп, кийим токуганга болбойт.

 

Элдик ыкмалар

– Жыныс мүчө менен арткы тешиктин ортосундагы аралыкты зайтун, бадам жана күнжүт майы менен майлап жеңил укалоо жасайсыз да, 15-20 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп саласыз. Жууганда скраб, гель колдонуу сунушталбайт. Майга апельсин, лимон жыпар жыттуу майларынын 1-2 тамчысынан кошуп алса да жакшы. Бул ыкма ткандардын ийилчээктигин жогорулатат. Аны индия аялдары күн сайын жасашат. Күн сайын болбосо да жумасына бир жолу жасап койсоңуз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз.

– Жатындын айрылуусунун алдын алуу үчүн жыныс мүчөнүн ичин каймакмай менен майласаңыз болот. Бул ыкма төрөргө бир айдай убакыт калганда жасалат. Уктар алдында каймакмайдын жаңгактай болгон бир кесимин жыныс мүчөнүн ичине терең салып жатасыз. Түнү бою ал жатындын дубалдарына сиңет. Бирок жыныс мүчөдөн суюктук келип жатканда, кычышып жатканда бул ыкма сунушталбайт.

– Толгоо маалында малинанын жалбырактарын чайга кошуп ичип, шоколад, банан жеңиз. Алар серотонин, эндорфин “бакыт” гормондорун иштеп чыгаруу менен ооруну басаңдатат.

– Кош бойлуулуктун акыркы айында күнүнө 3 жолудан зыгырдын уругунан жасалган маңызды ичсе болот. Ал үчүн 1 аш кашык урукту 1 стакан кайнак сууга салып 2 саат тундурасыз да, тамактанарга 20 мүнөт калганда ичесиз. Бул маңыз көп өлчөмдөгү былжырлуу суюктукту камтыгандыктан жатындын жакшы чоюлушуна жардам берет.

– Толгоо башталар менен муздак душ кабыл алыңыз. Улам күчөгөн сайын сууну дагы муздак кылыңыз. Бул учурда оору сезилбейт.

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА