Аскердеги унутулгус күндөр

Аскердик кызмат өтөө - ар бир жигиттин атуулдук парзы. Бирок эл-жерин коргоо үчүн кызмат кылуу азыр баарына тиешелүү эместей. Ал эми СССР учурунда бул милдетти эр жеткен азаматтын баары аткарчу, алардын ичинде азыркы атактуулар да бар.

 

 

Абдылда Иманкулов: «Күлкүм үчүн сержанттан токмок жегем”

– Биздин учурда армияга баруу сыймык болчу. Мен аскерде 1981-жылдан 83-жылга чейин Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Верхняя Пышма деген жерде кызмат кылгам. Күн сайын эртең менен 45 секундда кийинип, катарга туруп калыш керек болчу. Ага жетишкени болот, жетишпей калганы болот. Менин жанымда казак бала бар эле, кыймылы аябай жай болчу. Шашканынан катарга дайыма шымын тескери кийип алып турчу. Качан карасам эле шымынын чөнтөгү бери карап турган болот. Мен бир күлгөндө токтоно албай күлөм да, аны карап бышкырып эле күлүп калам. Бул күлкүм үчүн сержанттан далай токмок жегем. Токмок жебеш үчүн «тетигини карап күлүп жатам» деп да айта албайм. Себеби казактар менен бир тууган болсок, анын үстүнө аскерде андайларды айтсаң саткын болуп каласың.

 

Бакыт Мукул: «Аскерден тажадык деп шаар айланып кетип...»

– Мен 1984-86-жылдары Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре деген шаарында кызмат кылгам. Азыр милициянын полковниги болуп иштеген таанышым экөөбүз аскерде дайыма катар турчубуз. Ошол күн алтынчы күн эле, эс алып жатканбыз. Анан мен ага: «Эки айдан бери эч жакка чыкпай тажап кеттик, жүрү, шаарга чыгып келебиз», - дедим. Ал макул болуп экөөбүз шаарга чыгып кечке сейилдеп жыргап жүрдүк. Кечинде келсек ызы-чуу түшүп калышыптыр. Көрсө, бизди издеп ротанын балдарын аскердик бөлүктү, завод, токойду кыдыртып издетип отургузушпаптыр. Экөөбүз кирип катар туруп калсак, командир курсакка өзөртө сокту. Анан гауптвахтага үч күнгө айдамак болду. Бирок бизди аяды окшойт, кайра кетирбей калышты. Бул жоругубуз менен аскердик бөлүктө бир заматта популярдуу болуп кеткенбиз.

 

Айбек Карымов: «Өзбек аскер экөөбүз орус аскерлерди коркутканда...»

– Менин аскердик күндөрүм 1987-89-жылдары Чехословакияда өттү. Шухрат деген өзбек бала эки жыл жүрүп орусча такыр үйрөнө албай койду. «Дед» болгон соң жаштарга анча-мынча чоңдугубузду көрсөтүп калабыз да. Бир күнү Шухрат экөөбүз отурсак орус улутундагы эки аскер өтүп баратат. Мен Шухратка: «Эй, тетиги экөөнү чакырып тырыштырбайсыңбы?» - десем, «сен мага орусча үйрөтүп кой», - дейт. «Азыр үнүңдү жоон чыгарып «эй, иди сюда, молодой» дейсиң, тигилер жүгүрүп келгенде «а что, у тебя воротник открытый? Стой смирно!» деп айтасың», - дедим. Мен айткан сөздү улам кайталап жакшы эле даярданды. Эки аскер кайра бери көздөй келе жатканда: «Эй, иди сюда», - дегенде жүгүрүп келип туруп калышты. Шухрат үйрөнгөн сөздөрүн унутуп эмне дээрин билбей «Смирно!», - деди эле, аскерлер түз туруп калышты. Анан “жакаң эмне ачык?” дегенди айта албай, жакасынан кармап силкип-силкип: «Ыы-ыы», - деди. Бир аскердин куру да бош экен, аны курунан кармап дагы: «Ыы-ыыы», - деп коёт. Аны карап отуруп боорум эзилип калды. Жаш аскерлер бизди түшүнбөй элеңдешет.

 

Мүзүр Мамбетов: «Менин айымдан жүздөй аскер түшкү тамак ичпей калган»

– Аскерде кызмат өтөө үчүн 1997-жылы Баткенге баргам. Биздин аскер бөлүк өрүкзардын ортосунда жайгашкан эле. Баткендин өрүгүнүн бышышын абдан күткөнбүз. Өрүк бышканда командир бизди өрүк тергенге коё берип: «Көп жебегиле, кыйналасыңар», - деди. Укчу белек, терип да, жеп да жатып акырында даараткана талашып аябай кыйналганыбыз эсимде. Аскерде мен маданий жагын тейлечүмүн, клубдун ачкычы дайыма менде болчу. Нан тараткан досум экөөбүздүн ачкычыбыз окшош эле, бир жолу алмашып кетиптир. Мен ачкычты жаныма алып командирдин буйругу менен Баткенге кеткем. Түштө аскерлер тамакка келгенде досумда калган менин ачкычым ашканага түшпөй бир батальондогу жүздөн ашык аскер түшкү тамакты ичпей ачка калышыптыр.

 

 

Жамбыл Камчиев: «Аскерге жаңылыш чакырылып калгам»

– 1972-жылы мага аскерге чакыруу келди. Военкоматка барсам, дарыгер текшерип: «Жүрөгүңдө шум бар экен, сага аскерге барууга болбойт», - деди. Барбай калдым окшойт деп жүрсөм, аскерге кетүү тууралуу кагаз келип калды. Ошентип, күтпөгөн жерден аскерге жөнөп кеттим. Ноябрь айында Орусиянын Минск шаарына барып түштүк. Борбордук аянттан балдардын баарын бөлүп кетишип мен жалгыз калдым. Көрсө, менин документим барбаптыр. Баягы “аскерге барбайт” деген бойдон калган экенмин, жаңылыш чакырып алышыптыр. Мени эптеп убактылуу бир жакка коё турушуп, документим бир айдан кийин артымдан барган. Ошол кезде азыркы мээм болгондо качып келе бермекмин, чынчыл болуп жүрө бериптирмин. Документим баргандан кийин мыйзамдуу түрдө кызмат кыла баштадым. Автомат менен атып машыгууда дайыма таамай атчумун. Андыктан командирлер кийин мени аттырбай эле «5» коюп калышкан. «Эмнеге мага аттырбайсыңар?» - деп нааразы болсом, «сен баары бир тийгизе атасың, ок коройт» дешчү. 

 

Динара ЧОКОЕВА