«ГҮЛДҮҮ» салаттар

“Гүлдүү адыр”

Кандай азыктар керек?

Шпрот: 1 банка

Күрүч: жарым стакан

Картошка: 2 даана

Сабиз: 1 даана

Пияз: 1 баш

Кызылча: 1 даана

Жумуртка: 1 даана

Майонез

Петрушка

Кантип жасалат?

Күрүчтү, пияздан башка жашылчаларды сууга өз-өзүнчө бышырып аласыз.

Жашылчаларды кыргычтан өткөрөсүз.

Тарелкага шпротту эзип жука катмар кылып саласыз да, анын үстүнө башка азыктарды кабат-кабат кылып тизе баштайсыз: кызылчанын жарымы – күрүч – картошка – сабиз - пияз – кызылчанын калганы. Ар бир катмардын арасына майонез сүрткөндү унутпаңыз.

Үймөк болуп салынган салаттын үстүнө дагы бир аз майонез сүртүп тегиздеп, гүлдөрдү кызылчадан, сабизден, жумурткадан жана пияздан жасайсыз.

Петрушка, майонез менен кооздоп коёсуз.

 

“Корзинадагы гүлдөр”

Кандай азыктар керек?

Картошка: 2 даана

Сабиз: 1 даана

Кайнатылган колбаса: 200 г

Жумуртка: 4 даана

Туздалган бадыраң: 2 даана

Сыр: 200 г

Көк пияз: 3-4 талча

Туз

Кантип жасалат?

Картошканы, сабизди, жумуртканы сууга өз-өзүнчө бышырып аласыз.

Муздаган соң кабыгын аарчып, төрт чарчы кылып туурайсыз.

Кайнатылган колбасаны жана туздалган бадыраңды да төрт чарчы кылып туурайсыз.

Эми азыктардын баарын кошуп туз себелеп, майонез менен аралаштырасыз.

Даяр болгон салатты тарелкага саласыз.

Эми кооздоого өтөсүз: корзинаны элестетүү үчүн жука-жука кесилген сырларды пайдаланасыз.

Ал эми гүлдөрдү жумуртканын агынан жана сабиздин майда кесимдеринен жана майда тууралган көк пияздан жасайсыз.

 

“Торт-салат”

Кандай азыктар керек?

Кызылча: 2 даана, картошка: 4 даана, сабиз: 4 даана

Консерваланган козу карын: 1 банка

Капуста: 1-2 жалбырак

Горчица: 2 чай кашык

Шекер: 2 чай кашык

Өсүмдүк майы: 6 чай кашык

Уксус: 2 чай кашык,

Туз, калемпир

Кантип жасалат?

Соус жасайсыз: горчицаны, шекерди, майды, уксусту, туз, калемпирди кошуп жакшылап аралаштырасыз.

Кызылчаны, картошканы, сабизди сууга бышырып, муздаган соң баарын өз-өзүнчө кыргычтан өткөрөсүз.

Тарелкага алгач кыргычтан өткөрүлгөн сабиздин жарымын тегерек кылып тизесиз да, үстүнө 1 чоң кашык соус куясыз.

Андан соң картошканын жарымын, дагы бир кашык соус.

Козу карынды майда кылып туурап, картошканын үстүнө аны саласыз да, дагы соус куясыз.

Кызылча+соус

Картошканын калганы+соус

Эң үстүңкү катмарга сабиздин калганын салып, акыркы кашык соусту куясыз.

Кызылчадан, капустанын жалбырагынан гүл жасап, көк чөптөр менен салатты кооздойсуз.

Атайын алкактын жардамы менен торттун чекелерин кооздоп койсоңуз болот.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА