Кичи толкундуу меш тамак жылытуу үчүн эле эмес…

Кичи толкундуу меш заманбап жашоодо үй кожойкесинин чоң жардамчысына айланды. Көрсө, бул буюмдун жардамы менен тамакты эле жылытып тим болбой, дагы көп нерсе кылууга болот экен. Мисалы:

1. Эгерде кирпик боёгон тушуңуз катып калса, ыргытканга шашылбаңыз. Аны кичи толкундуу мештин жардамы менен калыбына келтирүүгө болот. Тушту ачып кичи толкундуу мешке салыңыз да, жанына бир стакан суу коюп мешти 10 секунд иштетиңиз. Тушуңуз жаңыдай болуп калат.


2. Банканы стерилизациялоого болот. Ал үчүн алгач банканы сода менен жууп, ичине 30 мл суу куясыз да, кичи толкундуу мешке салып 2-3 мүнөт иштетесиз. Же болбосо банканы кургак эле салып, жанына бир стакан суу коюп койсоңуз болот.


3. Фаршталган капуста жасоодо капустаны кайнатып отургуңуз келбесе, кичи толкундуу мешти пайдаланыңыз. Ал үчүн капустаны бүтүн бойдон салып, мешти 10-15 мүнөткө иштетиңиз. Бул убакыт аралыгында капуста жумшарып, жалбырактары фарш орогонго даяр болуп калат.


4. Лимонду же апельсинди ортосунан тең бөлүп, кичи толкундуу мешке коюп 10-20 секунд иштетиңиз. Мындан кийин сиз алардан көп шире сыгып ала аласыз.

5. Аарчылган пиязды мешке салып 1-2 мүнөт айлантып, андан кийин туурасаңыз пияз көзүңүздү ачыштырбайт.


6. Сарымсакты кичи толкундуу мешке 2 мүнөт ысытып алып, андан кийин аарчысаңыз, бул алда канча аз убактыңызды алат.

7. Эскирип бараткан нанды кагазга ороп, кичи толкундуу мешке салып бир мүнөт ысытсаңыз, нан кайрадан жаңы калыбына келип калат.

8. Жаңгак менен бадамды алгач кайнак сууга бир салып алып, андан кийин кичи толкундуу мешке салып 2-3 мүнөт айлантсаңыз, бул сөөктүү жемиштер оңой чагылат.

9. Ашкана тактасын тез-тез тазалап турбаса, ал жагымсыз жыттанып кетет. Тактаны алгач жууп, анан лимон ширесинен сүртүп туруп кичи толкундуу мешке салып 1-2 мүнөт айлантуу – ашкана тактасын таза сактоонун эң оңой жана ишенимдүү жолу.


10. Коюуланып, шекери чыгып калган балды кичи толкундуу мештин жардамы менен 1-2 мүнөттө калыбына келтирүүгө болот.


Айназик РАИМКУЛОВА