Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Болотбек

Туулган жылы: 1959-жыл 10-январь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: кесиби менен мектепте иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Токтогул району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, турмушка терең караган, токтоо, тиричиликке тың

Материалдык байлыгы: үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0777 36 67 15

– Аялым менен 20 жылдай бактылуу жашадым. Беш кыздын атасымын. Тилекке каршы, кыздарым чоңоюп калган кезде, 2005-жылы аялым оорудан улам каза болуп калды. Андан ажырагандан кийин кайрадан турмуш куруу тууралуу ойлонгон жокмун. Туугандарымдын “аял ал” дегенине каршы болуп, кыздарымды эч кимге кор кылбай, ыйлатпай чоңойтууну максат кылдым. Ойлогонумдай, кыздарым бой жетип, туурларына конушту. Кенже кызымды былтыр узаттым. Эми бир үйдө жалгыз жашап жатам. Ырас, кыздарым деле каралашып, келип-кетип турушат, бирок бир тууган иним менин жашоомдон абдан тынчсызданат. Анын айтканы менен макул болуп бул кызматтан бир пайдаланып көрөйүн дедим. Мага кайсы жерден болсо дагы 45 жаштан менин курагыма чейинки айымдар байланышышса болот. Бир кызы болсо мейли, төрөбөгөн аял болсо андан да жакшы болот. Башка деле талабым жок, карыганда жаныма караан болуп, кыздарыма жылуу мамиле кылып койсо болгону.

 

Данияр

Туулган жылы: 1973-жыл 11-ноябрь

Кесиби: автоунаа устасы

Иштеген жери: кесиби менен СТОдо иштейт

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Адептүү, намаз окуган, ыймандуу, туруктуу, жылдыздуу 

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0709 78 78 69; 0772 91 69 07 

– Аялым менен 7-8 жылдай жашадым. Тилекке каршы, бул аралыкта балалуу боло албадым. Менин ден соолугумда баары жайында. Ошондуктан аялым менен тынч ажырашып кеттим. Эки жылдан бери бойдокмун. Эми убакыт өткөрбөй турмуш баштап, балалуу болууну максат кылам. Мага, албетте, ден соолугу чың, бала төрөп бере ала турган аялзаты керек. Ушул талабыма жооп берген Ош тараптын 25 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндери чалыңыздар. Буга чейинки турмушунан бир-эки кызы болсо багып алууга каршы эмесмин. Эгер оюмдагыдай аялзатын кезиктирсем, турмуш баштоого даярмын.

 

Үмүт

Туулган жылы: 1991-жыл 30-май

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Кадамжай району 

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, намаз окуган, боорукер, туруктуу, тың

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0772 60 17 12

– Менин апам бар, атам жок. Беш бир туугандын кенжесимин. Айылда апам менен турам. Менде бир өксүк бар: 4-5 жылдан бери майыптыкта күн кечирип келем. Тиричиликтин убарасы менен жүрүп кырсык болуп бутумду ташка бастырып алгам. Оор жаракаттан улам доктурлар сол бутумду санымдан кесип ташташкан. Андай болсо да турмушка жакшы көз караш менен карап, үй-бүлөлүк жашоо баштагым келет. Мага мүмкүн болсо биз тараптан, башкысы ыймандуу, боорукер, түшүнүктүү 1992-жылдан 1999-жылга чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Турмушка чыккан болсо да баласы болбосо жакшы болот. Абалымды туура түшүнүп кабыл ала турган гана айымдар байланышыңыздар.

 

Акыл

Туулган жылы: 1985-жыл 5-март

Кесиби: экономист 

Иштеген жери: кесиби менен мамлекеттик кызматта иштейт

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, ишеничтүү, акылдуу, чынчыл, билимдүү, ыймандуу, сылык

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0772 79 09 37

– Мен буга чейин турмуш кура элек жигитмин. Ата-эне, бир туугандарым бар. Мен үй-бүлөнүн кенже уулумун. Борбордо туруктуу жашап келебиз. 23 жаштан 28 жашка чейинки оштук кыздар менен турмуш куруу максатында таанышам. Турмушка чыккандар чалып убара болушпасын. Билими болсо келинчегимдин иштешине каршы эмесмин. Бирок эң алды үй-бүлөгө карамдуу болуп, чыныгы аялзатына тиешелүү сапаттарга ээ болушу керек.

 

Аскат

Туулган жылы: 1992-жыл

Кесиби: жок 

Иштеген жери: дүкөндө иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Мээримдүү, түшүнүктүү, чынчыл, туруктуу, ыймандуу, тыкан

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0770 17 10 55

– Мен жашоого терең карап, ойлонуу менен мамиле кылган жигитмин. Мага татыктуу жар боло ала турган кыз издейм. Кыргызстандын төрт бурчунан өзүнө, ыйманына ишенген кыздар чалыңыздар. Ал эми турмушу бузулган, жеңил ойлуулар убара болбогула. Адамдын кандай экени сүйлөшүүдө билинет эмеспи, сүйлөшөлү, балким, жылдызыбыз келишип калар. Чалыңыздар.