Тилек

(Башталышы өткөн санда)

Ширин экөөбүз төрөткананын далисинде операцияны 1,5 сааттан ашык күттүк. Сампарлап жааган кар качан токтогонун билбейм, сыртка чыксам, булуттар туш-тушка тарап, күүгүм алдында асман кайра түнөрөрү да, ачылары да белгисиз эле...

Чылым чегип кайра кирдим. Далистеги Ширин экөөбүздүн жаныбызга башкы гинеколог качан келип калганын байкабапмын.

– Кайрат кылгыла, – деди. Алдыбызда күнөөлүү немедей башын ылдый салганын көргөндө эле жүрөгүм шуу деген.

Айжүз экөөбүздүн ортодогу мамиле жөнүндө Жаркынга болгонун болгондой угуздум. Ага муну айтпаска аргам жок эле. Врачтар бардык аракетин жумшап баланы гана аман алып калышты. Балага эне сүтү керек экенин менден мурда Жаркын түшүндү. Айжүздү кара жерге жашырган күндүн эртеси эле ал уул төрөгөн. Ошол уулумдун аты Жаншерик. Үйдөгү эки бешикти алмак-салмак терметкен - Жаркын. Ал күнү да, түнү да эки бешиктин ортосунда отуруп көз ирмейт. Бир эмчегин Жаншерик, бирин Тилек сорот. Экөө бирдей ыйлаган учурда Жаншериктен мурда Тилекти колуна көтөрөт. Ал көбүрөөк ыйлайт. Дайыма Тилек ыйлап баштаганда жанымды коёрго жер таппайм. Мага анын үнү заар угулат.

Эмнеге экенин билбейм, эки күндүн биринде Айжүздүн кабырын көргөнгө келчү болуп алдым. Мүрзөнүн топурагын уучума мыкчып, аны менен сүйлөшөм. Аза күткөн күнү көөдөнүмдө өзүнөн-өзү жаралган ырды күңгүрөнүп окуйм.

Мейли, Теңир жерди көктөн айрысын,

Мени сенден неге бөлдү?.. Кайгы ушул.

Көнсөм дагы бир адатка баш оомо,

Көнөм кантип, көрбөй сени жашоого!

Күндө көрүп асмандагы ай, күндү

Унутамын кантип ушул кайгымды.

Жашоодогу зарлап жүрүп тилеген,

Жаның кантип Жаншериктен айрылды!

 

Калыбында калды баары өзгөрбөй,

Карааныңды жер үстүнөн көз көрбөй.

Зарлап жүрүп бул дүйнөдө артыңан,

Мен айланам жалгыз жанга дартысар.

Күндө көрүп асмандагы ай, күндү

Унутамын кантип ушул кайгымды.

Жароокерим, жашоо сүйгөн жан элең,

Жашоо менен жаның кантип айрылды!

Бир күнү Айжүз экөөбүз бир басып, бир турган көчөлөрдү, шаар ичин кыдыргым келди. Айжүздүн тирүү элесин жолуктурчудай эң биринчи бизди алгачкы жолу тааныштырган гүлзарга бардым. Теребелдин баары суз көрүндү. Тарбайган теректерде секирип жүргөн тыйын чычкандарды тиктеп отуруп сары мышык эсиме келди. Аны унутуп койгонум үчүн арбак алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. Кароосуз калган сары мышыктын эмне болгонуна санааркап атайын бардым.

Подъездге кирип бир кезде Айжүз экөөбүздүн бутубуз баскан тепкичке кадам таштарым менен артыман «мыя-уу» деген үн угулду. Кылчайсам, мени таанып, артыман чуркап келген сары мышык буттарыма сөйкөнүп эркелей баштады. Тилин жаланып, колумду карайт. Баягы жонундагы жылтыраган жүнү клей төгүлгөндөй батташып бечара жүдөй түшүптүр. Упузун денеси жалаң тарамыштан бүткөндөй, кабыргасы кабырылып, булчуң эттери чыйратылган аркандай болуп көзүмө жаман көрүндү. Жонунан сыламакка эңкеерим менен мурдума жагымсыз жыты урду. Айжүз бардагыдай жууп, тарап, тамактандырган жан болбосо керек. Адам менен адамдын ортосундагы жоготууну кой, адам менен айбандын ортосундагы жоготуу да оңой эмес окшойт. Өмүрүмдө журтта калып улуган итти көргөмүн. Мышыкты көргөн эмесмин. Ээсиз калган мышык аянычтуу болот экен. Тозуп кетиптир. Көздөрү аяныч туудурган мышыкты ошондо көрдүм. Алаканыма койгон бир кездеги кебездей жумшак таманы курушкан кийиздей сезилди. Ичим ошондо сыйрылып, өксүп ыйлап ийдим. 

(Аягы)

Олжобай Шакир