Салкын: “Атамдан кутулуу үчүн башка улуттан күйөө издейм”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Салкындын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Башында баары жакшы болчу, ата-энем бизди жакшы жашоодо чоңойтушту. Эки эжем турмушка чыгып куда-сөөк күтүштү. Ал кезде мен 5-класста окусам, иним мектеп босогосун жаңы аттаган. Үйүбүздөн киши үзүлбөй дайыма шатыра-шатман болуп турчу. Мен чоңойгон сайын атамдын ичкени көбөйө баштады. Анан апам экөө урушат, иним экөөбүз ыйлайбыз... Жакшысы чатак башталган кезде ортого түшкөн мени атам укчу. Аларды кантип ажыратыш керек, атамды кантип эртерээк уктатыш керек, сырын билип калгам. Балалыгым ушинтип тез эле өтүп кетти. 11-класс кезим эле. Мектептен келсем апам: “Өлүгүңдү көрөйүн, алкаш”, - деп наалып отуруптур. Анын “алкаш” деген кебине катуу ардандым. Атам мен үчүн алкаш эмес, эл катары ичет, эл катары биздин үйдө да уруш-талаш болуп турат деп түшүнчүмүн. Көрсө, атама болгон балалык мээримим менен гана анын аракка берилип баратканын кабыл алгым келбечү тура. Ошентип, мектепти аяктап шаарга окуп кеттим. Кетеримде атама: “Ичкиликти таштаңыз. Ден соолугуңузга караңыз”, - деп жакшы эле жалындым. Башын ийкеп угуп, чекемден өөп узатты. Ал менин тилимди алып ичкилигин таштайт деп ойлогом...

Шаарга келгени күн сайын кечинде апам менен сүйлөшүүнү адат кылгам. Бир күнү апам телефонду такыр албай койду. Эртеси да албады. Анын эртеси гана апамдын ордуна телефонду эжем көтөрүп ыйлап жиберди. Көрсө, атам мас болуп келип апамды эсин жоготкончо сабап салыптыр. Иним коңшу айылда жашаган эжемди чакыртып, апамды ооруканага алып барып, эми эсине келгенин айтты. Токтолбой айылга жөнөдүм. Атам күнөөлүү болуп бизден, күйөө балдарынан кечирим сурады. Биз ага дагы бир жолу ишендик. Апам жакшы болуп чыккандан кийин гана шаарга келип окуума кириштим.

Тилекке каршы, атам убадасына бек боло албады. Мен кеткенче зымырайып жүрүп, кетерим менен эле кайра жинди суусуна түшүп кетиптир. Байкуш апам мени сарсанаа болбосун, окуусун жакшы окусун деп анын бирин айтпай “баары жакшы” дей бериптир. Баары жакшы эмес эле, атамдын ичкилигинин айынан баары жаман болгонун эжем баласын алып шаарга келгенде уктум. Эжем келгенде да бүлөсү менен ажырашып келиптир. Себеби атам мас болгон жеринде анын барган жери жарды экенин, өзү менен теңата катыша албайт экенин айтып, кудасын сөккөн экен. Ал кептин баары кудаларыбызга жетип, жездем менен эжем чатакташып, анан ушул иш болуптур. Эки тараптан тең канчалаган адамдар алардын жарашышын каалашканы менен эжем: “Атам аларды “жарды” деп кемсинткени алар мени “алкаштын кызы” деп атап калышкан. Андай сөз угуп жашаганча жанымдын тынчы жакшы”, - деп барбай койду. Тагдыры бузулган эжем, кичинекей жээним үчүн баарыбыз ыйладык, өкүндүк, бир гана атам кебелбеди. Арактан бошободу. Ошондо гана атамдын алкаш болуп кеткенин мойнума алдым.

Атамдын кылыгы ушуну менен бүтсө жакшы эле го, күчөй берди. Улуу эжем башка облуска турмушка чыкканга үйгө айда-жылда бир келчү. Ал жайда да балдарын алып төркүлөп барган. Жайкы эс алуу аяктаганча деп мен да бардым. Ал эми ортоңку эжем атама таарынып барбай койду. Бир кездегидей бапырашып жакшы күндөрдү өткөрүп эс алабыз деп ойлогом. Бирок атам биздин бар-жогубузга кайыл болуп таңда кетип, кечте мас болуп келгенден башканы билбеди. Жездемден уялганымды айтпагыла. Барганыбызга беш күндөй болгондо эжем экөөбүз кеңешип атамды таң эрте соо кезинде кармап акыл айтмак болдук. Тим эле атайын программа түзүп чай даярдап, башка эч кимди киргизбей атамды чайга чакырдык. Кепти алыстан баштаганыбызда эле эмне айтарыбызды билди окшойт, “мен ичсем да силерди багып атам. Ичсем өз акчама ичип атам, менин арагыма силердин акча кетип атабы?” - деп коргонуп баштады. Менин чындап күлкүм келгени да, ызамды келтиргени да атамдын “менин арагым” дей бергени болду. Бир маалда катуу айтышып кеттим. Мен: “Арагыңды же бизди танда”, - деп кыйкырдым ыйлап жатып. Ызы-чуудан улам сырттан апам, жездем, иним кирип келишти. Дал ушул маалда атам кайнап турган чайнекти мени карай ыргытты, бирок кандай болуп кетти, билбейм, ысык чайнек эжеме тийип кайнак суу санына жабыла куюлду. Ызы-чуу түшүп жатып калдык. Биз эжем менен алышып жатканда атам жай туруп чыгып кетти. Жездем кабагын карыш салып: “Бая күнү эле “кете берели” десе болбойсуң, ушуну күтүп аткансың го”, - деди эжемди жекире. Уятыбыздан өлбөгөн төрт шыйрагыбыз калды. Атам болсо кечинде бутунан тура албай келип жатты.

Бизден уялдыбы же бизди көргүсү келбей арагына ашыгып кетип аттыбы, айтор, таң азандан туруп кетип, түндө келип, бир үйдө жашап туруп атабызды үч күн катары менен көрө албай койдук. Аргасыздан жездем менен сүйлөшүп эжемди айыкканча деп шаарга алып кеттим. Атамдын азабын көтөрүп калып жаткан апам менен инимди ойлогондо жүрөгүм сыгылат. Ушул окуядан кийин бул эжем да төркүлөп барганын токтотту. Өзү баргысы келбей калдыбы же жездем жибербейби, билбейм. Мен болсо апамдан санаам тынбай айылга ат тезегин кургатпай каттап калдым. Барып акыбалдарын көрүп эле кайтам деп чыгам да, айылга келгени апамдын түйшүгүн жеңилдетейин деп бир кармалсам, атам менен сүйлөшүп көрүүнүн жолун издеп андан көп кармалам. Ошентип, бир жума, он күндөп сабактан кала берип акыры окуудан чыгып калдым. Апама бул да бир кайгы болсо, атам ал үчүн ойлонуп да койгон жок. Ага арактан башка маанилүү эч нерсе жок. Бир кездеги чымыр денеси бошоп, ак жуумал жүзү аракка күйүп карарып бүттү. Чынын айтсам, “атам” деп айтуудан уялып, намыстанып калдым. Окуудан чыгып, жарыбаган иште иштеп жүргөнүмө эки жылдай болду. Мен аларга деп азык-түлүк ташыганы атам муну менин милдетимдей көрүп калды. Үй-бүлөсү үчүн чөнтөгүнөн бир тыйын чыгарбай баарын аракка жумшайт. Менин максатым эптеп ушул турмуштан апам менен инимди алып кетүү болуп калды. Атама биз баары бир болгон соң мен үчүн ал да баары бир.

Акыркы жарым жыл ичинде башымда бир гана ой айланат, бирок анын туура же туура эместиги өзүмө да белгисиз. Эжелеримдин тагдырынан улам биздин айыл, биздин облусту кой, биздин улуттагы балага да турмушка чыккым келбейт. Кыргыздай кеп-сөзгө берилбеген, ата-тегин иликтеп артык-кем деп эсептешпеген башка эле улуттун баласына турмушка чыгып кетүүнү ойлоном. Ал мырза, балким, араб, балким, түрк улутунда болушу мүмкүн. Мейли, кимиси болсо да мени, бир туугандарым менен апамды аракечке кор болгон жашоодон алыстатып кетсе дейм.