Бааркан КАЛДЫБАЕВА: "Казакстанда кул болуп жүргөн уулум аман келсе экен"

64 жаштагы эне Бааркан Калдыбаева 10 жылдан бери дайынсыз уулун күтүп күнү-түнү жол карап жашайт. "Уулум аман-эсен кирип келсе, ооруларымдын баарын унутуп, жашармакмын", - дейт көзүнө жаш алган эне. Ал Казакстанга "иштеп келем" деп кеткен бойдон дайыны чыкпаган уулун табууга көмөктөшөр жан издейт.

 

“Жаш күнүмдө томолой жетим калдым”

– Мен 1953-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагында төрөлгөм. Атам Калдыбай мен үч жашка чыкканда отуз бир жашында каза болуптур. Апам Айниса кийин Алайкуунун тургуну Чекен дегенге турмушка чыгат. Бирок ташбоор тагдыр мени жети жашымда апамдан да ажыратты. Ошентип, ата-эне мээриминен куру жалак калып, өгөй атанын колунда эки жыл тарбияландым. Өгөй атам 9 жаштагы мени 1962-жылы Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы Ломоносов атындагы жатак мектепке тапшырып, өзү 15 жаштагы Мария аттуу кызга үйлөнгөн. Таене-таятамдан калган турак жайды сатып, жаш кызга үйлөнгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартабыз деп укук коргоо органдары издеп баштаганда Өзбекстандын Анжиян облусуна качып кетет. Ал жакта малчы болуп жүрүп аялы жыйырма эки жашка толгондо Кыргызстанга кайра кайтып келип Ноокен районунун Калинин колхозунда жашап калыптыр.

 

«Отузга чыкканда жесир атандым»

– 18 жашка чыкканча жатак мектепте окуп балалыгым интернатта өттү. Бир туугандарым да жок эле. Менден он жаш улуу агам болчу экен. Бирок ал мен төрөлгөнгө чейин эле каза болуп калыптыр. Тагдырдын буйругу менен 1972-жылы Кочкор-Ата шаарынан Ош шаарына келип иштеп калдым. Ошол кезде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын жашоочусу Адылбек Төлөнов аттуу жигит менен таанышып, жылдызыбыз келишип баш коштук. 1976-жылы Мурат, 1981-жылы Жеңиш деген уулдуу болдук. Кичүү уулум эки жашка чыкканда тагдыр мага дагы бир күтүүсүз сокку берди. Жолдошум Адылбек оорудан улам каза болуп отуз жашымда жесир калдым. Арманымды көтөрө албай же өлгөндүн артынан өлө албай эки уулумду боорума калкалап жашап жаттым. Ансыз да мени "жетим" деп кемсинткен кайын журтум жолдошумдун көзү өткөн соң такыр эле батырбай коюшту. Кайгым артып, дүйнөм тарып турган кезде алар күйөөмдөн калган үйдү мага билдирбестен кайнежемдин атына каттатып коюшуптур. Ошентип, 1985-жылы эки уулум менен көчөдө калдым. Ошол кезден бери батирден-батирге көчүп, ар кимдин үйүндө күн кечирип келебиз. Жогорку билимди кой, туруктуу жумушу же кыйын күндө көңүл айтар жакын адамдары жок мен үчүн эки эркек баланы чоңойтуп, бутуна тургузуу оңойго турган жок. Ар кайсы жумушта арзыбаган акчага иштеп нан таап жүрүп эптеп эки баламды эрезеге жеткирдим. Улуу уулум Муратты үйлөндүрүп, эки неберелүү болдум. Бирок "багы жокко дагы жок" болуп турмуш шартыбыздын оордугунан улам уулум оорукчан жанга айланган. Келиним эки баласын өзүнүн ата-энесине таштап, бир тууган иниси менен бирге Орусияга кетип калган. Азыр оорукчан уулум экөөбүз Ош шаарынын четиндеги Дача аймагындагы Эдельвейс айылында батирде жашап жатабыз.

 

«Экинчи уулум дайынсыз жоголуп кетти»

– Кичүү уулум Жеңиш айылдык мектепти аяктаган боюнча билим алган жок. Бирок чечкиндүү, аракети күч бала эле. Спорт менен машыкчу. Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде иштеп жүрүп 2007-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак айылынын жашоочусу Карамат Тейитова аттуу аялдын Лола, Жылдыз аттуу кыздарынын азгырыгы менен Казакстанга «иштеп келем» деп кеткен. Ошол боюнча сегиз жыл бою биз менен бир да жолу байланышкан жок. Ушул Лола, Жылдыз аттуу кыздардан шегим бар. Алар уулумду азгырып алып барып казак жарандарына кул кылып сатып жиберген болуш керек деп ойлойм. Болбосо акыл-эси соо уулум дайын-дарегин билдирбей кетмек эмес. Бул эки кыз уулум Казакстанга баргандан бир жыл өткөн соң турмушка чыгышып, төрөп, кайра Кыргызстанга келишкен. Уулум тууралуу сурасам, "эч нерсе билбейбиз" деген гана жоопту узатышат. 2016-жылы күз айларында Жеңиш агасына телефон чалып: "Апам экөөң Астана шаарына келгиле, ошол жактан жолугабыз", - деп шашылып телефонду өчүрүп коюптур. Кийин ал номерге чалсак, «номер иштебейт» деп калды. Демек, уулум ошондо гана кандайдыр бир мүмкүнчүлүк таап бизге байланышкан. Эгерде кулчулукка сатылып кеткен эмес болсо, анда дайын-дарегин кененирээк түшүндүрмөк.

 

«Акчанын айынан баламды издей албай жүрөм»

– Каражаттын жоктугунан Астана шаарына барып уулумду издегенге да чама-чаркым келген жок. Акчадан мүмкүнчүлүгүм болгондо эле өзүм Астанага барып издемекмин. Жардам сурап Казакстандын Оштогу консулдугуна кайрылдым. Консулдуктун Бишкектеги кеңсесинин Медер аттуу кызматкери телефон чалып байланышып: "Уулуңуз тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок", - деди. Ал эми жергиликтүү милицияга кайрылсам, "уулуңузду кайдан тапмак элек" дешет. Алардын жообунан түңүлсөм да уулумдун тирүү экенинен үмүтүм чоң. Бир күн жадырап-жайнап кирип келип, карыганда мага чоң дем-күч болот деген үмүт менен жол карап жашап келем. Тиешелүү кызмат жетекчилери менин зарымды окушар бекен, уулумду кулчулуктан куткарып, мекенине келүүсүнө көмөктөшкөн жарандарга эки дүйнө ыраазы элем. Кочкор-Атадагы Ломоносов атындагы жатак мектепте бирге окуган классташ курбум Токтокан Макаева көп жылдан кийин мени таап абалымды көрүп кетти. Ал орустардын "Жди меня", "Пусть говорят" программаларына менин башыма түшкөн көйгөй тууралуу кат жазып кайрылыптыр. Учурда эч кандай жооп ала элекпиз.

 

«Ден соолугум эле жакшы болсочу»

– Мен төрт-беш жаш кезимде өгөй атам апам менен уруша кетип мени ыргытып жиберген экен. Ошондо бөйрөгүм жабыркап калыптыр. Анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келем. Тагдырдын тамашасы түгөнбөй өткөн жылы көкүрөк рагы илдетине чалдыктым. Уулума сарсанаа болуп жүрүп жүрөгүм ооруп, кан басымым бир калыпта эмес. Жөлөк пул алуу үчүн Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына бардык тиешелүү маалымдамаларды тапшырдым. Бир ирет үч миң сом беришти. Ошол боюнча дайын жок. Же анын артынан чуркап документ иштерине жардам берген жакыным жок. Алтымыш эки жашымда пенсияга чыктым. Эки жылдан бери эки миң сомдон пенсия алам. Ал дары-дармегимден ашмак турсун, жетпейт. Айтор, өлбөстүн күнүн көрүп тамак-ашка, нанга акча табуу үчүн Оштогу базарлардын бирине тараза коюп отурам. Бир күндө эптеп тапкан элүү сомго нан, чай алып үйгө кайтам. Бул азаптарга арачы болчу колунда бар кайрымдуу жарандардан жардам күтөм.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА