DOLONSTYLE мода үйүнүн негиздөөчүлөрү Мунара РАСУЛОВА жана Анара ТОКТОСУНОВА: «Биздин чапандар сапаттуулугу менен элди өзүнө тартат»

Кыргыздын улуттук кийимдерин жалпы журтка жеткирип жаткан эже-сиңдилер Мунара менен Анара дайыма чыгармачыл изденүү жана талыкпас эмгектин үстүндө иш алып барып келишет. Алардын эмгектери менен таанышып, жазга карата гардеробуңузду жаңылаңыз.

– DOLONSTYLE кыргыздын нукура кийимдерин кеңири жайылтууда. Учурда кайсы кийимдерге, кандай өзгөчөлүктөргө басым жасап жатасыздар?

Мунара: - Дегеле биз кыргыздын этно кийимдерин нукура таза кездемелер менен тигүүгө басым жасайбыз. Учурда бизде тигилип жаткан кийимдердин басымдуу бөлүгү - айымдардын, мырзалардын жана балдардын шырылган чапандары, чыптама, белдемчилери. Ошондой эле мырзалар үчүн кыргыз көйнөктөрү жана таза кийизден жасалган калпактар.

– Дегеле бул тармакта иш алып барууну кандайча ойлонуп калдыңыздар?

Анара: - Биз кол өнөрчү уз, устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөнбүз. Апабыз бизди кыргыздын баалуулуктарын жасаганды үйрөтүп чоңойткон. Бала кезибизден эле өзүбүзгө өзүбүз кийим тигип кийчүбүз. Бирок кийин башка кесиптин ээлери болуп калдык. Кесибибиз менен иштеп жатканда да каныбызда бар нерсени калтыра албай өркүндөтүүгө аракет кылчубуз. Мындан төрт жыл мурун эжем Ат-Башыда, мен бул жакта элден чакан буйрутмаларды алып кийимдерди тигип баштаганбыз. Буйрутмаларыбыз көбөйүп ишибиз жакшы жүрүшө баштаганда эжем бул жакка көчүп келип экөөбүз бирдей ишкерликтин жолуна түштүк. Биздин алгачкы коллекциябыз төрт жыл мурун мусулман кыздарга тигилген хиджабдар жана кыргыз колоритиндеги баш кийимдер - жоолук, кептакыялар болгон.

– Сиздердин чапандарды карапайым калктан да белгилүү инсандар көп кийишет. Бул алардын суроо-талабыбы же сиздердин атайын программабы?

Мунара: - Ооба, көпчүлүк “силерден маданият чөйрөсүндөгү адамдар жана элдин жогорку катмары кийинет” дешет. Чынында бул атайын деле программа эмес. Болгону чыгармачыл жана кызматкер адамдар башкалардан айырмаланып жашоодон кайталанбаган өзгөчөлүктү, сапаттуулукту издешет. Анара экөөбүз алардын суроо-талабын ашыгы менен аткарууга аракет кылабыз. Кардарлардын нааразы болуп кеткени боло элек. Баалары да баарынын чөнтөгүнө туура келет.

– Учурда чапан тиккендер деги эле көп, сиздердин чапандар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Анара: - Ооба, базарда сапаты начар чапандар жайнап кетти. Ошону деле алып кийип жаткандар бар. Биздин чапандар, кийимдер, биринчиден, сапаттуулугу жана кездемесинин накталыгы менен элди өзүнө тартат. Кездемелерибиз Индиядан, Өзбекстандан, Түркиядан келет. Ар бир дизайнердин кийимдеринде аты жазылбаса да кимге таандык экени бир көргөндө эле билинип турган өзгөчөлүк болот. Ошол сыңары, биздин чапандарды эл жасалгасынан эле дароо билишет.

– Кайсы жактан сатып ала алышат жана баалары кандай?

Мунара: - Биздин дарек: Чүй 120. Панфилов көчөсү менен кесилишет. Байланыш телефондорубуз: 0703 52 62 25, 0556 09 19 88. Баалары анча кымбат эмес. Чапандар кыскасынан баштап каалаган узундукта 3000-15 000, чыптамалар 2000-4000 сомго чейин. Айымдардын көйнөктөрү 1500дөн, мырзалардын көйнөктөрү 800дөн жогору. Калпактар 1200-1800гө чейин.

– DOLON STYLEдын алдыдагы пландары?

Анара: - Учурда “Жаратылыш” деген аталыштагы өтө чоң эмгекти талап кылган коллекциябыз долбоорлонууда жана 2017-жыл ичинде өтө турчу иш-чаралар да пландалууда. Анан да биздин кийимдерге кызыгып, бирок ала албай жүргөн кардарларыбызга жакшы жаңылык: 1-2-март күндөрү 50 пайызга чейинки жазгы арзандатуулар болот.

 

 

 

 

Гүлайым Калыбекова