Клиптердеги таанымал жүздөр

Азыр ырчылардан да жаңы клиптер өтө көп. Айрым ырчылар «клибимде жаңы жүздөр болушу керек» дешсе, кээ бирлери башка клипте жакшы ойногон адамды эле тарта беришет. Деги эле акыркы учурдагы клиптерде байма-бай чыгып жаткан таанымал жүздөр клипке тартылууга кандай негизде барышат болду экен?..

 

Нуриза Бурханова: «Телевизор койсом эле мен чыгып калдым…»

Тартылган клиптери: Алмаз Шаадаев «Фаридам», Эмилия «Ооруп турат жүрөгүм», Нурхан «Мен эми сүйбөс болдум», “Кыз-Бурак” тобу «Энекебай», Темир Дамирбеков «Эңсегеним - сен» ж. б.

– Мени актриса катары клиптерге чакыргандар көп эле. Алгач клиптин сценарийине, ырына карап, эгер жакса баамды айтам. Клипке тартылып күнүнө 3 миң сомдон 100 долларга чейин талап кылам. Ушул суммага макул болсо гана тартылууга барам. Ырчылардын деңгээлине көңүл бурбайм. Эми клипке тартылууну токтото турайын деп атам. Болбосо телевизор койсом эле мен чыгып калдым. Клиптерде мен эле боло берсем, эл тажайт да. Аябай жакшы клип болсо эле тартылып калышым мүмкүн. Өзүмө Эмилиянын «Ооруп турат жүрөгүм» деген клибиндеги образым жагат.

 

 

Нурлан Акматбеков: «Өзүмдү клиптен көрөм деп такыр ойлогон эмесмин»

Тартылган клиптери: “Кыз-Бурак” тобу «Сизге», Данияр Эрматов «Кечир мени», «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», Жоодарбешим «Сенсиз мага», Нияз Абдразаков «Таене», Айпери Кубик кызы «Кусалык» ж. б.

– Мен өзүмдү клиптен көрөм деп такыр ойлогон эмесмин. Мага шоу-бизнес, популярдуулук жакпайт, болгону актёрдук чеберчиликке кызыгуум күч. Москвадан актёрдук чеберчилик боюнча үч айлык курста окугам. Театрда иштегенге убактым жок болгондуктан клиптерге тартылып өнөрүмдү көрсөтүп келем. Бир клиптен башталган сунуштарга макул болуп атып бир нече клипке тартылып койдум. Ар кайсы клипке бир эле адам түшө берсе, эл «баягы эле» деп тажап калат эмеспи. Андыктан акыркы кезде клипке тартылууга чакыруулардан болушунча баш тартып атам. Мен эмгегим үчүн 1000 сомдон 200 долларга чейин алгам. Клипке тартылганда ырчыга эмес, ырдын маанисине жана клиптин сценарийине карайм. «Көпөлөк» деген тасмада башкы ролду ойногонумдан бери тасмаларга сунуштар түшүп жатат. Буюрса, жаккан сценарий болсо тасмага тартылып калышым мүмкүн.

 

 

Калипа Усенова: «Аз тартылып, бирок көп клипке тартылгандай көрүнүп атам»

Тартылган клиптери: Сыймык Бейшекеев «Сага», “Кыз-Бурак” тобу «Энекебай», Данияр Эрматов «Кечир мени», Жумагүл Райымжан кызы «Оорусаңыз таарынам», Арсен «Энекебай», “Чоро” тобу «Сүйүү балы».

– Клипке тартылууга режиссёрлордун чакыруусу менен гана барам. Айрымдары ролду мага ылайыктап чыгарышса, кээси «кастингге келип кетиңизчи?» деп чакырышат. Барганга чейинки биринчи талабым - сценарийи менен алдын ала таанышуу. Көбүнчө ата-эне, үй-бүлө тууралуу, таалим-тарбиялык мааниси бар сценарийлерге басым жасайм. Эгерде сулуу көздөрдү эле тарта турган клип болсо дароо баш тартам. Мага бир образ болушу керек, клипти көргөн адам бир сабак ала тургандай болушун каалайм. Клиптеги гонорарым күнүнө 2 миң сомдон 4 миң сомго чейин. Кыйыныраак ролдор болсо кымбат, жеңилдери арзан дегендей. Жараткан ырыскысын ушул жактан берип жаткандыктан кесир кылбайын деп тартылып атам. Мени профессионал актриса катары өзүнүн чыгармачылыгын баалаган гана ырчылар чакырышат. Анан да ал ырчылар элдин сүймөнчүктүү ырчылары болгондуктан клиптери кайра-кайра берилет. Натыйжада мен аз тартылсам да көп клипке тартылгандай көрүнүп атам. Болбосо клипке көп деле тартылбайм. Жумагүл Райымжан кызынын «Оорусаңыз таарынам» деген ырына атам ооруп жаткан маалда атам үчүн тартылгам. Атама: «Ата, көрдүңүзбү? Ошол клип сизге арналат», - десем, «ай, муну энең ырдаш керек экен», - деп күлдүрдү эле. Тилекке каршы, атам ал клипти көргөндөн көп өтпөй эле кете берди.

 

Нурсултан Кудаяров: «Сценарийде өлтүрүү же ачык кадрлар болсо баш тартам»

Тартылган клиптери: Гүлжигит Сатыбеков «Сагынам», Нурлан Насип «Туулган күн», Сайкал, Нурлан Насип «Бакыт издедик», Данияр Эрматов «Кечир мени», Ержан Ерман «Сагым Арман», Назира Токонова «Сага».

– Режиссёр Эрнист Сыдыков менен таанышып калганымдан кийин ал мени клипке тартылууга чакырып калды. Алгач Гүлжигит Сатыбековдун «Сагынам» деген ырынын клибине тартылгам. Режиссёр биринчи кадрларда эле “жакшы болду” деп кубанган, актёрдук билимим жок болсо да өздөштүрүп кеттим. Аталган клип менин багымды ачты десем болот. Ошондон кийин Эрнист 2-3 клипке тартып, башка ырчы, режиссёрлор чакыра башташты. Мени дайыма терс каармандын ролуна чакырышат. Анткени келбетим терс каарманга ылайыктуу, андай образдар өзүмө да жарашып калат. Эч кандай кыйынчылыксыз ойноп берем. Казак ырчыларынын да клиптерине түшүп жүрөм. Эмгегимди күнүнө миң сомго баалайм. Бирок мен клиптин сценарийинде өлтүрүү же ачык кадрлар болсо баш тартам. Тарбиялык мааниси бар клиптерге ырахаттануу менен тартылам. Азыр да клипке тартылып жүрөм, чакыруу болсо “жок” дебейм.

 

Эрнист Сыдыков, режиссёр: «Купулума толо ойносо, кайра-кайра тарта берем»

– Жогорудагы актёр, актрисалардын көбүн клипке мен тарта баштагам. Негизи мен бир клипке тандалган актёр купулума толо ойносо, кайра-кайра тарта берем. Дайыма өзүмдүн тобумду чогултканга аракет кылам. Анын эч кандай жаман жагы жок. Менин клиптериме тартылып жүрүп сапаты начарыраак клипке тартылып алгандар менен иштешүүнү токтотуп коём. Мисалы, азыр жогорудагы артисттерден Калипа Усеновадан башкасы менен иштешпей калгам. Болбосо бул талабымды өздөрүнө айтып эле жүрчүмүн. Клипке актёрлорду өзүм тандайм, болбосо ырчылардын көпчүлүгү клипке тааныштарын, туугандарын тартканга аракет кыла беришет, ага мен макул эмесмин. Мен чыныгы таланттуу актёр, актрисалар менен иштешкенге аракет кылам.

 

Динара ЧОКОЕВА