Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

11-жума

Түйүлдүктүн абалы

Курсактагы кичинекей адам баласы ушул жумадан баштап өзгөчө тездик менен өсө баштайт. Анын тырмактары азыр көрүнө тургандай болуп өсүп калды. Ал эми көздөрү толук калыптанган сурмалар менен жабылды. Ички органдарынан ичегилери кадимкидей иштеп, боору өт бөлүп чыгара баштаса, бөйрөктөрү заара бөлүп чыгарууга киришти. Энесине билинбегени менен ал дайыма кыймылда. Колу-буттарын кыбыратып, башын ары-бери бура алат. Бала үчүн эне, энесинин курсагы сырткы аалам болуп саналат. Андыктан түйүлдүк андагы кубулуштарга карата кыймыл кылат. Эненин жүрөгүнүн согушу, денесиндеги кандын агымы бала үчүн музыкадай угулуп турат. Ошондуктан бала төрөлгөндө эне баланын башын жүрөгү тушка кылып көтөрсө тез басылат.

 

Эненин абалы

Буюрса, бул ай менен бойдон түшүп калуу коркунучу артта калды десе болот. Анткени кош бойлуулуктун коркунучтарга бай биринчи үч айлыгы аяктап бара жатат. Жатын кыйла чоңойгондуктан ичиңиз өзүңүздүн колуңузга уруна тургандай билинип калды. Бул маалда аялда канга байланыштуу жагымсыздыктар кездешиши мүмкүн. Мисалы, бүйлөлөрдүн канашы, геморрой дарты болсо. Мындай шартта колуңуздан келишинче көп кыймылдаганга аракет кылыңыз. Кыймыл кан айланууну жакшыртып, ич катуунун алдын ала турган бир ыкма болуп саналат. Мындан ары салмак кошуу тездейт. Нормадан ашык кошулган салмак сизге да, балаңызга да зыянын гана тийгизет. Андыктан ун азыктарынан акырындан баш тартып, азыртан жеңил тамактанууга көнө бериңиз. Бирок бул диетага отуруп алуу керек дегендик эмес. Аздан, анан тез-тезден тамактаныңыз. Йодомарин таблеткаларын унутпай кабыл алыңыз жана мүмкүн болсо деңиз капустасы, сельдерей, козу карын, сабизди көп жеңиз. Ал эми аз кандуулуктан алыс болуу үчүн кош бойлууларга боор, анар, кызылча сунушталат.

 

Гүлайым Калыбекова