Менчик мектептер: БААСЫ ЖАНА ШАРТТАРЫ

Өлкөбүздө менчик мектептердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Бирок алардын мамлекеттик жалпы билим берүүчү орто мектептерден айырмачылыгы, сапаты тууралуу көпчүлүк биле беришпейт. Ошол себептен Бишкек шаарындагы эң белгилүү делген айрым менчик мектептердин окутуу баасы, шарттары тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

 

Эл аралык Кембридж мектеби

Окутуунун баасы: жылына 9000-13000 $ (классына жараша)

Окутуу тили: англис тили

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери, мектеп формасы жана транспорт менен камсыз кылат.

Өзгөчөлүгү: 12 жылдык билим берүү, 9-класстан кийин атайын тандалган багыттар (медицина, инженердик, бизнести башкаруу) боюнча окушат. Мектепти бүткөндөн кийин эл аралык үлгүдөгү аттестат берилет. Окуучулар сынак тапшырышып, анын жыйынтыктары боюнча чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшыра алышат.

Телефон номери: 0312 69-44-60, 0771 93-22-22.

 

ESCA (Борбордук Азиядагы Европа мектеби)

Окутуунун баасы: жылына 10 550-14 760 $ (классына жараша)

Окутуу тили: англис тили (кыргыз, орус, француз жана кытай тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү менен)

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери, мектеп формасы менен камсыз кылат. Бир үй-бүлөдөн эки бала окуса 5%, үч бала окуса 15%дык жеңилдик каралган. Ата-энелер үч маал тамак-аштан баш тартышса болот. Бул учурда үч ай сайын 100 $ арзандатуу сунушталат.

Өзгөчөлүгү: 11 жылдык билим берүү, мектепти бүткөндөн кийин эл аралык үлгүдөгү аттестат берилет. Ар бир класста орус тилин билген мугалимдин жардамчысы бар. АКШ, Канада, Колумбия, Япония, Франция, Бельгия, Польшадан келген жана Кыргызстандын мугалимдери сабак беришет. Ар бир окуучуга жекече мамиле кылынат.

Телефон номери: 0312 21-44-06, 0555 21-44-06.

 

Эл аралык Оксфорд мектеби

Окутуунун баасы: жылына 3500-5000 $ (классына жараша)

Окутуу тили: орус, англис тилдери

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери, мектеп формасы менен камсыз кылат.

Өзгөчөлүгү: Мектепти бүткөндөн кийин Кыргызстандын аттестаты же эл аралык үлгүдөгү аттестат берилет (окуу программасына жараша). Окутуу эл аралык программа боюнча окутулат. Улуу Британия жана башка англис тилдүү өлкөлөрдөн келген жогорку квалификациялуу мугалимдер сабак беришет. Мектеп жамааты окуучулардын Улуу Британиядагы окуу жайларды тандоосуна жардам беришет.

Телефон номери: 0558 55-11-55, 0700 55-11-55.

 

“Силк Роад”

Окутуунун баасы: жылына 5600 $

Окутуу тили: англис тили

Шарттары: Эки маал тамак-аш, окуу китептери менен камсыз кылат.

Өзгөчөлүгү: 11 жылдык билим берүү, 9-класстан кийин атайын кесиптер боюнча билим алышат. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстандын үлгүсүндөгү аттестат берилет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын окуу жайларына, өзүнчө сынак тапшыруу аркылуу чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшыра алышат.

Телефон номери: 0312 52-02-90, 0312 52-04-90.

 

“Илим”

Окутуунун баасы: айына 17 600 сом

Окутуу тили: орус тили

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери менен камсыз кылат. Бир үй-бүлөдөн эки же андан ашык бала окуса 5%дык жеңилдик берилет. Ошондой эле окуу жылын “эң мыкты” деген баага аяктаса 10-20%га чейин жеңилдик берилет.

Өзгөчөлүгү: 11 жылдык билим берүү, англис жана информатика сабактары тереңдетилип окутулат. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстандын үлгүсүндөгү аттестат берилет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын окуу жайларына, өзүнчө сынак тапшыруу аркылуу чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшыра алышат.

Телефон номери: 0312 54-13-79, 0312 54-56-87.

 

“Себат”

Окутуунун баасы: жылына 3100 $

Окутуу тили: кыргыз жана орус тили

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери, мектеп формасы жана транспорт менен камсыз кылат. Бир үй-бүлөдөн бирден ашык бала окугандарга окуу төлөмү жагынан жеңилдиктер каралган.

Өзгөчөлүгү: Түрк жана англис тилдери тереңдетилип окутулат. Андан сырткары логика, менталдык арифметика, информатика сабактары өтүлөт. Окуучулар эле эмес, алардын ата-энелери да окутулат. Башкача айтканда, ата-эне, окуучу, мугалим тыгыз байланышта иштешет. Ар бир мугалимдин бирден жардамчысы бар. Ал балдардын тарбиясын, жүрүш-турушун, формасын көзөмөлдөйт. 6-классты бүткөндөн кийин сынак тапшырышып, кыздар «Айчүрөк» лицейине, эркек балдар Чыңгыз Айтматов атындагы жатак мектебине жолдомо алышат.

Телефон номери: 0312 61-13-24

 

“Билимкана”

Окутуунун баасы: жылына 180 миң сом

Окутуу тили: орус тили

Шарттары: Үч маал тамак-аш, окуу китептери жана транспорт менен камсыз кылат.

Өзгөчөлүгү: 11 жылдык билим берүү, англис жана информатика сабактары тереңдетилип окутулат. 5-класстан баштап экинчи чет тилин (немис жана япон) өз каалоосу боюнча тандашат. Музыкалык билим берүү (вокал, фортепиано, улуттук музыкалык аспапта ойноо) да каралган. Окууну бүткөндөн кийин Кыргызстандын үлгүсүндөгү аттестат берилет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын окуу жайларына, өзүнчө сынак тапшыруу аркылуу чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшыра алышат.

Телефон номери: 0555 73-09-10.

 

Шааркан АБДУЛЛАЕВА