Жамбыл КАМЧИЕВдин кызы Бегимай: «Балалыгым атамды сагынуу менен өттү»

Куудул Жамбыл Камчиев президенттик шайлоого талапкерлигин коём деп элдин баарын таң калдырып турган чак. Сыртта көйгөйү жоктой жүргөн куудул үйдө кандай, балдарына кандай ата экендигин билүү максатында кызы менен баарлаштык.

– Бегимай, Жамбыл Камчиев сиз үчүн кандай ата?

– Атам өтө жоош, кек сактабаган, кечиримдүү, ак көңүл адам. Ачуусу келгенин курсагы ачканда эле көрбөсөк, дайыма жайдары жүрөт. Балдарына эч качан чоң болуп үстөмдүк кылбайт, биздин үйдө демократия, ар бирибиз оюбузду эркин айта алабыз. Башкалардын атасы менен сырдаша албаганын, атасынын сөзүн мыйзам катары кабыл алганын көрүп таң калам. Мен атама болгон көйгөйүмдү, сырымды ачык айтам. Бирок аларды капа кыла турган нерселерди айтпаганга аракет кылып калгам. Жаштары өтүп калды, атамдын теңтуштарынын арасында инсульт болуп калгандарын көрүп атамды ойлондуруп, сарсанаа кылбайын деп калдым. Мен бир нерсе болбой калса “бүттү” деп коём, атам такыр үмүт үзбөйт. Анын үмүт менен жашаганынан, кечиримдүүлүгүнөн үлгү алса болот. Өзү эч качан бирөөгө тийишпейт, эгер атама бирөө тийишсе соо калбайт. Ушул мүнөз менде да бар.

– Ачуусу келсе кантип жазалачу эле?

– Үнүн бийигирээк чыгарып сүйлөп коёт, кээде чогултуп отургузуп алып бир айтып койчу. Катуу урушуп же колу тийген учур болгон эмес. Тескерисинче, биз олуттуу нерсе айтсак, куудулданып жооп берет. Андайда жиним келип кетет. Бирок аябай чоң көйгөй кылып аткан нерсемди атамдын тамаша менен кабыл алганын көрүп «демек, тамаша менен кабыл алса, бул деле өтүп кетет турбайбы» деп коём.

– Атаңыздын куудулдук өнөрү жагабы?

– Элдин адамы экени жагат. Бирок өнөр адамынын үйдө турбаганы жакпайт. Мен бала кезде атам гастролго аябай көп чыкчу. Балалыгым атамды сагынуу менен эле өтүп кетти. Өзүм да атама жакын элем, сагынганымдан тумагын жыттап калчумун. Мен тааныбай калганча айлап жүрчү экен. Эсимде, мектепке да бара элек кезим, эшикте ойноп жатсам эки киши келе жатат. Апама чуркап барып: «Апа, бир киши баласын ээрчитип биздин үйгө келе жатат», - деп апамды ээрчитип чыксам, Рахман аяш атамдын баласы менен атам экен. Атамды жанына келгенде гана тааныгам. Атам: «Кызым тааныбай калганча жүргөм го», - деп күлгөн. Үйдөгү түйшүктүн баары апамдын мойнунда болчу. Бирок шаарда тургандыктан түйшүгүбүз жеңил болчу. Анан да үйүбүздөн тууган-урук, студенттер үзүлчү эмес.

– Сиз кесибиңиз боюнча ким болосуз, атаңыздын жолун жолдочу балдары барбы?

– Мен Эл аралык туризм факультетин аяктагам. Учурда башка тармак боюнча магистратураны аяктоодомун. Үч бир тууганбыз, үчөөбүздө тең талант бар, бирок атамдын жолун жолдоп, аны кесип кылып чыгармачылык менен кеткенибиз жок. Баарыбыз артист болуп кетсек, балдарыбыз бизди сагынат деген көз карашта элек. Азыр балдарымдын атасына да: «Бир жакка барсаң, 3-4 күнгө гана бар, балдар сагынат», - деп турам. Көңүлүм абдан калган окшойт.

– “Чыгармачыл адамдын жубайы болуу кыйын” дешет, апаңыздын кыйналганын сезесизби?

– Апам көп билдирбейт, бирок кыйын эле болгон болсо керек деп ойлойм. Эсимде, бир жолу апам атамдын бут кийимин бекитип, атам издеп жүрүп кир жуучу машинанын ичинен таап алып кийип кеткен. Ошондо атам 5-6 айдай жок болгон. Андан улам апам деле атамды биздей эле зарыгып күткөн болсо керек деп калам, ар бир эле аял жолдошу жанында болушун каалайт да. Эркектин үй-бүлөсүн таштап коюп көп күнгө кеткени шариатта деле туура эмес, аны атама көп эле айтам. Азыр атам Бишкекке көп келет, андайда мен апам атамдын жанында болсун деп апамды Оштон Бишкекке чакыртып алам.

– Апаңыздын кесиби кандай?

– Апам учурунда Соода техникумунда билим алыптыр. Оштогу спорт стадионунда көп иштеди. Кийин атам «өзүңдүн бизнесиң болот» деп үйдүн жанынан кичинекей дүкөн куруп берип, ошону иштетип жүрдү. Акыркы учурларда иним менен байкем иштеп, апам неберелеринин маңдайында отурат.

– Атаңыз быйылкы президенттик шайлоого да талапкерлигин көрсөткөнү жатат, бул нерсени сиз кандай кабыл алып жатасыз?

– Мен деле эл кабыл алган сыяктуу атамдын куудулданып айтканы болсо керек деп тамаша катары кабыл алып коём. Негизи өзүм саясаттан алысмын, бирок атамдын платформасын карасам, туура жактары бар. Бирок эл атамды куудулданып атат деп олуттуу кабыл алышпайт да. Атамдын кесиби - орус тили мугалими. Өзү журналист болууну самачу экен, анан ал учурда Журналистика факультети жок болгондуктан орус тили мугалими кесибине ээ болуптур. Бирок кийин журналист болуп иштеп макалаларды жазып, өзүнүн гезитин түзүп да иштетип жүрдү. Саясатты, адам укуктарын абдан жакшы билет. Болгону куудул болуп кетип эле эл куудул катары кабыл алып калган. Мен көп эле куудулдарды байкайм, алардын атамдай сабаттуу макала жазгандары жок. Атам азыр китебин чыгарайын деп турат. Карап чыксам, саясий макалалары көп экен. Ошондуктан китеби чыкса элдин көз карашы башкача өзгөрөбү деп ойлойм. Мурда атам: «Бул макаламды гезитке чыгарбай атышат», - деп калчу, окусам курч макалалар болор эле. Азыр интернетке киргенди үйрөтүп койгом, ал жактан элге айткысы келгендерин жазып турат. Философиялык ойлорду көп айтат. Бир жолу: «Кызым, “үй” деген сөздүн маанисин түшүнөсүңбү?» - дейт. «Эмне экен?» - десем, «үй деген – “үйгө баарын ташып үйө бер” деген эле сөз экен», - дейт. Ойлосом, чын экен.

– Ашканага баш багабы?

– Ооба, атамдын «москвалык студенттики» деген бир тамагы бар. Ал тамагын жай, күз мезгилдеринде күнүгө жасайт. Анткени ал тамагы жалаң жашылчадан турат. Мага абдан жагат. Ошондой эле илхамы келгенде шорпо жасап калат. Атам камыр тамактарды, этти көп жей бербейт. Тамакты аз жейт, дасторкондон бат туруп кетет. Сергек жашоо образы менен жашайт десем болот. Кыймылдап жаны тынбайт. Бакча өстүргөнгө абдан жакын, көчөдөгү Шаардык жашылдандыруу кызматына тиешелүү жерлерге деле дарак олтургуза берген адаты бар. Кайра аны бутап кам көрүп турат. Шаардык жашылдандыруу кызматынан келип «аны эмне бутап атасыз?» деп калышат, «өзүм олтургузсам, өзүм бутайм да», - деп узатып коёт.

– Атаңыздын атын пайдаланасызбы?

– Жок, атамдын атын пайдаланып көргөн эмесмин. Эгерде пайдалансам, көп эле жумуштарымды эрте бүтүрүп алмакмын. Бирок мен андайды каалабайм. “Жамбыл Камчиевдин кызымын” деп да эч кимге айтпайм. Айрымдар өздөрү таанып алышат. Бир жолу МАИ кызматкерлерине кармалып калып укугумду талашып атсам, «Жамбыл байкенин кызы турбайсыңбы?» деп билип алышкан.

– Өзүңүз канча баланын энесисиз?

– Үч балам бар. Жолдошумдун кесиби - юрист, бирок ал кесипте бир аз эле убакыт иштеген, азыр күнөсканалар боюнча иштейт.

– “Кыз бала атасына окшош адам издейт” дешет го, сиздин жолдошуңуз да атаңызга окшошпу?

– Ооба, атам экөөнүн куудулданган жактары окшош. Жолдошум мектепте окуп жүргөндө эле “куудул болом” дечү экен. Бирок апасы: «Орусча чоңойгон киргиз болсоң, сени ким укмак эле», - деп койгон экен. Азыр күйөөмдүн теледен көргөнү да комедия жанрындагы берүүлөр. Атам экөө жолукса тамаша менен сүйлөшүшөт. Мен атайын атама окшош деп тандаган эмесмин, Жараткан буйруп койгон окшойт.

 

Динара ЧОКОЕВА