ЭШАНКУЛОВ Шербото, Чоң-Алай районунун тургуну: “ЭКИ БАЛАМ КАР КӨЧКҮНҮН АСТЫНДА КАЛДЫ”

Ушул жылдын 19-февралында Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп эки үйдү басып калган. Ал үйлөрдүн бирөөсүндө жашагандардан эки наристе көз жумган. Эки чүрпөсүнөн бир күндө ажырап сай сөөгү сыздап отурган Шербото ата кырсык тууралуу буларды айтып берди.

 

“Кар көчкүнүн үнүн угуп машина деп ойлодум”

– Үй-бүлөдө алты киши элек. Бир кызым, үч уулум жана жубайым болуп бир топ жылдан бери Жаш-Тилекте жашап келгенбиз. Буга чейин бир да жолу кырсык болгон эмес, “кар көчкү болушу мүмкүн” деген эскертүү да уккан эмеспиз. Өзүм 61демин, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенчүмүн. Аялым иштебейт. Балдарымдын улуусу 4-класста, андан кийинкиси 3-класста окучу. Экөө тең каза болуп калышты. Азыр 5 жана 3 жаштагы балдарым менен калдык. Кырсык болгон күнү эртең менен саат 05:30дар чамасы болчу. Баарыбыз уктап жатканбыз. Күндө эртең менен эрте намазга турчумун, ошол күнү да аялымды козгобоюн деп өзүм эле туруп суу жылытып даарат алайын деп жаткам. Бир убакта гүрүлдөгөн үн угулуп “таң атпай биздин эшиктин алдына кандай машина келди экен” деп сыртка чыктым. Эч кандай машина көрүнбөйт. Ичимден “караңгыда жарыгын жандырып албайбы” деп коём. Аңгыча эле аялым да ойгонуп кетип сыртка чыкты. “Бул машина эмес эле көчкү болуп жүрбөсүн”, - деди. “Коё тур, өзүм карайын, шамал болуш керек”, - деп арыраак басып барып күн чыгыш жакты карап сарайды кар сүрүп баратканын көрдүм. Электр тогу да чартылдап кетти. “Көчкү келатат!” - деп айгайлап эле кыйкырып жүгүрдүм. Бир маалда кар мени да 50 метрдей аралыкка учуруп жиберди. Эптеп ордуман туруп жардамга чакырайын деп кошунанын үйүн көздөй жүгүрөм, эч эле жетпейм. Кар бир көөмп салат, кайра сүрүп кетет. Бир бутум карга көмүлүп эптеп чыгардым. Бут кийимим кардын астында калды, өзүм да майкачан эле чыгып алган болчумун. Катуу коркконуман суукту да сезбей кошунанын үйүнө араң жеттим. “Ой, эл-журт! Балдарым кардын астында калды, үйдү көчкү басып калды, жардам бергиле”, - деп кыйкырып жаттым. Кошуналарым чыгып бутума байпак, калош, үстүмө бир сыйра кийим кийгизип жардамга чуркашты.

“Аялым дубалды тиреп, балдарды кучактап отуруптур”

– Барсак үйдү кар көөмп калыптыр. Үй-бүлөмдөн айрылдым го деп эле нес болуп катып калдым. Көптөп-көмөктөп бир жерин тешишти. Бир маалда тешиктен “Шербото эле, Шербото, барсыңбы?” деген аялымдын үнү чыкты. Көрсө, ал мени өлүп калды го деп ойлоптур. “Ой, тирүүмүн мен, балдар барбы жаныңда?” – десем, “бар, кучактап отурам. Дубал кулайын деп атат, тиреп отурам, болгула батыраак, чыдабай баратам”, - деди. Баягы тешикти чоңойтуп беш саат дегенде үй-бүлөмдү эптеп алып чыктык. Үйдө аба калбай калганынан бир кичине тешиктен улам кезектешип дем алып жатышкан экен, сыртка чыгар менен аялым эс-учун жоготуп койду. Дароо ооруканага алып кетишти. Тилекке каршы, эки баламды куткара албай калдык. Алар дубалдын түбүндө уктап жатышкан. Аялым берки балдарыма жетишип, бирөөсүнүн көзүнө панель кирип кетип ыйлай бергенинен аялым ошону чыгарам деп убара болуп атып эки баламды куткарганга жетишпей калыптыр. Дубал аларды басып калыптыр.

“Эл бар экен, жардам берип жатат”

– Үйүм, буюм-тайымдар, баары жараксыз болуп калды. Балдарым айран, сүт ичип күн көрүшчү. Негизги тамагы ошол болчу. Минтип малымды да кар басып калды. Өкмөттөн “эми башка жерге үй салып беребиз” дешкен. Ал жерге кайра салганга болбойт экен. Калгандарыбыздын жаныбыз аман калганына шүгүр кылгандан башка айла жок эми. Кичүү балдарым башынан, дагы башка жеринен жаракат алыптыр, аялым болсо бутунан. Азыр ооруканадабыз, дарыгерлерге рахмат, колунан келишинче дарылап жатышат. Алардан сырткары өкмөт, калайык-калк жардам берип, тамак-аш, кийим-кече алып келип берип атат. Ыраазымын баарына.

 

Шааркан Абдуллаева