Ардактуулар социалдык тармактарда

Социалдык тармактарда отуруп ааламга көз салуу азыр кадыресе эле көрүнүш. Бирок ал тармактардан улуу муундардын ысымдарын кезиктирүү көпчүлүктө таң калууну жаратат. “Баракчаны өзү ачып, өзү колдонобу?” деген суроо да жаралбай койбойт. Эмесе, аалам төрдөгү ардактуу инсандар менен таанышып алыңыз.

 

Меңди Мамазаирова: «Кат, ой-пикир жазам, сүрөт киргизем, баарын билем»

– Мен басылмаларга өмүр бою повесть, аңгеме, макалаларымдын баарын машинкага терип берип келдим. Себеби машинкага терүүнү студент курагымда эле өздөштүргөм. Өзүм Филология факультетинде окуганым менен максатым журналистика тармагы эле. «Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да эки көзү көлдө» болуп Журналистика факультетинде жазганга киши жок бош турган он машинкага бара берип үйрөнгөм. Турмушка чыкканымда Жолондун да машинкасы бар экен. Кийин телевидениеде иштеп жүргөнүмдө компьютер чыкты. Экөөнүн клавиатурасы окшош эле экен, дароо компьютерге көчө койдум. Социалдык тармактардан алгач Мail.ruдан электрондук дарек ачкам. Андан соң Фейсбук баракчасы пайда болуп, балама айтып баракча ачтырдым. Ошондон бери Фейсбукта кат алышып, ой-пикир жазып, сүрөт киргизип келем, айтор, баарын билем. Сураган окурмандарга чыгармаларымды салам. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар баарыбызга керек.

 

 

Шайлообек Дүйшеев: «Досторум менен кат алышканды билбей атам»

– Мен Фейсбук баракчасынын колдонуучусумун. Бирок өзүм жакшы билбейм, «Азаттык» радиосунда бирге иштеген Эмил Чекиров деген жакшы иним бар. Ошол «мындай кылалы, тигиндей кылалы» деп мага жардам берип турат. Көп деле кирбейм. Кээде гана ырларымды киргизип, аларга жазылган ой-пикирлерди окуп калам. Эмил кээде: «Жооп берип коёлу», - деп калат, анда жооп жазам. Досторум менен кат алышканды билбей атам. Аны деле үйрөнөм десем, үйрөнүп кетмекмин, бирок чыгынбайм. Башка социалдык тармактарга катталып көргөн эмесмин.

 

 

Гүлшайыр Садыбакасова: «Көгөрүп отуруп баракча ачтырып, үйрөндүм»

– Айжамал Кабылова кызымдын турмушунда жагымсыз жаңылыктар болуп жаткан кезде журналисттер чалып ар кайсыны сурай башташты. Таңыркап: «Кайдан уктуңар?» - десем, социалдык тармактардан окуп жатышкандарын айтып жатышты. Мен болсо анысын билбейм, түшүнбөйм. Анан Сайкал менен уулумду отургузуп алып: «Социалдык баракчаларга киргенди үйрөтөсүңөр», - дедим, Сайкал: «Коюңузчу, апа, сизге эмне кереги бар?» - деп күлдү. “Үйрөнөм” деп көгөрүп отуруп баракча ачтырып акыры үйрөнүп алдым. Азыр Фейсбук, Инстаграм, Одноклассники баракчаларын колдоном. Досторум толтура, кат жазышып, ой-пикир жазып 60 пайыз колдонгонду билем десем болот. Мен теңдүүлөр, маданият кызматкерлери көп болгондуктан мага Фейсбук баракчасы кызыгыраак. Күндүзү бир сыйра карап койгонум болбосо, убакытка ылайык кечинде кенен бир сааттай отурам. Социалдык тармактарды колдонгондо туура жазайын, туура сүйлөйүн деп калат экенсиң. Жакшы пост жазгандарга өзүм достук жөнөтүп коём. Дарегиме жазылган жакшы пикирлерди окуп кубанып калам. Ал эми жаман сүрөт, видеолор оор тиет, бир топ жүрөгүм ооруп жүрөт.

 

Назира Мамбетова: «Мен деле кызыгып кирип калгам»

– Фейсбук жана Инстаграм баракчаларына катталып, колдонуп келе жатканыма эки жылдай болду. Элдин баары «Фейсбукта минтип атат, Инстаграмда тигинтип атат, Одноклассникиде минтти» десе, мен деле кандай болду экен деп кызыгып кирип калгам. Алгач өздөштүрө албай бир канча жолу бузуп алып ЦУМга барып оңдоткон учурларым болду. Билбегенимди неберемден сурасам, «таене, эмне кыйнайсың, өзүң үйрөн», - деди, анан «кокуй» деп өзүм үйрөндүм. Азыр баарын жакшы билем. Күндүзү жумушта болгондуктан кечинде кирем. Москвадагы, Түркиядагы тааныштар, Америкадагы сиңдим менен кат жазышам. Өзүмдү жарнама кылганды көп жактыра бербейм. Ар ким ар кайсыны жаза берет эмеспи, кээ бир ачуу, балит нерселерге жиним келет, жооп бергим келет да, кайра өзүмдү токтотом. Өзгөчө Фейсбуктагы ушактар жакпайт.

 

Каныкей Эралиева: «Сүрөт киргизгенди билбейм, балдарым жардамдашат»

– Германиядан немис улутундагы жаш кыз келип менден окуп кеткен эле. Ал кеткенден кийин анын кийинки жашоосу кандай болду экен деп ойлоно берчүмүн. Анан балдарым «апа, ошол кызды интернеттеги Фейсбук баракчасынан издеп көрсөңүз, табасыз» дешип аталган социалдык баракчага мени каттатышты. Айткандарындай эле, ал кызды таптым, ал да мени издеп жүрүптүр. Болбосо ага чейин интернет менен ишим жок эле. Азыр убагы менен күндө бир маал кирип турам. Убактыңды аябай алат экен. Ал жактан ар кандай тема боюнча айтышып жаткандарга кошулбайм. Мага тамак-аш, дары-дармек, гүл өстүрүү боюнча маалыматтар жагат. Акындар ырларын жазышат экен, аларды көчүрүп алып музыка жазып жүрөм. Сүрөт киргизгенди билбейм, ал жагынан балдарым жардамдашат. Кат жазышканды болсо үйрөндүм. Балдарым жакында Инстаграмга да каттатышкан, бирок ал жакты өзүм карай элекмин.

 

 

Рахман Разыков: «Фейсбукта тополоң маалыматтар бар экенин билген эмесмин»

– Мен азыр Imo, Viber, WeChat, WhatsApp социалдык баракчаларын колдоном. Үч жыл мурун «Фейсбук баракчасынан кимди издесең, таап алат экенсиң» дешкенинен элден калбай мен да баракча ачкам. Ал учурда Фейсбукта мынчалык ызы-чуу, тополоң маалыматтар бар экенин билген эмесмин. Байланыш үчүн ыңгайлуу жай экен деп гана ачып койгом. Бирок иренжиткен маалыматтарга бай экен. Окубайын десең да көзүңө көрүнүп тура берет. Анан аларды, жазылган ой-пикирлерди карайсың, ошол боюнча маанайың бузулуп кетет. Ошондуктан башты оорутпай чыгып кетейин деп кирбей калгам. Ал баракчамды азыр колдонбойм. Азыр мага эң маанилүүсү Imo, анткени мен көп мамлекеттерде жүрөм, Кыргызстан менен бул социалдык тармак аркылуу байланышуу ыңгайлуу. Мисалы, Кытайда WhatsApp жабык, Imo иштей берет, эч жерде өчпөйт.

 

Надира Нарматова: «Социалдык тармакка киргенди балам үйрөткөн»

– Фейсбук баракчасына 2011-жылы катталган болсом, Инстаграмга катталганыма эки жылдай болду. Социалдык тармакка киргенди мага 2013-жылы Мээримбек балам үйрөткөн. Бат эле өздөштүрүп алгам, азыр эркин колдоном. Эртең мененки намаздан кийин уктагым келбейт, жумушка барганча Фейсбукка кирип бир карап коём. Анан кечинде 1-2 саат маалыматтарды карайм. Инстаграмда интернет дүкөндөр бар, жарнама, маалымат кеңири, андан каалаганыңды тапсаң болот. Бирок ал жакка кээде эле кирип бир сыйра карап коём. Адамдарга асылып, маскаралап, сүрөттөрүн ар кандай кылып жасап шылдың кылгандар жакпайт. Мен таалим-тарбиялык мааниси бар маалыматтарды бөлүшүп турам. Эгерде маданияттуу жол менен жакшы талкууларды жүргүзсө, бул өтө керектүү нерсе экен. Азыр депутаттар да социалдык тармактарда жазылган маалыматтарды көтөрүп чыгып атышпайбы.

 

 

Динара ЧОКОЕВА