Венера ЗАМИРОВА: «Менин колумдан чыккан гүлдүн өмүрү узун болот»

Соңку кездерде коомчулук даяр нерселерге абдан көнүп калган. Бирок учурда акырындык менен кол эмгектер бааланып, колго жасалган буюмдарга, белектерге кайрадан басым жасалып баратат. Мындай сапаттуу эмгектер жасаган адамды гана кубантпастан, белек берүүчү менен белек алуучунун да көңүлүн көтөрөт. Бул тууралуу кенен маалыматты кагазды жандуу гүлгө окшото жасаган чебер кыз айтып бермекчи.

– Венера, колго гүл жасап сатуу идеясы сизге кайдан келди?

– Кичине кезимден эле колго гүл, кичинекей кыздардын ободогун, бижутерияларды жасайм. Кол эмгек сабагын жакшы өздөштүргөм десем болот. Буларды мурда хобби катары эле жасап туугандарыма, дос, жакындарыма белек кылып жүрчүмүн. Анан биринен-бири көрүп кызыгып буйрутма бере башташты. Үйлөнүү тойлорго, апаларына белек кылганга, туулган күндөргө алышчу. Ошентип отуруп суроо-талап көбөйүп кетти. Анан бөлөм экөөбүз бул ишти биргеликте алып барууну чечтик. Гүлдү экөөбүз тең жасайбыз. 

– Гүлдү кандай кагаздан жасайсыздар?

– Гүлдөр гофро кагаздан жасалат, аталган кагаздын бардык түсү бар. Башында гүлдестелерди жасачубуз. Азыр замандын талабына ылайык кутудагы гүлдөр мода болгонго ошондой жасап калдык. Кардарлар жактырып, кызыгуу менен кабыл алып атышат. Гүлгө куту көрк берип турат.

– Баалары кандай?

– Баалар гүлдүн жасалышына, түрүнө карап 150 сомдон 800 сомго чейин. Колго жасалган эмгек болгондуктан кардарлар жактан баасына нааразычылык болбойт.

– Кандай түрдөгү гүлдөр жасалат?

– Жоогазын, роза, пион, гвоздика сыяктуу көпчүлүк жакшы көргөн гүлдөрдү жасап келебиз. Ар кимге каалоосуна жараша да жасап берген учурлар болот.

– Сиздердин гүлдөрдү кардарлар кайдан сатып ала алышат?

– Азыр бардык иш интернет аркылуу эле жүрүп, интернет дүкөндөр пайда болуп калбадыбы. Биз деле сатууну интернет аркылуу жүргүзөбүз. Тактап айтканда, Инстаграм социалдык тармагында @flowers_by_vj баракчабыз бар. Кардарлар кирип каалаган гүлүн тандап, бизге буйрутма беришет. Учурда буйрутма, Кудайга шүгүр, арбын. Кардарларыбыздын көпчүлүгү - жаштар. Жаштардын табитине туура келип атканы бизди, албетте, кубандырат.

– Бир гүлдестени жасаш үчүн канча убакыт керектелет?

– Чынында бул гүлдөрдү жасоого убакыт абдан көп кетет. Бирок сүйгөн жумушум болгондуктан зеригүүнү деле сезбейм. Бир гүлдестени 2-3 саатта жасап, даяр кыла алабыз. Бизде жеткирип берүү кызматы да бар. Жеткирип берүүгө алыс-жакындыгына жараша 50 сомдон 100 сомго чейин кошулат. Кудай буйруса, бул бизнесибизди кеңейтип, келечекте дүкөн ачсак деген максатыбыз бар.

– Кагаздан жасалган бул гүлдүн өзгөчөлүгүн айта кетсеңиз.

– Тирүү гүл 2-3 күндө эле соолуп калса, бул гүлдүн өмүрү узун болуп көпкө сакталат. Үйгө коюп койсо кооздук берет. Чаң болуп калса кургак чүпүрөк менен сүртүп коюу жетиштүү. Суу тийбесе эле болду, көрктүүлүгүн жоготпой тура берет.

– Сиздерге кайсы күндөрү буйрутма көп болот?

– Албетте, 8-март, 14-февраль күндөрү буйрутма көп болот. Ал эми башка күндөрү туулган күн, үйлөнүү тойлорго буйрутмалар болуп турат. Кардарлардын чын жүрөгүнөн ыраазы болгону бизге дем берет.

 

 

Алия ДАНИЯРОВА