Мырзалар үчүн майрамдык рецепттер

Таңкы тамакка «Кала гүлү»

Кандай азыктар керек?

Сосиска: 2 даана

Жумуртка: 2 даана

Жумшак сыр: 2 тилим

Кантип жасалат?

Сосисканы тигинен тең бөлүп келатып аягына чыкпай токтотосуз. Этиеттик менен ийип жүрөкчө формасына келтире эки учун тиш чукугучтун жардамы менен бириктирип коёсуз.

Кызып турган көмөч казанга болор-болбос май куюп, алгач жүрөкчө-сосискаларды салып бир аз кууруйсуз.

Анан ар бир сосисканын ортосуна бирден жумуртканы чагасыз да, отту азайтып, көмөч казандын капкагын жаап коёсуз.

Бышканда этиеттик менен тарелкага саласыз.

Дүкөндө атайын тилимдерге бөлүнгөн жумшак сыр сатылат. Мына ошол сырдан ортосуна сабизди коюп кала гүлүн жасайсыз.

“Каланын” сабагын көк пияздан жасасаңыз болот.

 

Кечки дасторконго «Жоогазын гүлү»

Кандай азыктар керек?

Помидор: 10 даана

Сыр: 300 г

Жумуртка: 3 даана

Майонез: 250 г

Бадыраң: 3-4 даана

Сарымсак: 1-2 тишче

Туз, мурч

Көк пияз: 10 даана

Кантип жасалат?

Алгач помидорду даярдап аласыз. Баш жагынан крест кылып кесип, чай кашык менен помидордун ичиндеги этин оюп алып саласыз.

Сууга бышкан майда тууралган жумуртканы, бадыраңды, сарымсакты, кыргычтан өткөрүлгөн сырды майонез менен аралаштырып аласыз.

Пайда болгон аралашманы помидорлордун ичине этиеттик менен салып чыгасыз.

«Жоогазындардын» сабагын көк пияздан жасайсыз.

 

«8-Март» салаты

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти: 200 г

Шампиньон: 300 г

Жумуртка: 5 даана

Майонез: 200 г

Жаңгак: 5-6 даана

Кургатылган кара өрүк: 120 г

Пияз: 1 баш

Сыр: 200 г

Өсүмдүк майы

Кантип жасалат?

Шампиньон менен пиязды туурап, өсүмдүк майына кууруп аласыз.

Жаңгакты чагып, майдалайсыз.

Тооктун этин сууга бышырып, майда чарчы кылып туурайсыз.

Сырды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз.

Жумуртканы сууга бышырып, сарысын кыргычтан өткөрөсүз, агын салатты жасалгалоо үчүн алып коёсуз.

Кургатылган кара өрүктү майдалап туурайсыз.

Даярдалган азыктарды өз-өзүнчө идиштерге салып, жумуртканын сарысынан башкасынын ар бирин майонез менен аралаштырып аласыз.

Тарелкага эки стаканды коюп алыңыз, бул 8 санынын формасын түшүрүү үчүн керек.

Стакандардын айланасына азыктарды кабаттап коё баштайсыз: 1-кабат – тоок эти, 2 - кара өрүктүн кагы, 3 - жаңгак, 4 - куурулган шампиньон менен пияз. 5-кабат кылып сырды себелейсиз.

Акырында сегиздин бетине жана капталдарына жумуртканын сарысын тегиз кылып себелейсиз.

Стакандарды алып, салатты көк чөптөр, жумуртканын агы менен кооздоп коёсуз.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА