Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Алмаз

Туулган жылы: 1989-жыл 9-сентябрь

Кесиби: уста

Иштеген жери: эмерек жасаган цехте иштейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, сыйчыл, тыкан, боорукер, жакшынакай

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 27 90 89; 0550 89 26 26

– Жактырып алган аялым менен 3 жыл бактылуу жашадым. Бир уулдуу болдук. Тилекке каршы, аялым жаш күнүндө ооруга чалдыгып эрте эле өтүп кетти. Уулумду апам карап, тарбиялап келет. Бул жоготуу мага оңой болгон жок. Беш жыл бой жүрдүм. Тирүүлүктө жашоо уланышы керек экен, кайрадан турмуш курууга бел байлап турган чагым. Жакшы аялзатын издеп, бирок таппай келем. Балким, бул кызматтын пайдасы тийип калар деген үмүттөмүн. Мага Ош шаарынын 23 жаштан 28 жашка чейинки кыз-келиндери керек. Бир баласы болсо каршы эмесмин. Менин башымда да бала бар. Уулумду эске алып, ага жакшы мамиле кылуу колунан келген айымдар гана чалыңыздар. Жылдызыбыз келишсе жашап кетербиз.

 

 

Нурбек

Туулган жылы: 1986-жыл 19-август

Кесиби: улакчы

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, оор басырыктуу, туруктуу, тыкан, сарамжалдуу

Материалдык байлыгы: үйү, жери, малы бар

Байланыш телефону: 0777 13 88 85

– Мен жакшынакай той менен жашоо баштагам. Аялым менен 2-3 ай жашадым. Ошол маалда анын талма оорусу бар экени белгилүү болду. Ал ооруп калганда апасы алып кеткен. Ошону менен жашообуз токтоп калды. Андан бери 8 ай өттү. Убакыт өткөрбөй кайра эле жаңы жашоо баштайын деп атам. Мага дени сак, жалал-абаддык, оштук 20 жаштан 26 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Бир кичинекей баласы болсо багам. Чоңоюп калган жана бирден көп балалуулар убара болбогула.

 

 

Бекказы

Туулган жылы: 1992-жыл 31-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда соода кылат

Жердиги: Жалал-Абад облусу Ноокен району

Кандай айымдар жагат? Оор басырыктуу, токтоо, сабырдуу, тыкан, акылдуу, ыймандуу

Материалдык байлыгы: үйү, базарда орундары бар

Байланыш телефону: 0771 46 74 54

Башымдан ийгиликсиз бир турмуш өткөн. Аялым менен 3-4 ай эле жашап ажырашып кеттим. Негизи өзүм каалап эле алган элем. Бирок турмушта баары болот турбайбы. 3 жылдан бери бойдокмун. Бул окуя мени өкүндүрөт, бирок андан пайда болбогон соң кайра жашоо баштоого бел байлап турам. Мага 1994-жылдан 1988-жылга чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Оюмдагыдай аялзаты болсо бир баласы болсо деле ала берем. Менден улуу же балалуу экенине мен макул болсом, ата-энем, башка жакындарым каршы деле болушпайт. Ойлонбой чала бериңиздер.

 

 

Асема

Туулган жылы: 1993-жыл 18-октябрь

Кесиби: финансист

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош шаары

Кандай мырзалар жагат? Чечкиндүү, ыймандуу, намаз окуган, туруктуу, чынчыл, сабырдуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0779 44 18 93

Башымдан бир турмуш өткөн. Бирок ал тууралуу гезитке маалымат берүүнү каалабайм. Мага көңүл буруп, чыныгы турмуш куруу максатында байланышкан адамдардан каалагандарыма гана ал тууралуу айтып береттирмин. Башкысы мен эми кайрадан турмуш баштоом керек. Учурда ата-энем менен турам. Максатым - жакшы үй-бүлө куруп, андан бакыт табуу. Бул кыялыма көмөкчү болууну каалаган 25 жаштан 30 жашка чейинки Ош жеринин мырзалары менен таанышам. Буга чейин турмуш курган болсо мейли, бирок баласы бар мырзалар убара болушпасын. Жогорудагы белгиленген сапаттарга толук ээ, турмуш тууралуу олуттуу ойлонгон мырзалар гана чалыңыздар.

 

Урмат

Туулган жылы: 1983-жыл 24-ноябрь

Кесиби: уста

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, түшүнүктүү, намаз окуган, ыймандуу, сыйчыл

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0777 27 65 46

Мен бир кыздын атасымын. Аялым менен бир жыл жашап кыздуу болдук. Тилекке каршы, бактыбыз көбөйбөй эле ажырашып кеттик. Кызым беш жашка келип калды. Кайненемдин колунда, апасы турмушта. Мен кез-кез барып абалын билип, кызыма каттап турам. Эми мага 30-33 жаштардагы турмушка түшүнүп калган аялзаты керек. Баласы болсо багып алууга кудуретим жетет. Мен намазга жаңы келип атам. Ошондуктан болочоктогу аялымдын ыйман жолунда болушу маанилүү. Ойнобой, олуттуу мамиледе гана чалууларын суранам.