Аял – эне, аял – жар, Арнашат ырын акындар

8-Март – майрамдардын эң сулуусу, жагымдуусу, шаңдуусу, көрктүүсү. Анткени аялзаты - бул ааламдын барктуусу, тийип турган күнү, кармап турган казыгы. Бул асылзатка ааламда кимдин колунан эмне кылуу келсе, ошонусун аздектеп арнап келишет. Жаз менен жадырап кирип келген майрамы менен жалпы аялзатын куттуктап акындардын апаларга, аялзатка арнаган ырларын тартуу этмекчибиз.

 

Зайырбек Ажыматов

Аярлуум жана аярым

Жыттасам жыты жанды эриткеним,

Жылынчы кучагыма келип менин.

Сурасаң өмүрүмдү бергим келет,

Суйкайган аруу дүйнө келинчегим.

 

Кейибей бул турмуштун азабына,

Кел, кеттик улуу сүйүү сапарына.

Сен менин жалыныма жылып, бирок

Сен менин азабымда жашадың, аа...

 

Көнбөстөн көр турмуштун ченемине,

Көнбөстөн аны-муну дегениңе.

Көзүңдөн жаш агыздым эчен ирет,

Анда да жарап турдуң керегиме.

 

Сен менин өмүр берген булагымсың,

Сен менин аялуу бир тумарымсың.

Өзгө кыз кошулса эгер тагдырыма,

Өзүңдү эңсеп ыйлап турарым чын.

 

Мен сени өмүр бою жандайынчы,

Мээримге канып Күндөй жайнайынчы.

Сен менсиз калба ушул дүнүйөдө,

Мен сенсиз жер үстүндө калбайынчы...

 

Мелис Маматжанов

           Апа

Түйшүгүн кошо тартып ушул жаштын,

Түмөн ой, түйшөлтсө да утулбассың.

Тогуз ай көтөргөнүң үчүн эле,

Түбөлүк карызымдан кутулбасмын.

 

Убакыт шашат жолдон өзгөрө албай,

Кыйналдым мага жакын көз табалбай.

Кыдырып бүт ааламды өтөт окшойм,

Өзүңө тең келүүчү сөз табалбай.

Сиз эккен термелүүдө эркин терек,

Сезимде өнгөн гүлүм тергим келет.

Баш ийбес тагдыр менен макулдашып,

Бүтүндөй өмүрүмдү бергим келет.

 

Тер менен кошо жууруп турмуш демин,

Биз үчүн баарын таштап жумуш дедиң.

Жылмайган жүзүңүздөн сызык көрсөм,

Түшкөнсүйт жүрөгүмө бырыш менин.

 

Төрөлсөм да кызыл эт, чала бойдон.

Эс тартып, сүтүңүздөн адам болгом.

Мезгилдин тизмегинде улгайсам да

Мен сизге кала берем "бала" бойдон.

 

Мирлан Алтымыш уулу

Апамдын "шапалагы"

Убараны көп тартып оңолсун деп,

Урушчусуң тартиптүү болуум үчүн.

Шапалактай шап этип чапкан колуң,

Шыпаа эле тентектик оорум үчүн.

 

Тийсе муштум желкемди тырмап коюп,

Ичтен тилейм чапса деп акырындан.

Кутурганда жонумду дүңкүлдөткөн,

Муштумуңда мээримиң жашырылган.

 

Бейбаштыкты кылганда эссиздиктен,

“Бери келчи” деп алчусуң чымчып-чымчып.

Алган өңдүү сан этти үзүп-үзүп,

Араң басып кетчү элем сылтып-сылтып.

 

Жашымды анда жамгырдай төгүп ийип,

Жаза алганда чучуктай чыркырадым.

Миңдин бири табылбас дары экен да,

Сан этимди кычкачтай чымчыганың.

Энекемдин чапканы «шапалактай»

Эми мага сезилет шоколаддай...

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА