Эненин күтүүсү

Орто жаштагы аял үйдө тынчсызданып ары-бери басып жатты. Буюмдардын ордун алмаштырып, жоолугун оңдоп, арасында ашканада бышып жаткан тамагын карап жүрдү. Сырттан бир үн угулса, дароо терезени карап, коңгуроонун үнүн угуп сүйүнүп эшикке барганда башка бирөө экендигин билип капаланды. Жалгыз уулунун жумушу борбордо болгондугуна байланыштуу эки айдан бери үйүнө келе элек. Аял эшиктен ошол уулунун кирип келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты.

Ар майрамда уулунун: “Апаке, 8-Март майрамыңыз куттуу болсун!” - деп бек кучактап куттуктаганына көнүп калган эне анын бул жолу да эшиктен жүгүрүп кирип куттуктап, анан жасаган тамактарымды жейт деп элестетти. Бирок баласы келер-келбесин айткан да эмес болчу, аял ойго батып “эгер келбесечи, уруксат ала албай калган болсочу” деп ойлоду. Ошол учурда жүрөгү уулуна болгон сагынычка толгонун сезди.

Эне таң эртеден даярданып баштаган эле. Анын тынч ала албай убараланганын байкаган күйөөсү: “Эмнеге даярданып жатасың?” – деп сурап, жооп алган эмес. Соңунда аялы: “Бүгүн үйдө жумуштарым көп, сен сыртка бир аз сейилдеп басып келбейсиңби?” – деп суранып жатып көндүрдү. “Эгер даярдыгымдын себебин билип калса, канча күтсөм да уулум келбесечи” деп ойлоду. Бир нече саат өтүп чак түш болду. Эгер келбей турган болсо, жок дегенде телефон чалып жайын айтпайбы. Болбосо ушул 8-Март күнү бир чалып «куттуктайм» деп койбойбу? Мен минтип күтүп жатам, ал эстеп да койбосо керек. “Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” деген ушул белем...

Уулун эстеген сайын эненин жүзүнө жылмаюу келип толкунданып жатты. Кайрадан дубалдагы саатты карап “демек, келбейт, жок дегенде чалып койгондо үнүн угар элем” деп улутунду. Ушинтип ойго батып отурганда телефону шыңгырап калды. Уулунун үнүн укканы менен дароо же сүйүнүшүн, же капаланышын билбеди. Балким, уулу үйгө келбестигин айтыш үчүн чалгандыр:

– Алло…

– Алло, апа, кандайсыз?

– Рахмат, балам, сен кандайсың?

– Жакшымын, апаке.

– Эмне кылып жатасың, жумуштарың кандай?

– Бир аз оор болду, бирок шаарга да, жумушума да көнүп калдым.

Келбей тургандыгын айтпай, же телефондо куттуктабагандыгынан улам апасы чыдамсызданып:

– Жумушуңдан уруксат алдыңбы, уулум?

– Ооба, апа, уруксат алдым. Сиз кайдан билдиңиз?

– Кайданбы? Майрамга карата уруксат алса керек деп…

– Аа, туура, бүгүн 8-Март эмеспи. Майрамыңыз менен, апаке. Мен абдан жакшы көргөн айым менен жолугарымды айтып жетекчимден уруксат алдым. Азыр анын жанына баратам.

Аял титиреген, ыйламсыраган үнү менен:

– Ошондойбу, ал кандай адам экен?

– Апаке, сиздин тамактарыңыздан да даамдуу, шириндиктериңизден да таттуусун жасап азыр мени күтүп жаткандыгына ишенип коё бериңиз.

– Мен... Жанагы... Болуптур, уулум. Айтмакчы, ал да сени сүйөт деген үмүттөмүн.

– Сүйгөндүгү анык, ошон үчүн уруксатты жалгыз ал үчүн албадымбы. Атам кайда, апа?

– Сыртта эле, балам. Аа, эшик тыкылдап жатат, атаң келди окшойт.

– Болуптур, апа, салам айтыңыз. Мен болсо ичинен жыпар жыттар келип жаткан, эң негизгиси дүйнөдө эң урматтаган, дүйнө сулуусунун эшигинин алдында турам.

– Болуптур, уулум, айтып коём. Анан дагы чал, уулум. Жараткан сага жар болсун.

Эне телефонду кыйыла коюп ойго батты. Ал уулун ушунчалык сагынып, аны көрүүнү абдан каалаган эле. Эшикти ачарда көзүнө жаш тегеренип, тамагы буулуп турду. Каалга кайрадан кагылганда ачууга аргасыз болду. Ким экенин караганча үлгүртпөй мойнунан бек кучактап: “Жаным апаке, 8-Мартың куттуу болсун!” - деген куттуктоо ага түш сыяктанып кетти. Уулу экен. Ал апасы сүйгөн кара көздөрүн күлмүңдөтө:

– Апаке, майрамда сизди сүйүнтүп сюрприз кылайын дедим, суранам, ыйлаба, - деди. Эненин көзүнөн сүйүнүчтүн жашы агып жатты.

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА