Үйдөгү душмандардан сактаныңыз

Бүгүнкү күндө техникасыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес.
Бирок алардын пайдасы менен кошо зыяны да бар экенин унутпаңыз. Эмесе, электромагниттик нур бөлүп чыгарган жагынан эң коркунучтуу техникалар менен тааныштырабыз.


Электромагниттик нурлануу деген эмне?

Электромагниттик нурлануу- абадагы көзгө көрүнбөгөн толкундар. Электромагниттик нурлануу булагына биз күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн телевизор, кичи толкундуу меш, муздаткыч, уюлдук жана радиотелефон, компьютер сыяктуу үй тиричилик техникалары кирет. Техникадан чыккан нурлануу микротесла (мкТл) менен өлчөнөт. Электромагниттик нурлануунун нормасы 0,2 мкТлны түзөт.

 

Нурланууну көп чыгарган каражаттар

1. Уюлдук телефон адам баласы колдонгон эң коркунучтуу техника болуп саналат. Анын нурлануусу 300 мкТл. Телефонду денеге жакын алып жүргөндүктөн жүрөк оорусуна көп чалдыгышат. Мындан тышкары мээ шишигинин пайда болушуна себеп болгон каражат. Зыянын азыраак тартуу үчүн окумуштуулар телефонду зарыл учурда гана колдонууну сунушташат. Колдонбогон учурда аны денеден эки метр алыстыкка коюп, көчөгө чыкканда сумкага салып жүрүү керек.

2.Компьютер - үйдөгү электромагниттик нурлануусу көп техника. Ал 100 мкТл бөлүп чыгарат. Бир суткада сегиз саат компьютердин маңдайында отуруу 500 эсе көп нурлануу алуу коркунучун туудурат. Компьютер менен иштеген айымдардын 30 пайызы тукумсуздук менен жабыркашат. Ал эми 80 пайыз айымдардын боюнан түшүшүнө алып келет.

3. Чаң соргуч нурланууну көп чыгарган техникалардан үчүнчү орунда. Анын нурлануусу 100 мкТл. Чаң соргучту колдонууда зымын аягына чейин чыгарып, андан алыс туруп иштөө керек. Ошол эле учурда терезени ачып коюу нурлануунун күчүн азайтат. Бул каражатты жарым сааттан ашык колдонуу сунушталбайт.

4.Телевизордон чыккан нурлануу 2 мкТлга барабар. Телевизор менен көрүүчүнүн аралыгы эки метрден алыс болуусу керек жана төрт сааттан ашык экранды карап отуруу болбойт. Чоң адамдарга салыштырмалуу нурлануунун таасири кичинекей балдарга күчтүү. Бул себептен жеткинчектерге эки сааттан ашык көрүүгө тыюу салынат. Балдар өсүү мезгилинде болгондуктан нурлануу өсүү, жетилүү клеткаларын бузат.

5.Үтүктүн нурлануусу 0,2 мкТлны түзөт. Үтүк толугу менен ысып автоматтык түрдө өчкөнгө чейин үтүктөбөй туруу керек.

 

6.Электр лампасы. Балдардын окуу бөлмөлөрүн жарыктандыруучу столго коюлуучу электр чырактарын бир метр аралыкта эки саат күйгүзүп коюу баланын ден соолугун бузат. Бул каражаттын нурлануусу телевизордукундай эле 2 мкТлга барабар.

 

7.Электр мешинин нурлануусу 2 мкТлны түзөт. Тамак жасоо учурунда 50 сантиметр аралыкта сактоо керек.

 

8.Муздаткычтын нурлануусу 0,2 мкТлны түзүп нормадан ашпаганы менен ашканадагы коркунуч жараткан техникалардын бири катары саналат. Анткени ал күнү-түнү өчпөй иштейт. Муздаткычтын жанына электр мешин, үй жылытуучу аппарат жана башка жылуулук бөлүп чыгарган каражаттарды коюу болбойт. Мындай учурда муздаткыч температураны азайтуу үчүн эки эсе күч жумшайт жана нурлануунун көп чыгышына себеп болот.

9.Кир жуучу машина. Бул техника 10 мкТл нурлануу чыгарат. Нурлануу бөлүп чыгарчу техникалардын көбү ашканада колдонулгандыктан кир жуучу машинаны ал жерге жайгаштыруу сунуш кылынбайт.

 

 


Бул каражаттардан нормадан ашык нурлануу чыккандыктан колдонуу эрежеси бузулса, ал организмге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аз гана нурлануунун таасиринен киши чарчап, ишке жөндөмдүүлүк төмөндөйт, башы ооруп, уйкусу бузулат. Ошондой эле тердейт, акыл-эси начарлап, жүрөк тушу ооруйт, энтигет.

 

Нурлануудан төмөнкү белгилер байкалат:

Кусуу, баш айлануу, баштын оор болушу

Уйкунун бузулушу

Чачтын түшүшү

Дененин титиреши

Көздүн кызарып, талуусу

Айыздын келбей калышы.

Электромагниттик нурлануунун жыйынтыгы эмнеге алып келет?

Мээ шишиги

Катаракта

Жүрөк оорусу

Рак

Тукумсуздук.

 

Нурлануудан сактанабыз

Техниканы сатып алууда анын нурлануу күчүнө көңүл буруңуз. Акыркы чыккан үлгүдөгү техникалардын нурлануусу азыраак болот.

Үй техникаларын жайгаштырууда бири-биринен алыс коюңуз жана бир учурда бир канча техниканы иштетпеңиз.

Боюнда бар айымдар техниканы көп колдонбой, нурлануудан алыс болуусу шарт. Нурлануу түйүлдүктүн өсүшүн токтотот.

Нурлануудан коргонуу үчүн жашылча-жемиштерди көп жеп, спорт менен машыгыңыз. Дененин тердеши нурлануунун күчүн жоготот.

Окумуштуулар мырзалардын телефонду шымдын чөнтөгүнө салып жүрүшү тукумсуздука алып келерин айтышат. Изилдөө боюнча, айымдарга караганда эркектердин тукумсуздугу эки эсе көп болгон.

Уюлдук телефонду кулакка коюп сүйлөшкөндүн ордуна үнүн катуу чыгарып, өзүңүздөн 30 сантиметр алыс коюп же наушник аркылуу сүйлөшүңүз.

Транспорттун ичинде телефон менен сүйлөшпөңүз. Металл телефондун иштешине тоскоолдук кылгандыктан эки эсе көп нурлануу чыгат.

Батарейка менен иштеген техникалар (ноутбук, саат, телефон, оюнчуктар) өчүп жатканда эки эсе көп нурлануу чыгарат. Андыктан денеден алыс коюу шарт.

Компьютер, ноутбук менен иштөөдө 70 см аралыкты сактаңыз.

Бир күндө 5-6 жолу терезени ачып үйдү желдетип туруу керек. Электромагниттик толкундар тарап, нурлануу күчүн жоготот.

Колуңуздан келсе техникадан алыс болуп, таза абада сейилдөөнү унутпаңыз.

 

Жаңыл ИСАЕВА