Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

12-жума

Түйүлдүктүн абалы

Буга чейин түйүлдүктүн негизги көлөмүн башы түзүп келген болсо, эми анын денеси чоңоюп калды. Ал эми кадимки адам, болгону абдан кичинекей. Ички органдары бекемделип калгандыктан мындан ары болочоктогу наристе үчүн инфекция, ар кандай дармектер коркунучтуу эмес. Түйүлдүк көп учурда баш бармагын же эрдин соруп, оозун ачып-жаба берет. Дал ушул маалда анын 20 сүт тишинин орду калыптанып бүтөт. Кош бойлуулуктун үчүнчү айында баланын кыймылы энесине болор-болбос билиниши ыктымал. Эгер аял биринчи ирет кош бойлуу болсо аны сезүүгө эрте, ал эми экинчи же андан көп кош бойлуу болгон аялдар курсагынын көз тарткандай өтө кыска жана жумшак болк эткенин айрым учурларда сезе алышат. Ал эми түйүлдүктүн ишенимдүү кыймылын эне 18-20-жумаларда жаңылуусуз туюп баштайт.

 

Эненин абалы

Өзүңүздү-өзүңүз куттуктап койсоңуз болот. Коркунучтарга бай алгачкы 3 айлык артта калды. Эми кош бойлуу экениңиз тууралуу жакындарыңызга, эмгек жамаатыңызга чочулабастан айтсаңыз болот. Мындан ары таң алдындагы жүрөк айлануу жоголуп, абалыңыз жакшыруунун үстүндө болушу керек. Демек, тамактануудан ырахат алуучу убакыт келди, аны пайдаланыңыз. Бирок ушул маалдан баштап өзүңүздөн өзгөчө жүрөк кагышын сезишиңиз мүмкүн, бул кош бойлууда жогорку деңгээлдеги кан айлануу болуп жатканынан кабар берет. Гормондор дагы деле тынымсыз иш үстүндө болгондуктан токсикоздон арылганына карабастан аял туруктуу маанайда боло албайт. Тез чарчоо, капалануу, болбогон нерсеге кыжырданууга дагы азыраак чыдап турушуңуз керек. Эгер доктур уруксат берсе, жеңил гимнастикалык көнүгүүлөрдү кылууга болот. Бул баланын ыңгайлуу жайгашуусуна, аялдын жеңил жүрүшүнө эле эмес, психикалык маанайына да жакшы таасир этет. Ал эми пайдалуу азыктарга басым жасап, туура тамактанууга милдеттүү экениңизди сиз жакшы билесиз.

 

Гүлайым Калыбекова