Баланы шариат боюнча тарбиялоо

Баланы тарбиялоо ата-эненин жоопкерчилиги экендиги исламда да айтылган. Бирок ислам дининин эрежеси боюнча кантип тарбиялоо керектигин бардык эле ата-эне биле бербесе керек. Баланын тарбиясында шариаттын да мааниси чоң. Ошондуктан ар бир мусулманмын деген адам бала тарбиялоодо шариаттын эрежелерин билүүгө тийиш.

 

Эмизүү

Ислам дининин эрежесине ылайык, баланы эки жыл толук эмизүү керек. Бала эки жашка чыкканда эмчек эмген курактан өтөт да, эненин сүтү ал үчүн башка азыктар сыяктуу эле болуп калат.

 

Керебетин бөлүү

Бала 10 жашка чыкканда керебетин өзүнчө кылуу керек. Бул кыздар өзүнчө, эркек балдар өзүнчө, ата-энеси өзүнчө бөлмөгө жатуусу керек деген сөз.

 

Кийими

Баланын чоңойгондо кийим тандоо табити кичине кезинде кийген кийиминен көз каранды. Ошондуктан кызбы, эркек балабы, наристе кезинен денесине жабышпаган, ачык эмес кийим кийүүсү талапка ылайык. Ошондой эле кыздын кийимин атасынын, же башка эркек бир туугандарынын жанында алмаштырбоо керек.

 

Ислам дининин парздарын аткарууга үйрөтүү

Ислам дининде балдарга тогуз, кыздарга он эки жашынан баштап намаз окуусу, орозо кармоосу милдеттендирилген. Анткени бул куракта алар балагатка жеткен болот. Бирок баланын милдети экенин баса белгилеп, уруп-сабап үйрөтпөстөн, ата-эне өздөрү намаз окуп, орозо кармап үлгү болуу аркылуу үйрөтүү керек.

 

Баланы өбүү

Шариат боюнча, эркек адам энесин, кызын оозунан өппөшү керек. Ошондой эле аял да эркек баласын оозунан өбүүгө болбойт. Агасы да эжесин, карындашын оозунан өбүүсүнө исламда тыюу салынган. Жөн гана бетинен, маңдайынан сүйүп койсо болот. Оозунан өбүүгө аял менен күйөөсүнө гана уруксат берилген.

 

Бала менен ойноо

Ата-эненин балдары менен чогуу ойноосу алардын тарбиясында чоң роль ойнойт. Мамилеси жакшырат, бири-бирине болгон ишеними артат, мээрими жанданат. Балдарынын өз алдынча ойноп жатканын да көзөмөлдөп туруусу керек.

 

Окутуу

Заман талабына ылайык балдар башка диндин өкүлдөрү менен да аралашып окуп калышат. Бул учурда анын тарбиясына, айлана-чөйрөсүнө дыкат көңүл буруу талап кылынат. Анткени бала чоңойгон сайын жүрүш-турушу, өзүн алып жүрүшү, сүйлөгөн сөзү өзгөрөт.

 

Куранды үйрөтүү

Балага жаш кезинен исламды, Куранды үйрөтүү абдан маанилүү маселе болуп саналат. Бул тууралуу Аллахтын элчиси мындай деген: “Эң мыкты адам – Куранды өзү үйрөнүп, билгенин башкаларга үйрөткөн адам”. Анын сыңары, ата-эне алгач өзүлөрү Куранды үйрөнүп, анын баалуулугун, Аллахтын китеби экендигин, эмнелер жазылгандыгын балдарына айтып берүүсү керек.

 

Спортко үйрөтүү

Исламда мылтык атуу, сууда сүзүү жана ат минүү балдар үчүн спорттун эң мыкты түрү болуп эсептелет. Бирок спорт менен бирөөгө күчүн көрсөтүү үчүн эмес, жарыштарга катышуу, саламаттыгын чыңдоо үчүн машыгуусу керек. Ата-энелерге балдарына жок дегенде спорттун бир түрү менен машыгуусуна шарт түзүп берүү сунушталат.

 

Баланы жазалоо

Аль-Фаузаан мындай деген: «Жазалоо – баланы тарбиялоо каражаттарынын бири». Тарбия берүү максатында баланы ата-эне, мугалим, машыктыруучу акырын колу менен чаба алат. Ошондой эле күнөө кетирген учурда күйөөсү аялын колу менен чапса болот. Бирок чапкан жер оорубашы, жаракат албашы керек. Анан бетке эмес, ийинге, колго чабуу керек.

 

Баланын чыгымы

Балдарды материалдык жактан камсыз кылуу – атанын милдети. Бирок элдин балдарынан өзгөчө кылып кымбат баалуу буюмдарды сатып берүү менен чыгаша кылганга болбойт. Ошондой эле бир үй-бүлөдө канча бала болсо, ар бирине бирдей чыгым кылыш керек. Бирөөсүнө арзан, экинчисине кымбат нерсе сатып берүү туура эмес.

 

Кызды тарбиялоо

Пайгамбар мындай деген: «Кимде-ким үч кызды татыктуу тарбиялап, чоңойтсо, кыямат күнүндө оттун азабынан корголот».

 

Баладан баш тартуу

Баланы аборт кылып, же башка жол менен өлтүрүү – эң оор күнөө. Аль-Исра сүрөсүндө мындай делет: «Балдарыңарды бага албайм, кедеймин деп өлтүрбөгүлө. Силерге кандай ырыскы берген болсок, алар да ошондой ырыскысы менен төрөлөт. Тамак-аш менен камсыз болот».

 

Балага жакшылык кылуу

Ар бир ата-эне өзүнүн баласы менен кошо башка балдарды да ойлой жүрүшү керек. Өзүнүн баласына жакшылык кылгандай башка бирөөнүн баласына жакшылык кылса, же болбосо бир жетимдин башын сыласа, ага аябагандай чоң сооп жазылат. Ошондой эле баласына жакшылык кылуу сооп иш экендигин үйрөтүүсү абзел. Анткени баланын кимдир бирөөгө жакшылык кылганы үчүн ата-энеси да Аллах тарабынан сыйлыкка ээ болот.

 

Шааркан Абдуллаева