Сапар ЭРКЕБАЕВДИН келинчеги Айгерим: «Сапар теледен ыры берилгенде башка каналга которо салат»

Сапар Эркебаев чыгармачылыктан чарчаганбы же ырдоого болгон кызыгы таркаганбы, айтор, үй-бүлө курганы сахнадан алыстап кеткен. Келинчегин кепке тартып сурасак үй-бүлөгө татыктуу кожоюн болуп, бизнесте ийгиликтерди жаратып жатыптыр. 

– Айгерим, Сапар экөөңөрдүн үй-бүлөлүк жашооңор кандай уланып жатат?

– Кудайга шүгүр, баары жакшы. Быйыл баш кошконубузга төрт жыл болду. Бир кыз, бир уулубуз бар. Уулубуз 3, кызыбыз 2 жашта, экөө тең бакчага барышат. Сапар балдарга абдан жакын, баласаак. Балдарына өз колу менен тамак жасап берет, жуундурат, эшикке алып чыгып сейилдетет, кайра өзү уктатат. Мен жуунтайын десем болбойт. Керек болсо кийимди да мага алдырбай өзү сатып келет. Аябай камкор, жумушта жүрүп жарым саат сайын телефон чалып: «Балдар эмне кылып жатат, эмне жешти?» - деп турат.

– Сага кандай жолдош?

– Сапар - үй-бүлө үчүн жаралган адам, абдан жакшы жолдош. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Ортобузда талаш-тартыш жок, же мен аны улуу деп, ал мени кичүү деп урушпайбызбы, айтор, сый мамиледебиз. Ачуусу оңой менен келбейт, а ачууланып калган учурда кандай мамиле кылышты билем. Жакшы сүйлөп койсоң бат эле жазылып, жаркырап чыга келет. Сапар менден он бир жашка улуу. Мени: «Көп эркелейсиң», - дейт, «эркелеш үчүн сизге турмушка чыккам», - деп тамашалап калам. Мен ага таянып турам. Ишиме түшүнөт, кийген кийимиме кийлигишпейт, курбуларымдын туулган күнү болсо уруксат берип, өзү балдарды карап турат.  

– Демек, кыялдарыңды орундатып турат экен да, романтикпи?

– Романтик деп айта албайм. Каалаганымды айтсам алып берет, өзү таап алып келе албайт. Майрамдарда: «Каалаганыңды ал», - деп акчасын гана берип коёт. Аялдар күтүүсүз белектерди жакшы көрөбүз го, дайыма күтөсүң, бирок болбойт. Турмушка чыккан алгачкы жылдары күтө берчүмүн, азыр көнүп калдым. Майрам чукулдаганда эмне кааларымды аныктап коём. 8-Мартка пальто алайын деп атам. 

– Гүл береби?

– Гүл көтөрүп келгенге да шыгы жок. Таанышканыбыздан бери беш жарым жыл болду. Бул аралыкта кыз-жигит кезде гана бир жолу гүл берген. Мен төрөгөндө апам: «Мээрман айымга гүл бериш керек», - деп Сапарга гүл алдырган экен. Ошол учурда мээрман айым жок болуп калып гүлдү капысынан мага берип калган.

– Сапар күйөрмандарына таптырбай чыгармачылыктан таптакыр алыстап кетти, эмне менен алек? 

– Жеке бизнесибиз менен алекпиз. Кыз-жигит кезде эле: «Биздин мамилебиз олуттуу. Үй-бүлө кургандан кийин ырдагым келбейт», - дечү. Болбосо мен анын ырдашына каршы эмесмин. Азыр туугандардын жакшылыктарына барып ырдоодон да баш тартат. «Барып койбойсузбу?» - десем, «жок, бүткөн», - деп коёт. Үйдө музыкалык аспаптары менен кээде музыка жазып калчу. Бирок азыр балдарыбыз кичинекей болуп иштегенге мүмкүнчүлүк беришпейт.

– Ырчылыкты биротоло таштаса, демек, бизнестин көзүн тааптыр да?

– Чынында Сапар кайсы чөйрөдө болбосун, эптүү адам. Буйруса, иштери жакшы, Кудай кааласа, ушуну менен эле кетет го.

– Эл арасында айтылган «Сапардын кайнатасы жогорку кызматта иштеген бай адам экен, ошого ырдабай калыптыр» деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

– Жок, ал себептен ырдабай калган жок. Жогоруда айткандай, экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле ушундай каалоосу бар болчу. Атам аябай бай деп деле айтпайм, орто жашаган адам. Ал эми “жогорку кызматта иштейт” деген кеп чын. Атам - сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү. Атам туугандарынын жакшылыктары болгондо: «Балам, ырдап бер», - деп калат, Сапар ырдабай турганын түшүндүрөт.

– Сахнага болгон кусасын байкайсыңбы?

– Жок, ал: «Кандай жашоону кааласам, азыр менде анын баары бар», - дейт. Үйдөн балдарына орусча, англисче балдарга арналган ырларды гитара, пианино менен ырдап берет. Бирок өзүнүн ырларын такыр ырдабайт. Ал турсун, теледен өзүнүн ыры берилип калса башка каналга которо салат. Балдары атасынын ырчы экенин билишпейт. Бир ирет балдарга теледен “атаңар” деп көрсөтсөм алар да тааныбай коюшкан. Балабыздын үнү бар. Кызыбыз ырга жакын, бирок Сапар: «Башка кесиптин ээси болушат, балам ырдаса каалаган учурда эле ырдайт, кызым болсо таптакыр ырдабайт», - дейт.

– Негизи сен Сапарды ырчы катары жактырдың беле же адам катарыбы?

– Биз таанышканда ырчы экенин билген эмесмин. Андыктан Сапарды ириде адам катары жактыргам десем болот. Экөөбүз жакындан таанышканда гана ырчы экенин айткан. Ырдаганын ошондон кийин интернеттен издеп таап көрүп уккам.

– Үй-бүлө кургандан кийин кемчиликтер байкалат эмеспи, кандай кемчилиги бар?

– Кемчилиги катары шашмалыгын айтар элем. Бир жакка баратканда күткөндү жаман көрөт, шаштырып эле турат. Шашканда автоунааны да абдан катуу айдайт. Ошентип атып эрте камынып, убагында барууга мени да көндүрүп койду. “Үйгө 2 сааттан кийин келем”, - десе сөзсүз айткан убагында келет. Мени бир жакка жиберсе, чек коюп жиберет, ошол убакытка чейин тынчымды албайт да, айтылган убакытта келип калбасам чалып баштайт. 

– Пикир келишпестик болгондо табышууга ким биринчи кадам жасайт?

– Меники туура эмес болсо да мырзалык кылып Сапар биринчи кадам жасайт. Мага: «Сен туура эмес кылдың, экинчи андай кылба», - деп түшүндүрөт. Улуу адамга турмушка чыккандын жакшы жагы ушул го деп ойлойм. Башында «сиз» дечүмүн, турмуш кургандан кийин “сен” дейин” десем макул болгон эмес, азыр да “сиз” дейм. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Хоббиси эмне?

– Тамак жасаганды, мен тамак жасап жатканда көрүп үйрөнгөндү жактырат. Өзгөчө тамак жасасам үйрөнүп алып, эртеси сөзсүз түрдө жасап көрөт. Кечээ мен жумушка кетип балдар менен калган. Келсем өз колу менен балдарга оромо жасап бериптир, таң калдым. Камырын өзү жууруп, өзү жайып, фаршынан бери өзү даярдап жасаптыр. Балдары оромосун жактырып кубанып олтуруптур. Тамакты аз-аздан, улам жаңы, анан түрдүү кылып жасаганды жактырат. Бош убактысында Ютубдан тамак жасоо тууралуу видеолорду көрөт.

– Жогорку Кеңеште иштериңден маалымдарбыз, учурда да ал жакта иштейсиңби?

– Жок, ал жакта иштебейм. Мен V чакырылыштагы бир депутаттын жардамчысы элем, азыр ал адам депутат эмес. Сапар менен өзүбүздүн бизнесибизде эле иштеп жатам. Балдарымды бир аз чоңойтуп алганча мага эркин жумуш ыңгайлуу болуп турат. Буйруса, мамлекеттик кызматтарда иштейм деген пландарым бар.

 

Динара ЧОКОЕВА