Жибек НУКЕЕВАнын эжеси Медина: «Жибектин абалы оор бойдон»

"Кыргызстан сулуусу-2013" сынагынын жеңүүчүсү, Индонезиянын Бали аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Жибек Нукееванын рак илдетине кабылганы тууралуу кабар өткөн жылдын соңунда тараган. Чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн каражат чогултулгандан бери Жибектин кийинки абалынан кабар алууну каалагандар арбын. Кыргыздын мончоктой кызынын бүгүнкү абалы кандай экенин эжесине байланышып билдик.

– Медина айым, учурда Жибектин абалы кандай?

– Жибектин абалы мурдагыдай эле оор бойдон. Өзүңөр билгендей, ал сөөк рагына кабылып онкологиялык ооруканада эки ай жатты. Ал арада эки жолу химия алды, бирок жардамы тийген жок. Анан дарыгерлер «эки жолку химия жардам берген жок, биздин колубуздан келгени ушул» деп ооруканадан чыгарып коюшкан. Андан кийин анализин дагы бир тактап көрөлү деп Түркиядагы клиникалардын бирине алып барганбыз. Тилекке каршы, алар да биздин дарыгерлер койгон эле диагнозду коюшуп, рак күчөп операция таасир бербей турган болуп калганын айтышкан. Ал жактан келип бир даба табылып калабы деген үмүт менен туш тарапка кат жаздык, интернетке чыгардык. Ошондо Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия борборунан «биз ушундай ооруларды дарылайбыз, жакшы болуп кеткендер болгон» деп билдиришти. Баасын сурасак, 80 миң евро турарын айтышкан. Анан бир айга чукул убакытта кайрымдуу адамдар тарабынан 90 миң доллар акча чогулуп Жибек Италияга барып келди.

– Эмне үчүн Прагага эмес, Италияга бардыңыздар?

– Жибектин шишиги чоңоюп, жаны абдан кыйнала баштаган. Ошондуктан Прагадагы Протондук клиникасынын дарыгерлери чоңоюп кеткен шишикти протон терапиясы менен эле жок кылып салуу оор экенин айтышты. Жибек азыркы учурдагы абалы менен операцияны көтөрө албайт экен. “Азырынча операция жасоо эрте” деп шишикти кичирейтүүчү дарыларды ичүүнү сунушташты. Ал дарыларды үч ай ичип, анан текшерилет. Эгер шишик кичирейсе, анда операция болот. Ага чейин Италияга барып АКШ менен Израилдин лабораторияларынан заманбап генетикалык-молекулярдык тесттерди тапшырып келди. Алардын да жыйынтыгын күтүп атабыз, болжол менен бир айдын ичинде келет экен. “Андан бул ооруга кабылгандыгынын себептери аныкталат” дешти. Жибек азыр ал жактан берилген дарыларды ичип жатат. Дарыларды жаңы эле ичип баштагандыктан азырынча өзгөрүү байкалбайт. Бизге Италиядан клиника табууга Улуттук онкология борборунун профессору, балдар онкологиясы боюнча иштеген Дамира Байзакова жардам берди. Ал эжеге абдан ыраазыбыз, ал бекер дарыланууга да сүйлөшүп берген.

– Бул сапарында операциянын каражаты кемиген жокпу?

– Кудайга шүгүр, эл бар экен, бизге керектүү акча топтолду. Ал жакка барып келгенге толугу менен “ЭЛСОМ” аркылуу чогулган акчаны сарптадык. Ал эми анализдерин «Мол Булак» банкы каржылап жатат. Алар Жибектин дарылануусу үчүн 5 миллион сом бөлүп беришпеди беле, ошондон бери колдоо көрсөтүп келишет. Аларга абдан ыраазыбыз, Жибекти “Кыргызстандын намысын коргогон сулуу” дешип жардам берип, баары менен камсыздашты. Элге абдан ыраазыбыз, элдин колдоосу менен Жибекке керектүү болгон каражатты чогулта алдык. Керек болсо каражат чогулуп жетиштүү болуп калгандыктан филармонияда музыкант болуп иштеген Бакыт Жумагуловдун баласына да жардам бердик.

– Жибектин тамак ичкени, өзүн сезүүсү кандай?

– Жакшы деп айтыш кыйын болуп турат. Ал чет өлкөдөн келгенде Ысык-Көлгө алып барган элек. Бир нече күн көлдүн таза абасында болду, эс алды. Азыр Бишкекте үйүндө. «Дабасыз дарт болбойт» дешет, анализдери жакшы чыгып, дартына даба табылып жакшы болуп кетсе деп турабыз. Тилегенибиз - Жибектин айыгып кетиши. Кичинекей баласын карап жүрөк ооруйт. Жибекти ойлоп абалын сурагандардын баарына ыраазычылык билдиребиз. Жибектин келечеги алдыда, ден соолугу жакшы болот деген үмүттөбүз.

– Баласынын жанындабы?

– Ооба, Жибек химиотерапия алганга баласын эмизе албаса да мээрим төгүп дайыма жанында. Иманды төрөлгөндөн бери чоң энеси жасалма жол менен тамактандырып багып жатат.

 

Алия Даниярова