Аял деген ким?

Аял - жашоонун жарыгы. Аял бар жашоо шаңдуу. Майрамды утурлай куудулдарыбыз аялдар тууралуу күлкү-чыны аралаш ойлорун билдиришти.

 

Рахман РАЗЫКОВ: «Аялдарды нервге ойногон музыкага салыштырса болот»

– Аял - эне, жубай. Ошондой эле аялдарды түлкү, жылан, арстан, мышык, нервге ойногон музыкага салыштырса да болот. Аял үйдө тынчтык, береке болсун, балдар ачка калбасын деп күйөт. Бирок баарына күйүп-бышып отуруп жаман көрүнүп алышат. Эркектерге эч унчукпаса эле ошол жакшы аял болот. Жакшы аял болуп отура берейин десе, эркек баары менен камсыз кылбайт. Бирок баарын жасап койсо деле аялдар сөзсүз бир нерсе табасыңар. Бир жолу Манас Бердибековдун үйүнө барып калдым. Бир бөлмөлүү үйдүн ортосуна көшөгө тартып эки бөлмө кылып коюптур. Манас: «Жүр, залга кирели, жүр, ашканага барып чай ичели», - деп калат, ортосунда болгону көшөгө. Анан: «Үйдү чоңойтуш керек эле», - дейт. «Кантип?» - десем, «бул жагына дагы бир көшөгө тартып койсом, кире бериш да болуп калат эле», - деп боорду эзген. Эртең менен уктап жатсак аялы: «Тур, 50 сом бер. Көйнөк алат элем», - деди. Манас турбай эле жаткан жерин аңтарып баштады. Аялы: «Болбойсуңбу?» - десе, «күндө 50 сом туушум керек эле, бүгүн боюман түшүп калыптыр», - дейт. Анын сыңары, ойлоп тапкан да аял, кайра эркекти кыйнаган да аял.

– Бир жакка барарда аялыңыз канча убакытта даяр болот?

– Бир жакка бара жатканда аял даяр болгончо күткөндү жаман көрөм. Ошондуктан беш мүнөт гана күтөм. Ошол убакта даяр болуп чыкса чыкты, чыкпаса өзүм кете берем. Аялды бир жолу ушинтип таштап койсоң, андан кийин сенден биринчи даяр болуп калат, болгону аны ошого үйрөтүп коюш керек.

 

 

Абдылда ИМАНКУЛОВ: «Аялым жокто үйгө киши келсе дасторконго нан коё албайм»

– Аял - эркектин тиреги, үйдөгү маселелерди чеччү адам. Аялсыз турмуш болобу, аял жок үйдө кут болбойт. Аялсыз үйдө мээрим, жылуулук жок. Аялым жок учурда үйгө киши келип калса керек болсо дасторконго нан коё албайм. Кирип-чыгып эле «азыр» деп жүрө берем.

– Мас болуп келгениңизде аялыңыз кандай тосуп алат?

– Мас болуп келгенде кандай тосуп алганын билбей каласың да. Ал эми чала мас болуп келгенимде жакшы эле тосуп аларын билем. Менин үйгө соо келгеним, мас же кызуу келгенимдин эч айырмасы жок. Ошондуктан аялымдын жүзүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Бир жолу үйдө карындашым менен аяшым отурган. Мен мурунку күнү конок тосуп ичип алганга ооруп кыйналып аткам. Аялым чоңураак стаканга арак куюп келип: “Эй, муну алып жиберсең», - деп аракты көтөрүп артыман жүрөт, мен: “Койчу эй, болбойт», - деп кирип-чыгып жүрөм. Күйөө балам менен досум экөө тең ичкенде өзгөрүп калган немелер да, экөө бизди оозун ачып карап «айланайын Кудай, күйөөсүнө өзү арак кыстаган аялды биринчи жолу көрүшүбүз» дешкен.

 

 

Жамбыл КАМЧИЕВ: «Аялыма жыйырма жыл мурун бир жолу гана колум тийген»

– Аял – назик зат. Күн ысык болсо да, муздак болсо да соолуп калат. Аны өтө капа кылбай, өтө ыйлатпай, аяр мамиле кылып, гүлгө суу куйгандай кам көрүп туруу керек. Биздин айылда бир киши өзүнүн аялын сүйүп калыптыр. Акыл-эси жайында эмес болсо керек да, өзүнүн аялын да адам сүйөбү. Ал киши болсо аялын сүйүп, айтканын аткарат экен. Аялы да бир чоёктогон неме экен, күйөөсүнө: «Мен талгак болуп атам», - дептир. Күйөөсү: «Анда базарга барып алма, помидор, бадыраң алып келейин», - десе, «жок, уялып атам, уйдун...» - дептир. «Аа, уйдун этиби?» -десе, “уйдун тезеги”, - деген имиш. Баягы киши чуркап кошунасынын уюнун тезегин алып келип берсе, «туз-пуз септиңби?» - дейт. Туз, калемпир, бал, вареньеден кошуп аралаштырып: «Даяр болду», - деп берсе, «өзүң биринчи ооз тийип көрчү», - дептир. Аялын сүйөт да, кашык менен азыраак ооз тийип көрүп: «Ий, жакшы эле экен, бир аз жыты болбосо жегенге болот», - десе, аялы: «Ээ, болду жегим келбей калды», - дептир. Аялдар ушундай куу болот, сөзүн уга берсең ар балээни жедирип коюшу мүмкүн. 

– Аялыңызга колуңуз тийген учур болду беле?

– Мындан жыйырма жыл мурун бир жолу гана колум тийген. Ошол учурда аялым туура эмес сүйлөп койгон, ачуум келип көкүрөккө бир койгом. Өзү да чочуп андай сүйлөбөш керек экен деп калган. Андан башка колум тийип көргөн эмес, ачуум келгенде: «Акмак экенсиң, ит экенсиң!» - деп кыйкырып гана коём.

 

 

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ: «Эркектер аялзатына ылайыкташып жашаганыбыз туура»

– Аял кабыргадан жаралган. Ошондуктан эркектер аялдарга теңелбеши керек. Урушуп атса кабырганы эле элестетип тура бериш керек. Аялды башкарам деп аракет кылган туура эмес, анткени кабырганы түздөйм десең сынып калат. Кандай болсо, ошол бойдон кабыл алып сылап-сыйпап жашай берген туура. Алардын күчү тилинде. Илимпоздор изилдесе аял бир күндө 35 миң сөз сүйлөсө, эркек 10 миң сөз сүйлөйт экен. Эркек жумуштан сөзүнүн баарын түгөтүп келгенче болгону 10 миң сөзүн түгөткөн аял дагы 25 миң сөзү менен күтүп турат. Аны эркек уккусу келбей «башты оорутпа» деп жатып алганы туура эмес, антсе эртеси 50 миң болуп топтолуп калганда көрөт. Андыктан эркектер аялзатына ылайыкташып жашаганыбыз туура.

– Аялыңызга тапкан акчаңызды алып келип бересизби?

– Акчаны мен кармайм. Аялым менден сурап турат. Анткени аял эркекке таянып жашайт. Ага улам-улам акча берип турсаң, ошондон да ырахат алат. Мен ырахатты бир берип койбой, улам-улам берип турам. Негизи аял эркектен бир нерсе сураш керек болгондо кошомат кылып калат. Эгер эркек эшиктен кирип келгенде жакшы тосуп алып «кел, чай даяр» десе миң сомдон 2 миң сомго чейин акча сурайт. Ал эми пальтоңду чечип алып «чарчаган жоксуңбу?» деп тамак даярдап койсо, он миң сомго чейин акча керек болуп аткан болот. Жумуштан келе жатканыңда эле телефон чалып «эмне тамак жасап коёюн?» деп, үйгө келсең ашканага эмес, залга дасторкон даярдаса, элүү миң сомго бирдеме сатып алып койгон болот.

 

 

Тынар КУРБАНАЛИЕВ: «Аял - көйгөйлөрдү эстетип туруучу зат»

– Аял - жашоону унутуп бараткан эркекти эсине келтирип турган нерсе. Көйгөйлөрдү эстетип туруучу зат десем болот. Азыр технологиянын өнүгүшү менен эркектерге жашоо жеңил болуп бара жатат. Кир жуучу машина бар, тефаль чайнекке суу кайнатып, кукси жасап ичип аласың. Ушинтип эркекке керектүү технология өнүгө берсе, эркек төрөгөндү үйрөнүп алса, бара-бара эркекке аялдын кереги жок болуп калат го деп ойлойм.

– Аялыңыздан акча катасызбы?

– Аялынан акча каткандарга таң кала берем. Мен көрүп эле жүрөм, кээ бир эркектер өзү иштеп тапкан акчаны аялына берип коюп, кайра жиндиге окшоп сурап, сураса аялы бербей коюп жүрө беришет. Мен тапкан акчаны алып барып эле сейфке салам да, керектүүсүн чекесинен ала берем.

 

Келдибек НИЯЗОВ: «Эркекти кубандырган да аял, ачуусун келтирген да аял»

– Аял - үйдүн куту, очок. Алыстан келатканда үйдө түтүн чыгып жатса эне бар экенин билебиз. Эркекти жакшы сөз айтып кубандырган да аял, ачуусун келтирген да аял. Аял деген жаман сөздү да жакшы сөз кылып айтып коёт. Мисалы, менин аялым да элдин баары колдонгон «өлүгүңдү көрөйүн» деген сөздү колдонот. «Өлүгүңдү көрөйүн, эшикти карагылачы, электрик келди окшойт», - деп беймарал айтат. Кээде кыйкырса укпай калышса: «Өлүгүңдү көрөйүн, укпай өлүп калдыңарбы?» - деп кирип келет. Ал сөздү жакшы сөз катары эле колдонот.

– Бир аялга өмүр бою кантип чыдап жашап келе жатасыз?

– Бир аял менен туруктуу жашап келе жаткан мен, Күмөндөр, Жамбыл үчөөбүз элек. Бирок Жамбыл ал нерсени бузуп Күмөндөр экөөбүз эле калдык. Аялым абдан токтоо, мен шайырмын, экөөбүздү көргөндөр «туура баш кошуптурсуңар» деп калышат. Мен сүйлөп атамбы, какшыктап атамбы, урушуп атамбы, аялым «айта берет» деп коюп отура берет. Эгерде ал мени менен кошо ажылдашканда, 42 жыл чогуу жашабай калмакпыз. Бизде баары болду. Экөөбүз эки баланын ата-энеси болдук. Себеби батирлеп көп жүрүп калдык да. Орустардын батирине барсак «канча балаңар бар?» деп сурачу, “бир” десек, «башка болбойбу?» дегенде баш ийкегенге туура келчү. Ошентип жүрүп үйгө жеткенде жашыбыз өтүп кетиптир.

 

Динара ЧОКОЕВА