ТООК ЭТИНЕН тамактар

Фаршталган тоок эти

Кандай азыктар керек?

Тоок эти – 500 г

Сыр – 100 г

Сарымсак – 2 тишче

Майонез – 3 чоң кашык

Каймакмай – 3 чоң кашык

Салат жалбырагы

Кантип жасалат?

Тооктун этин эт жанчкыч атайын балка менен жанчып, тегерек формага келтиресиз.

Сырды, сарымсакты, салат жалбырагын майдалап, баарын аралаштырып фарш жасайсыз.

Ушул фаршты тооктун жанчылган этинин ортосуна салып ороп, майга кууруйсуз.

Андан соң сыртына майонез сүйкөп, духовкага коюп бышырасыз.

Гарнирине картошка фрисин берип, салат жалбырагы менен кооздоп койсоңуз болот.

 

Тоок котлети

Кандай азыктар керек?

Тоок эти – 500 грамм

Жумуртка – 1 даана

Ун – 2 чоң кашык

Майонез – 250 грамм

Майдаланган укроп – 2 чоң кашык

Майдаланган петрушка – 2 чоң кашык

Өсүмдүк майы – 4 чоң кашык

Туз

Кантип жасалат?

Тоок этин кубик түрүндө болжол менен өлчөмүн 1х1 сантиметр кылып туурап, үстүнө 150 грамм майонез куясыз да, маринаддоо үчүн муздаткычка 2 саат сала турасыз.

Маринаддалган этке ун, туз, жумуртка кошуп жакшылап аралаштырасыз. Жука котлет формасына келтирип эки жагын кызаргыча кууруйсуз.

Жасалгалоо үчүн майонездин калганын майдаланган петрушкага аралаштырып, үстүнө куясыз.

Котлетти берерде үстүнө укроп себелеп, соус куясыз. Гарнирге кайнатылган ракушка формасындагы макарон берсеңиз болот.

 

Тоок рулети

Кандай азыктар керек?

Окорочка – 4 даана

Сабиз – 4 даана

Сарымсак – 4 тишче

Майонез – 4 чоң кашык

Петрушка – 1 тутам

Козу карын – 200 грамм

Кыргычтан өткөрүлгөн сыр – 4 чоң кашык

Туз, мурч

Кантип жасалат?

Окорочканы жууп, кургатып, терисин бүтүн калгыдай кылып этияттык менен сыйрып аласыз.

Сөөгүнөн ажыратылган окорочканын этин майдалап туурайсыз, сабизди кыргычтан чоң-чоң кылып өткөрөсүз, сарымсак менен петрушканы майдалайсыз, козу карынды кайнатып, узун-узун кылып туурап аласыз.

Эми тооктун терисинин үстүнө алгач туздалган тоок этин, анын үстүнө сарымсакты коюп бир аз майонез сүйкөйсүз, анан сабизди, сырды, козу карынды, анан петрушканы коёсуз да, бир аз мурчтан себелеп, терини рулет кылып оройсуз. Сыртынан жип менен байлап, калган майонезди бир сыйра сыртына сыйпап духовкага 40 мүнөттөй коюп коёсуз.

Рулеттин сырты кызыл түскө айлана баштаганда духовкадан чыгарып, калыңдыгын бир сантиметрдей кылып кесип, бере берсеңиз болот. Гарнири өз каалооңузга жараша болот.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА