Кир жуучу машинадан жагымсыз жыт чыгып жатат, эмне кылуу керек?

Кир жуучу машинаңыз үчүн сапаттуу каражаттарды пайдаланып, ага жетиштүү кам көргөнүңүзгө карабай андан жагымсыз жыт чыгып жатат. Эмне кылуу керек? Алгач анын себептерин изилдеп көрөлү.

 

• Мунун негизги себеби эң эле жөнөкөй. Сиз кир жуулуп бүткөн соң машинанын эшигин тыгыз жаап саласыз. Эсиңизде болсун, кир жуучу машинага андагы нымдуулук бууланып чыгып кетүү үчүн убакыт керек. Андыктан жок дегенде эки саат капкагын кыйгач жабылган абалда калтырыңыз.

 

• Ошондой эле кир жуулуп бүткөн соң эшигинин айланасындагы резина алкагын кургак чүпүрөк менен аарчып койгонду унутпаңыз. Анын катмарларынын арасында суу, майда кыпындар калып кетет да, бул жагымсыз жытка эле эмес, көктүн пайда болушуна жеткирет.

 

• Айнанын сапатсыздыгы же өтө көп өлчөмдө кошулгандыгы да кир жуучу машинанын жагымсыз жытынын дагы бир себеби болуп саналат. Машинанын дубалдарына жармашып калган айнанын калдыктары бара-бара сасый баштайт.

 

• Фильтр ар кандай таштандыларды - кийимден чыккан түктөрдү, жип, топчу, а түгүл, тыйындарды канализацияга өткөрбөй кармай калуучу кызматты аткарат. Бул фильтрди жарым жыл сайын тазалап туруу сунуш кылынат. Болбосо анда топтолгон «байлыктар» чирип, жыттана баштайт.

 

• Кир жуучу машинанын барабанын кир кийимдерди сактоочу жайга айлантпаңыз. Элестетиңиз, машинанын ичи нымдуу, а сиз ага кир кийимдерди салып койдуңуз. Натыйжада бактериялардын көбөйүшүнө эң сонун шарт түзүлдү. Андыктан кир кийимдерди салуучу башка буюм табыңыз.

 

• Машинанын эски шлангы да жагымсыз жыттын себепчиси болушу мүмкүн. Ага чогулган таштандылар, айнанын калдыктары сасык жытты пайда кылат.

 

• Ошол эле таштандылар машинанын ТЭНине чогулушу мүмкүн. Мындай учурда жагымсыз жыттын булагы машинанын дал ошол бөлүгү болот. Кирди төмөнкү температурага коюп жууганда көк жыттанса, жогорку температурада күйүк жыттанса, ТЭНден деп биле бериңиз.

 

Кантип арылуу керек?

Атайын кир машинага арналган химиялык каражаттарды пайдаланып туруңуз. Же болбосо айна салган чөнтөгүнө лимон кислотасынан салып, машинаны куру айлантыңыз. Суунун температурасы 60 градустан кем болбош керек.

 

Айзирек Урматбекова