Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Таалай

Туулган жылы: 1971-жыл 16-апрель

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай айымдар жагат? Кичи пейил, туруктуу, терең ойлонгон, жылдыздуу, таза, сабырдуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 71 45 04

– Мен ата-энемден эрте калгам. Кийин турмуш куруп, бир кыздуу болдум. Бирок кайын журтум жашоомо кийлигишип ата-энемдин жоктугун айта беришти. Бир ирет кайнагам келип чатак чыгарды. Мен да ачуум менен: “Карындашыңды ата-энелүү адамга берип ал”, - дедим. Ал карындашын алып кетип калды. Ошону менен кызымды карап жалгыз бой жашап келдим. Кызымдын апасы болсо көп өтпөй жаңы жашоо баштап кеткен. Учурда кызым турмушта. Эми дагы бир ирет турмуш куруп бактылуу жашоого умтулуп көрөйүн деп жатам. Мага кайсы жерден болсо дагы 37 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Бир баласы болсо багып алууга макулмун. Мен андай-мындай деп ашык талап койбойм. Жалгыз бой жашоо менен аялдын түйшүгү кандай оор, кандай көп экенин билип калгам. Мага болгону иштен келгенде жаркылдап тосуп алып турган аял болсо болду. Чалыңыздар.

 

 

Бакыт

Туулган жылы: 1986-жыл 1-январь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, ыймандуу, сарамжалдуу, мамилечил, боорукер

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 81 10 00

– Мен бир кыздын атасымын. Кызымдын апасы менен аз эле убакыт жашап ажырашып кеткем. Анын себеби жаштык болду окшойт. Ал кезде жарашууну деле ойлонбой жүрө бериптирмин. Убакыт учуп 5 жыл бат эле өтүп кетти. Эми кайрадан турмуш куруу керектигин ойлоп бул кызматка кайрылып жатам. Мага биздин аймактан 22 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Баласы болсо бирөө гана болушун каалайм. Мындан башка майда маселелерди жеке сүйлөшүүдө чечип алабыз деген ойдомун.

 

 

Эрнис

Туулган жылы: 1983-жыл 12-апрель

Кесиби: ширетүүчү

Иштеген жери: курулушта кесиби менен иштейт

Жердиги: Ош облусу Алай району

Кандай айымдар жагат? Жөнөкөй, турмуш-тиричиликке тың, токтоо, түшүнүктүү, таза

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0777 47 48 46

Мен атамдан жаш калгам. Алты бир туугандын үчүнчүсү жана эркек балдардын улуусумун. Апамдан болсо кийин эле айрылдык. Апам менин келинчегиме жоолук салбай, чайын ичпей кетти. Ушул кезге чейин эмнеге турмуш курбаганымды так бир нерсе менен түшүндүрө албайм. Айтор, буйрук ушундай го. Эми “эч болгончо кеч болсун” деп турмуш курууга бел байлап жатам. Келечектеги келинчегимдин жердиги мааниге ээ эмес. 20 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Эми бул куракта кыздар деле болбосо керек, бир никеде болгон, бир балалуу келиндер менен таанышууга макулмун. Мен шаарда жашап көнүп калдым, кийин да шаарда турабыз деген ойдомун, андыктан ушул шартка ылайыкташкан, макул болгондор чалыңыздар.

 

 

Аскат

Туулган жылы: 1976-жыл 2-сентябрь

Кесиби: укалоочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ысык-Көл облусу Түп району

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, туруктуу, токтоо, түшүнүктүү, сылык

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0559 50 53 76

Мен эки жолу никеде болгом. Биринчи никемден бир кызым бар. Ал аялым менен бир жылдай эле жашап ажырашкам. Жаштык кылыптырмын. Андан кийин он жылымды бойдокчулукта өткөрдүм. Экинчи ирет турмуш куруп, андан да жолум болбоду. Себеби экөөбүз бири-бирибизди такыр түшүнүшө албай койдук. Андан бери дагы беш жыл өтүп кетти. Эми тобокел деп дагы бир жолу бактымды сынайын деп жатам. Мага Кыргызстандын кайсы жеринен болсо дагы 25 жаштан 35 жашка чейинки келиндер чалыңыздар. Бир-эки баласы болсо кыз-эркек дебей багып алууга макулмун. Жашообуз айылда өтөт, бул жагын эске алыңыздар.

 

 

Идирис

Туулган жылы: 1989-жыл 28-март

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: курулушта кесиби менен иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Намаз окуган, ыймандуу, туруктуу, сылык, боорукер, токтоо

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0556 24 83 48

Мен намаз окуйм. Эки жылдай мурун турмуш кургам. Бирок жар тандоодо жаңылган экенмин. Аялым никеде экенине карабай балдар менен сүйлөшүп, жакшы жүрүм-турумга ээ боло албай койду. Мындай аялдан эркектин баары эле баш тартса керек. Мен да ажырашууга аргасыз болдум. Чынын айтсам, андан бери аз эле айлар өттү. Бирок убакытты өткөрбөй жаңы жашоо баштай берейин деп жатам. Мага мүмкүн болсо оронгон, эч болбоду дегенде намаз окуган аялзаты керек. Мындай айымды тапсам, турмуш баштоого даярмын. Жашы 20-28 жаштардын ортосу болсо болот.