Лира: “Апам мени экинчи күйөөмдөн да ажыраштырганы жатат”

Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Лиранын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.

– Жашым 35де, Кант шаарында турам. Эки баланын энесимин. Апамдын ашкере камкордугу менин бактыма жол тосуп келет. Акыркы кезде бул боюнча апам менен жакшы келише албай калган үчүн сырымды ортого салууга аргасыз болдум.

Балалыгым бактылуу өттү деп айта албайм. Апамдын айтуусунда, атам аны алдап кеткен. Ошону менен жалгыз бой калып, мени жалгыз багып өстүрдү. Ырас, эч нерседен кем, эч кимге кор кылган жок. Мен үчүн турмушка да чыкпай койду. Мунун баары мага кадыресе көрүнүш эле. Маселенин башаты менин алгачкы махабатымда байкалды.

Апам “аталуу кыздан кем кылбайм” деген убадасына туруп мени жогорку окуу жайга тапшыртты. Канттан барып-келип окуп жүрүп бир таксист бала менен таанышып калдым. Кийин мамилебиз жакшырып сүйүүгө жетти. Жагымдуу сезимдердин курчоосунда жүрүп бир күнү мамилебиз тууралуу апама айттым. Мен күткөндөй жакшы жооп болбой апам ачуулана:

– Экинчи кулагыма жигит аттууну угузба. Сен окушуң керек. Жигит жандаган менин күнүм мына, жалгыздыкта калдым, - деди.

– Апа, тагдырдын баары окшош болбойт да. Тескерисинче, ал сизге уул болот...

– Дагы “уул болот” деп... Эгер эле аныңа дагы жакындачу болсоң, окууңа да ыраазымын, отур үйдө.

Апамдын бул мамилесинен кийин чын эле азыр жашмын, байкуш апамдын үмүтүн актайын деп жигитимден алыстап кеттим. Күндө өтчү жолдон айланып, күндө түшчү унааларды алмаштырып жакшы эле убараландым. Бирок ага болгон сезимим өчкөн жок. Ал да мени унутпаптыр. Жарым жыл өтпөй ала качып алды. Чындыгында ага көңүлүм болгондуктан көп чырдабай отуруп калдым. Артымдан кууп келген апам кыйла айгай салып кудаларын бир топ убара кылды. Акыры кантип тилин табышты билбей макул болуп кетиптир.

Жашоом жакшы уланып жатты. Кайын журтум жакшы кишилер, уулдуу болдук. Анан кыргыздын салт-санаасын аткарчу убакыт да келди. Бир тараптын шарты болсо, бириники болбой жатып кайын журтум апамдын алдына түшүп барганча 3 жылдай өтүп кетти. Кызга төркүнүнө баруу кандай жагымдуу, эки тарап жакшылыкта жолугуп атат деп мен өзгөчө кубандым. Той ортолоп калганда апам мени өзүнчө чакырды.

– Үч жыл жүрүп калыңга топтогону болгону ушулбу? – деп жүз аарчыга оролгон акчаны алдыма ыргытты.

– Эмне экен? Азбы?

– “Азбы” деп?.. Силерди тосом деп үйдү канча ремонт кылдым, канча оокат алдым. Дасторконучу? А сени багып чоңойтконумду айтпай эле коёюн... – апам албууттанып, бирок ачуусун жашыра тиштенип алып мени зекип жатты.

– Апа, анча ачууланбаңызчы. Аз десеңиз, дагы кошуп беришер кийин деле. Бүгүн той го.

– Тойдон айланасыңбы? Азыр алып келбегенин кийин берип жыргатмак беле. Ме, муну өзүлөрүнө бер да, киңкилдебей үйдө кал. Сенсиз кетишет.

Апамдын бул айтканына анча ишене бербей бир ыйлап алып сыр бербей элге аралашып отуруп калдым. Бирок апам сурданып кабагын ачпай, кайын журтумду ачык эле кагып-силкип туруп алды. Акыры максатына жетип аларды чын эле менсиз узатып ийди. Апам акча үчүн мындай кылат деп такыр ойлогон эмес элем.

Жолдошум таарынычы тарап калган кезде бир келиптир. Бирок апам ачуу кептерди айтып көңүлүн оорутуп, мага кезиктирбей кетирип жиберген экен. Ортодон жарым жылдай убакыт өткөндө биротоло ажырашканыбызды кат аркылуу билдирди. Түшкө кирбес кылыгы үчүн апама таарынарымды, же апама теңелип уулум экөөбүзгө келбей кеткен күйөөмө таарынарымды билбей ыйлап кала бердим. Көп өтпөй күйөөмдүн жаңы турмуш баштаганын угуп биротоло түңүлдүм.

Таарынычым ичке катылып беш жылымды балама арнап жалгыздыкта өткөрдүм. Туура беш жыл болот дегенде медпунктта бошой калган орунга пол жуугуч болуп ишке кирип алдым. Негизи генибиз ушундай болсо керек, апам да, мен да өзүбүздүн курагыбыздан жаш көрүнөбүз. Жаңы ишке кирген кезде эле мени ал жерде иштеген жигит айланчыктап калды. Башында жалгыз бой аялды пайдалангысы келген катардагы бир эркек катары кабыл алгам. Бирок анын мамилеси андай эместиги бат эле белгилүү болду. Намысбек чын дилинен жагымдуу маанай тартуулап, мага жагууга дайыма аракет кылды. Бирок мен бул маалда кайрадан турмуш куруудан биротоло түңүлүп калган элем. Болгондо да анын менден кичүү экендигин эске алып салкын мамиле кылып жүрө бердим. Бирок менин каршылыгым анын күчтүү сезимдерин жеңе албады. Күтпөгөн күнү, күтүүсүз жерден биз бир адамга айланып кеттик. Денебиз биригип калгандан кийин менде да жылуу сезимдер пайда болду. Биз чын дилибиз менен, сагыныч менен жолугушууну адат кылдык. Бирок дагы деле мамилебиз никеге жетет деп ойлогон эмесмин. Бир күнү Намысбек: “Мындан ары минтип жашырынып жашоого макул эмесмин. Уулуңду өгөй дебейм, ишен. Мындан ары ишке бир үйдөн келип, иштен бир үйгө барып туралы”, - деди.

Апам бул ирет мен аны укпасыма көзү жеттиби, уулумду жетелеп, кийимимди чогултуп чыгып кетишиме каршы деле болгон жок. Жан дүйнөмө эркектин мээрими, камкордугу, эркелетүүсү жетишпей келген экен. Жолдошумдун жанында өзүмдү бактылуу сезип, дүйнөм тегиз болуп жашап жаттым. Ырас, Намысбектин ишинен башка эч нерсеси жок эле. Керек болсо ата-эне, бир туугандары дагы. Өз аракети менен окууну бүтүп, ары-бери кагылып-согулуп жүрүп эми кесиби менен иштейин деп биздин шаарга келген экен. Айлыгыбызды батир менен азык-түлүккө жеткирип жашап жаттык. Акчабыз болгондо апама барып турабыз.

Жыл айланып наристелүү болдук. Намысбектин кулк-мүнөзүнүн жакшы экенин ушундан билиңиз, “уулубуз бар эле, эми кыздуу болдук”, - деп кубанды. Айтканындай эле, уулумду өгөйсүнткөн жок. Ал турсун, сырттан караган адамга ал өзүнүн эле уулу дегенчелик таасир калтырчу. “Жалгыз тоокко да жем керек” дегендей, бир баш болсо да кошулуп, керектөөлөрүбүз арбып баратты. Жалгыз жолдошумдун мамлекеттен тапканы аздык кылып жатты. Мындай жетишпестикке эки жылдай чыдадык. Бирок дайыма минтип жашоо мүмкүн болбой калды. Биринен тартып бирине жеткирип, акыры карыз болуп баштаганыбызда кеңешип жолдошум ишинен чыгып шаарга курулушка иштеп кетти.

Башында унчуккан эмес, бирок бир жылдай өткөн соң апам күйөө баласынын курулушта кара жумуш кыларынан намыстанарын айтып чыкты. Унчукпадым. Бир күнү Намысбек иши кеч бүтүп, эрте башталарын айтып шаарда калып калды. Мындай учур мурда да эки-үч курдай болгон. Мен эч жаман оюм жок балдарды алып эрмектешкенче деп апамдыкына барып калдым. Тамактанып бүткөн соң кептен-кеп чыгып отуруп апам:

– Минтип бир келбей калат, эки келбей калат, анан акчасы бар бир катындын үстүнө кирип алат да, сени талаага таштайт. Каласың эки балаңды кучактап, - деди.

– Эмнеге мынча жаман ойлойсуз? Керек болсо ушул эки бала үчүн кечке калып жүрөт. Намысбек антип ойноп кетчү эркек эмес, - дедим ачуулана.

– Боюңда жокпу?

– Жок, эмне болуп кетти?

– Жок болсо ырас болуптур. Анда ушунчаңда андан кет. Дагы тууп бала басты болуп же үйгө жетпей, же эл катары кийим кийбей өтүп кетмек белең. Азыр эрлүү катындарга караганда эрсиз катындар тың жашашат. Ары тартып, бери тартып тырмышкан жашооңорду карап отуруп бери жактан мен жүдөп бүттүм. Балдарыңды мен карайм, иштеп кебете-кешпириңди оңдо.

– Апа, оң эле турам. Оң эмес жеримди көрбөй коюңузчу. Мени ажыраштырбай эле карап бериңиз балдарды. Иштейин, - дедим.

– Билесиңби, мен балдарыңды карап, сен иштесең, эриң биротоло баарын сага үйүп коюп күндөп эмес, жумалап жоголот. Деги кайсы ырысына кызыгып ага жармашасың. Мен сени эрсиз эле канаттууга кактырбай чоңойттум эле го...

Мен балдарымды алып кетип калдым. Апамдын айткандарынын бирине түшүнүп, бирине түшүнбөй башым катты. Байкасам, Намысбек апамдын божомолундай башкага басып кетчүдөй деле эмес. Деги эле анын менден, менин андан кетейин деген ойлорубуз жок. Ырас, жашообуз жакшырса, эл жеткенге биз да жетсек экен дейбиз. Бирок айрымдарча мындай жашообузга наалат айтып ыркырашып-чыркырашпай ынтымакта эле жашап келатабыз.

Менин коркконум - апам мени дагы өзү билип ажыраштырууну чындап максат кылып алганбы дейм. Өткөндөгү чатагыбыздан кийин мен аныкына бара элекмин. Ал болсо башынан эле чакырмайын биздикине келбейт. Бирок телефондон мага түркүн каттарды жазып беймаза кылып жатат. Бирде “менин сенден башка кимим бар эле. Бактылуу жашооңду көрүп бактылуу болом деп ойлодум эле, жарыбадың. Өзүндү-өзүң билип жүрүп жок болосуң го” деп таарынса, бирде “ушунчаңда эсиңе кел. Ушул жашка келгенче бир быдыры жок эркек качан байып, сени качан жыргатат эле. Мен анын жашында жалгыз бой аял экениме карабай үй алып койгом...” деп дагы далай кеп жазат. Мындай каттарды окуп калып жолдошумдун көңүлү оорубаса экен, ал апамдын теңсинбеген мамилесин билбесе экен деп жаным чыгат. Мен апама бактылуу экенимди, балдарымды атасыз калтырып ажырашкым келбестигин деги эле жеткире албадым. “Сиз бир кезде алдыңызга түшүп келген бардар жашоомду кесир кылган үчүн минтип жок жашоого кептелип калдым” деп таарынып деле оюн өзгөртө албай койдум. Айтор, беттегенин бербейт. Апам кара жинине салса бир кездегидей бул жашоомду да бузуп салабы деп корком. Апам эркектерди ушунчалык жаман көрөбү, түшүнбөйм. Кээде карылык эрте келип алжып атабы деп кетем. Деги эмнеси болсо да апамды тынчтандыруунун бир жолун таппасам болбойт го?..