Арыктатуучу каражаттар пайдалуубу же зыяндуубу?

Замандын өнүгүшү менен арыктоонун ар кандай жолдору пайда болууда. Алардын бири – кыска убакытта арыктатуучу каражаттар. Булар ашыкча салмактан арылтканы менен ден соолук үчүн кооптуу жагдайды да жаратат экен. Төмөндө өлкөбүздө кеңири жайылган заманбап арыктатуучу каражаттардын айрымдарына токтолуп көрөлү.

 

“Жидкий каштан”

Курамында гуарана деген таасир этүүчү заты бар порошок түрүндөгү арыктатуучу каражат. Амазонка дарыясынын жээгинде өскөн жемиштен жасалат. Организмге түшкөн тамактын калориясынан арылтуу менен ашыкча салмактан арылтат. Анын жардамы менен 1 айда 7 килограммга чейин салмак таштоого болот.

Пайдасы:

Салмакты азайтуу менен жүрөк-кан тамыр, кант диабети ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтат;

Кан айланууну жакшыртуу менен целлюлиттин алдын алат;

Организмди токсиндерден тазалайт;

Курамындагы минералдар менен антиоксиданттар иммунитеттин деңгээлин сактайт;

Организмдеги майларды эритет.

Зыяны:

Кан басымды көтөрөт;

Гастрит жана башка ашказан оорусу барлар үчүн кооптуу;

Уйкусуздукка алып келет;

Организмден пайдалуу микроэлементтердин заара менен кошо чыгып кетүүсүнө жол берет;

Борбордук нерв системаны жабыркатат. Мындан улам адам бат чарчап, алсыз боло баштайт.

 

“Ягоды годжи”

“Кызыл алмаз” деп аталган бул каражат кытай уламыштары боюнча, жаштыкты алып келет. Нинся-Хуэй кытай провинциясында 5000 жылдан бери өсөт. Эң биринчи Австралияда целлюлитке каршы каражат катары колдонулган, кийинчерээк АКШ, бүтүндөй Европага ракка каршы каражат катары тараган. 2 жумада 1,5 килограмм салмактан арылтат.

Пайдасы:

С витамини, темир, фосфор, кальций, бета-каротинге бай болгондуктан иммунитетти чыңдайт жана көздүн көрүүсүн калыбына келтирет;

Кандагы канттын, холестериндин деңгээлин төмөндөтөт;

Ичегилердин иштешин жакшыртып, ич катуунун алдын алат;

Теринин абалын жакшыртат;

Организмдеги ашыкча суюктуктан, шишиктен арылтат;

Зыяны:

Ашказан, ичегилерде желдин пайда болушуна алып келет;

Мурундан жана башка органдардан кан агууну күчөтөт;

Бойго бүтүрбөөчү каражаттардын натыйжалуулугун азайтат;

Кош бойлуулар колдонсо, баланын өнүгүүдөн артта калуусуна алып келет;

Аллергияны, уйкусуздукту пайда кылат.

 

“Зелёное кофе”

Арыктатуудагы негизги сыры курамындагы хлорогендүү кислотада. Бул кошулма майды эритүүчү касиетке ээ. Анын мекени – Эфиопия. Мурунку убактан бери эле салмакты бир калыпта кармоо максатында колдонулуп келет. Аты айтып тургандай эле, куурулбай, чийки жашыл түрүндө сатыкка чыгат. 1 айда 4 килограммга чейин арыктатат.

Пайдасы:

Организмде суу менен майдын тең салмактуулугун кармайт. Ошондуктан арыктагандан кийин адамдын териси шалбырап калбайт;

Курамындагы кофеин нерв системанын ишин, эс тутумду жакшыртат, жүрөк булчуңдарын бекемдейт;

Мээнин активдүү иштешин жөнгө салат;

Чачтын түптөрүн бекемдеп, азыктандырат;

Бырыштын алдын алат жана теридеги тырыктарды айыктырат.

Зыяны:

Кофе наркотик сыяктуу, бир ичкенден кийин адам кайра-кайра ичкиси келип адатка айлантып алат;

Жүрөктүн бат согушун шарттайт;

Баш ооруп, ал кетип, кускуну келтирет;

Ашказан, ичеги ооруларына алып келет;

Кан басымды көтөрөт.

 

“Энержи диет”

Организмдеги майларды эритүүчү коктейль түрүндөгү каражат. Алгач спортчулардын тамак-ашы катары чыгарылып, кийинчерээк арыктоону каалагандарга да сунушталган. 2 айда 7 килограмм арыктатуу касиетине ээ.

Пайдасы:

Организмди пайдалуу минералдык элементтер менен толуктайт;

Энергия тартуулайт;

Зат алмашууну, кан басымды нормалдаштырат;

Кандагы канттын, холестериндин деңгээлин азайтат;

Активдүүлүктү, эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү жоготпойт.

Зыяны:

Аллергия, безеткини пайда кылат;

Өнөкөт ооруларды козгойт;

Тамак сиңирүүнү бузат;

Бөйрөк, боордун ишин начарлатат.

 

Чай

Арыктатуучу заманбап чайлар ар кандай чөптөрдөн кошулмалар кошулуп жасалат. Алар организмдеги майларды эритпейт, ашыкча суюктуктарды айдап чыгуу менен арыктатат. 1-2 айда 5 килограмм салмак таштоого болот.

Пайдасы:

Курамындагы чөптөр, кошулмалар зат алмашууну нормалдаштырат, нервди тынчтандырат жана токтукту камсыз кылат.

Организмди токсиндерден, шлактардан тазалайт;

Кан басымды, холестеринди азайтат;

Жүрөк-кан тамыр системасына оң таасир этет.

Зыяны:

Заараны көп чыгаргандыктан аны менен кошо организмдеги пайдалуу микроэлементтер да чыгат. Бул жүрөк аритмиясына алып келет да, өлүмгө дуушар кылат;

Айрым арыктатуучу чайлардын курамында мышьяк, чайыр бар. Алар ичегилерде дүүлүгүүнү жаратат;

Организмден суюктукту айдап чыкканы менен майлар ошол бойдон калып калат да, келбет бир формага келбейт;

Ичегилер чайды кабыл алууга бат көнөт да, кийин чайсыз өз алдынча иштей албай калат. Мындан улам ич катуу пайда болуп, кайра эле салмак топтоло баштайт.

 

Шааркан Абдуллаева