Алмаз ШААДАЕВ: «Фаридамды» радиолор эмес, эл хит кылды»

Учурда теле, радиолордон тынбай жаңырган ырлардын катарында бир кезде Асылбек Өзүбеков созгон «Фаридам» аттуу ырдын жаңы варианты бар. Ырды жаш-карыга бирдей жеткире ырдаган ырчы Алмаз Шаадаев менен тааныштырабыз.

– Алмаз, «Жаным, ай» деген ырыңдан кийин жылдызың эми жанып отурат. Буга чейин чыгармачылыкка жакшы киришкен жоксуңбу же башка себеби барбы?

– Туура айтасыз, сахнага «Жаным, ай» деген ыр менен чыккам. Ырым жаштар арасында жакшы тарап, өз угармандарын таап, ошол учурдагы популярдуу ырлардын бири болгон. Анда мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 3-курста окучумун, окууга байланыштуу Түркияга кетип, кийин ооруп калып бир жыл диета кармап дарыландым. Ошентип, чыгармачылык менен иштей албай калгам. Бирок анда деле жөн отурбай хит болуп кетпесе да өз угармандарын тапкан ырларды жаздырып, клиптерди тарттырдым. Ар бир ырчынын жылдызын жандырган бир ыры болот го, менин жылдызымды жандырган «Фаридам» болуп калды.

– Бул ырды кандайча ырдап калдың?

– Асылбек Өзүбековдун ырларын бала кезимден жактырам. Анан тойлордо элди бийлете турган ыр жаздыргым келип ыр тандап жатып «Фаридамга» токтолдум. Жаңы аранжировка жасалганда эле хит болорун сезгем. Досторум да угуп жактырышкан. Күткөндөй эле, 2016-жылдын август айында ыр элге сунушталып, дароо оозго алынып кетти. Бир айдан кийин эле клибин тарттырып чыгара калдым. Ырдын хит болушуна клиптин да салымы зор болду.

– Мындан ары чыгармачылык менен иштейт экенсиң да?

– Ооба, окуумду аяктагам, туризм тармагы боюнча адис болдум. Бирок мен үчүн биринчи кезекте чыгармачылык тургандыктан ушул жол менен эле кетүүнү чечтим. Азыр чыгармачылыктын даңгыр жолунда күндө майрам, күндө той болуп иштеп атам. «Карындаш», «Күлүп койчу, айдай» аттуу жаңы ырларым чыкты, «Карындашка» клип да тартылды.

– Ырчыга продюсер, менеджердин колдоосу чоң эмеспи, сага ким колдоо көрсөтөт?

– Чыгармачылыкта башынан эле жалгыз иштеп келем. Болгону концерттеримди уюштуруп жардам берген Индира деген менеджер эже бар. Эмгек кыла берсең, Кудай акыбетин кайтарат экен. Азыр чыгармачылыгымдын үзүрүн көрө баштадым. Тапканымды чыгармачылыкка жумшап иштеп атам. Сырттан караганда ырчылар жыргап жүргөндөй сезилгени менен түйшүгү көп. Мээнет кылып бир ыр жазсаң, аныңды эл кабыл албай койсо, күйгөнүң ошол экен. Ырды элдин жүрөгүнө жеткириш оор нерсе. Ырчы болуш оңой, эл сүйгөн ырчы болуш кыйын экенин сезип атам.

– Тойлорго чакыруу кандай?

– Кудайга шүгүр, жакшы. Эл уккусу келип баалаган үчүн ырчыны жакшылыгына чакырат деп ойлойм. Менин күйөрмандарым мурда 25 жашка чейинкилер болсо, «Фаридам» чыккандан бери чоң эже-байкелер да кошулуп чакыруулар көбөйдү.

– Музыкалык билимиң барбы?

– Атайын музыкалык билимим жок, Кудай берген талант. Ырчы үчүн жандуу ырдап машыга турган эң жакшы жай - кафе. Мен да кафеде 2-3 жыл музыкант болуп иштедим.

– Сахнага жаңы кадам койгон ырчыда радиого ыр алып барса кабыл албаган сыяктуу кыйынчылыктар болот го, сенин да башыңдан өтсө керек?

– Ыр хит болушу үчүн сөзсүз радиодон жаңырышы керек эмес. Азыр интернет өнүккөн заман, интернетке жүктөп койсоң эле элге жакса заматта тарап кетет. Мисалы, ошол эле «Фаридамды» эл көп уккан радиолордун бирине алып барсам өтпөй калган. Эми ал радиосу жок эле хит болуп кетти. Ошондуктан «Фаридамды» радиолор эмес, эл хит кылды десем болот.

– Инстаграм баракчасында күйөрман кыздарың көп, сүйүүсүн билдиргендер барбы?

– Ооба, жеке ар кандай каттарды жазышат. Алардын ар бирин сыйлайм, жооп берем. Сүйүүсүн билдирген кыздарды туура түшүнөм. Ырчы эмес, жөнөкөй адам болсом, туура эмес кабыл алмактырмын.

– Жактырган кызың барбы?

– Жүрөгүм бош, чынын айтсам, сүйүү тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Максатым - чыгармачылык менен иштөө. Учурда жашым 26да, буйруса, 30 жашка чыкканда үйлөнөм деген ниетим бар. Ага чейин иштеп чыгармачылыктын туу чокусуна чыгып алайынчы (күлүп). Үй-бүлө кургандан кийин жоопкерчилик жүктөлөт, татыктуу көңүл буруш керек дегендей, анда чыгармачылык аксап калат.

– “Сүйүү келсе эч нерсеге карабайт” деп коюшат го?

– Жок, 30га чыкканча үйлөнүшүм мүмкүн эмес. Мен сезимге берилбейм, акылым менен ойлонуп кадам жасайм.

– Негизи кандай кыздар жагат?

– Башкысы ыймандуу, жылдыздуу, мени түшүнгөн, сыйлаган кыз болсо болду. Кыргызымдын кыздарынын баарын жакшы көрөм. Жубайым чыгармачыл адам болушун каалабайм, жөнөкөй эле кыз болсо дейм. Кыздардын алгач көзүнө тигилем, анан сөзүн угам. Көзү жылдыздуу, сөзү орундуу болсо, демек, жакшы кыз.

– Өзүң кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуң?

– Ата-энем Нарында турушат, чыгармачылыктан алыс жеке ишкерлер. Үч иним бар. Менден башкасы ырга кызыгышпайт. Мен шаарга келгенде 19 жашымда жогоруда айтылган «Жаным, ай» деген ырды ырдап чыктым. Ырдын сөзүн жазган «Жаш кыял» бий ансамблинин жетекчиси Анара эже студияга алып барып ырымды жаздырышып, чыгармачылыгымдын башталышына чоң салым кошкон. Азыр 20 ыр, 10 клибим бар. 2015-жылы жеке концертимди бергем, буйруса, быйыл күзүндө да жеке концертимди берсем деп ниет кылып турам.

 

Динара ЧОКОЕВА