Балдардын ооруларын элдик ыкмалар менен дарылоо

Балаңыз ооруп калды… Денеси от менен жалын болуп күйүп, тынымсыз жөтөлүп шалдырап жатат. Ата-эне үчүн мына ушундан өткөн жагымсыз нерсе болбосо керек. Ананчы? Баланын ден соолугунан маанилүү эмне бар? Көпчүлүк энелер мындай учурда элдик медицинаны пайдаланышат. Анткени элдик каражаттар, биринчиден, табигый, экинчиден, дайым үйүңүздөн бири болбосо бири табылат.

 

Сасык тумоо

Сасык тумоо көп учурда мурун бүтүү, дене табы, жөтөл менен коштолот.

Мурун бүтүү

Жарым чай кашык суюк балды, 2 чай кашык кайнатылган жылуу сууну жана кызылчанын 1 чоң кашык ширесин аралаштырасыз. Бул аралашмадан балаңыздын мурдуна ар 2 саат сайын 2-3 тамчыдан тамызып турасыз.

Жаздык кабынын ичине жука кесилген сарымсактын бир нече тилимин салып коюңуз. Күн сайын сарымсакты алмаштырып туруңуз.

Туздуу суу да бүтөлгөн мурунду ачууда жакшы жардам берет. Ал үчүн сизге 1 чай кашык туз менен 1 литр кайнатылган суу керек. Бул аралашманы бөлмө температурасына келгенде ар 2 саат сайын 1-3 тамчыдан балаңыздын мурдуна тамызасыз.

Дене табы

Дене табы 38 градустан жогору болгондо гана аны түшүрүү сунушталат. Ага чейин дене табы менен организм өзү күрөшүүгө тийиш. Дене табын түшүрүүдөгү элдик ыкмалардын эң кеңири таралганы – уксус суусу. 1 стакан сууга 1 чоң кашык ашкана уксусун аралаштыруу керек. Пайда болгон суюктукка чүпүрөктү малып, аны баланын пешенесине коёсуз же бүт денесине тез сүртүп чыгасыз.

Капустанын жалбырагын кайнак сууга бир малып аласыз да, ширесин чыгара бир аз эзип туруп балаңыздын денесине коёсуз. Жүрөк тушуна койгонго болбойт.

Кургак жөтөл

Кургак жөтөлдү дарылоону ысык сүтсүз элестетүүгө болбойт. Ага балды же минерал суусун кошуп ичирүү андан да натыйжалуу болот. Эгерде баланын сүткө аллергиясы бар болсо же башка себеп менен сүт иче албаса, чайга каймакмай кошуп берсеңиз болот.

Кечинде бир баш пиязды майда туурап, ага 2 чоң кашык шекерди кошуп жакшылап аралаштырасыз да, түнү менен коюп коёсуз. Эртең менен дары даяр болот. Ширесин ичирип, пиязын да жедирсеңиз болот.

Кара түрптүн баш жагын кесип салып, ичин оюп аласыз. Пайда болгон чуңкурчага эки чоң кашык бал куюп 3-4 саат тыныктырып коёсуз. Андан кийин пайда болгон ширени 1 кашыктан балаңызга бере бересиз. Уктар алдында жана тамакка чейин бир күндө 3-4 маал ичсе жакшы натыйжа болот.

Суулуу жөтөл

Бир жашка чейинки балдардын көкүрөгүнө, артына укалоо жасап эле суулуу жөтөлдөн арылтып алсаңыз болот.

Андан улуу балдарды суулуу жөтөлдөн арылтууда ингаляция жардам берет. Балаңызды алдыңызга алып отуруп башыңарды жаап, буу менен дем алгыла.

Шалгамдын кабыгын аарчып, эт майдалагычтан же блендерден өткөрүп туруп сүт, бал кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон аралашманы жылуу бойдон ичиресиз.

 

Оозул

Чийки картошканы кыргычтан өткөрүп же жука тилимдерге бөлүп тилдин ооруган жерине басуу жакшы натыйжа берет.

Сабиздин же капустанын жаңы сыгылган ширесине ошончо өлчөмдөгү сууну кошуп аралаштырып, аны менен күнүнө 3 жолудан балаңыздын ооз көңдөйүн чайкатасыз.

Алоэнин ширеси да оозулду дарылоодо натыйжалуу. Аны менен оозду чайкоо же алоэнин таза жуулган жалбырагын бир нече мүнөт чайноо сунуш кылынат.

Жарым стакан сууга 1 чай кашык суутек перекисин кошуп аралаштырып, бул аралашма менен күнүнө 3 жолу оозду чайкап туруу оозул убагындагы оорутууну басат.

 

Бронхит

Картошка наны – баладагы бронхитти дарылоодо популярдуу ыкма болуп эсептелинет. 4 даана картошканы сууга кайнатып, кабыгы менен кошо эзүү керек. Пайда болгон пюреге 3 чай кашык соданы кошуп аралаштырып, андан эки даана жалпак нан жасайсыз. Нандын бирин жылуу бойдон көкүрөгүнө, экинчисин аркасына коюп байлап, жылуу ороп жаткырып коёсуз. Эртең менен жанды кыйнаган жөтөл азайып калганын байкайсыз.

Уктар алдында балаңыздын көкүрөгү менен аркасына жылытылган балдан сүртүп, үстүнөн целлофан менен, анын үстүнөн жалаяк менен ороп туруп жылуу жаткырып коюңуз.

1 стакан шекерди 1 литр сууга кошуп эритип, пайда болгон сиропко 2 баш орточо көлөмдөгү пиязды бүтүн бойдон кошуп жай отто кайнатасыз. Кайнап тең жарымына чейин азайганда отту өчүрүп, пияздарды алып саласыз. Маңызды эки күндүн ичинде берип түгөтөсүз. Бул убакытта балаңыздын абалы кадимкидей жеңилдеп калат.

 

Ангина

Ангинаны дарылоодогу эң натыйжалуу ыкма – прополис менен дарылоо. Жогорку сапаттуу прополистин кичине бөлүгүн оозго салып жай чайнап, мындан сырткары бир күндө 5 граммдайын жеп коюу менен ангинаны эки күндө толук айыктырууга болот.

Кыргычтан өткөрүлгөн кызылчага ошончо өлчөмдөгү кайнак суу куюп, банканын капкагын бекем жаап 6 саат тыныктырып коюу керек. Бул маңыз менен тамакты ар эки саат сайын чайкап туруу мыкты натыйжа берет.

Күнүнө бирден лимондун ширесин балага берип туруу да ангинадан тез арылтат.

 

Чүчөк курт

3 тишче сарымсакты майда туурап, 1 стакан сүткө кошуп аралаштырып балаңызга ичиресиз. Дарылоо курсу – 3 күн.

Ашкабактын данегинин чүчөк куртту организмден айдап чыгуучу касиети бар. Данектин сыртындагы жашыл түстүү чел кабыкты тазалабоо маанилүү. 7 жашка чейинки балдарга күнүнө 150 граммдан данек жетиштүү болот. Андан улуулар 300 граммдан жеш керек. Чүчөк курттан толук арылмайынча семичкени жей берүү зарыл.

Соданын жардамы менен ичегидеги курттарга ыңгайсыз абал жаратууга болот. Ал үчүн 1 стакан сууга кошулган жарым чай кашык сода менен клизма жасоо зарыл. Эгер бала 15 мүнөт чыдап туруп, анан дааратканага барса пайдасы көбүрөөк болот.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА