Азыктардын пайдалуулугун жоготуп албаңыз

Кайсы гана азык болбосун, сөзсүз пайдалуу касиетке ээ. Бирок аны сактап калуу туура колдонуудан көз каранды. Ошондуктан ар бир азыкты жээрден мурда туура бышырууну, даярдоону билип алуу зарыл.

 

Сулу

Сулуну сууга кошуп колдонуу адат болуп калган. Бирок сууга эмес, сүткө кошуп, шекердин ордуна жаңгак, жемиштерди кошуп колдонуу эки эсе пайдалуу экендигин диетологдор айтып келишет. Мындай ботко көп убакытка чейин ачкалыкты сездирбей, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

 

Бал

Балды ысык чайга кошуп ичип көпчүлүк ката кетиришет. Анткени мында бал пайдалуулугун эле жоготпостон, ден соолук үчүн кооптуу да болуп калат. Бал 60 градустан жогорку температурада уулуу затты пайда кылат. Бул уулуу зат боорго барып чогулат да, аны уулантат. Ошондуктан окумуштуулар балды ысык суусундуктарга кошуп ичкендер ичеги жана ашказан рагы менен жабыркай турганын айтышкан. Буга жол бербөө үчүн балды жылуу сууга же чайга кошуп ичкен туура. Же болбосо өзүн жеш керек. Сууга кошпой эле желген бал организмге оңой сиңет жана пайдалуулугун жоготпойт.

 

Ашкабак

Ашкабакты тамакка кабыгы менен  кошуу керек. Анткени кабыгынын курамында сулуулуктун булагы болгон, тери менен тырмакты жакшырта турган цинк бар. Ошондой эле жүрөктүн коргоочусу, онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучун азайтуучу каротин сыяктуу пайдалуу элементтерге бай.

 

Йогурт

Йогуртту ачканда бетинде түссүз суюктукту көрүүгө болот. Аны алып салбастан, йогуртту жакшылап аралаштыруу керек. Анткени ал сары суу көп сандагы белок менен кальцийди өзүнө камтыйт.

 

Кулпунай

Кулпунайды сатып алганда куйругун үзүүгө ашыкпаңыз. Куйругун үзгөндө С витамини кошо кетет. Ошондой эле жемишти тоңдуруу менен да андагы витаминдерди сактап калууга болот.

 

Сарымсак

Сарымсактын тишчелерин бөлгөндө, майдалаганда аллицин деген зат бөлүнүп чыгат. Бул рак клеткаларынын, бактериялардын жана грибоктордун өсүшүнө жол бербейт. Ошондуктан сарымсакты туурагандан кийин 10 мүнөттөй коё туруп, андан соң тамакка кошуу керек. Ошондо аллицин заты толук түрдө бөлүнүп чыккан болот.

 

Сабиз

Сабиз каротинге бай. Ал иммундук системаны көтөрөт, көздүн көрүүсүн жакшыртат, организмди картаюудан сактайт жана жүрөк ооруларынын, рактын алдын алат. Сабизди кайнатып жегенде андагы каротин организмге 5 эсе жакшы сиңет. Ошондой эле кайнатылган сабиз тамак сиңирүү системасы жабыркагандар үчүн пайдалуу.

 

Брокколи капустасы

Капустанын бул түрүндө рак клеткаларын жок кылуучу заттар бар. Бирок брокколи капустасын кайнатып же кууруганда ал заттардын көпчүлүк бөлүгү жоголот. Ошондуктан бууга бышырып же жаңы түрүндө жука кесимдерге бөлүп салатка кошуу сунушталат.

 

Кара чай

Чайды сүт менен ичкенге болбойт. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, чайдагы жүрөк-кан тамырлары үчүн пайдалуу болгон катехиндер сүттөгү белок менен аралашканда өзүнүн активдүүлүгүн жоготот.

 

Киви

Киви – С витамини, омега-3 кислотасынын жана керектүү антиоксиданттардын булагы. Анын бул пайдалуулугун сактап калуу үчүн кабыгын аарчыбай туруп жеш керек. Кивини бүтүн бойдон жеш менен ичегинин ишин жана уйкуну жакшырткан болобуз.

 

Шааркан Абдуллаева