Жалпы республикалык тестирлөө – сенин келечегиў

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы менен Билимди баалоо жана окутуу борбору тарабынан жыл сайын бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө жүргүзүлүп келет. Тесттин жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларында окуусун улантып кете ала турган абитуриенттер тандалып алынат. Бүтүрүүчүнүн келечегин аныктай турчу тестирлөө тууралуу кенен маалымат беребиз.

 

Каттоо

2016-2017-
окуу жылдары боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-марттан 6-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоодон өтүү үчүн бүтүрүүчүнүн жанында:

паспорт

аттестат

сүрөт (3X4)

тестке катышуу үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция болушу керек. Быйыл негизги тест үчүн 320 сом, ар бир кошумча предмет үчүн 230 сом төлөнөт. Каттоодон өткөн окуучуга тестке катышуу үчүн талон берилет.

 

ЖРТ учурунда стол үстүндө эмнелер болушу керек?

Окуучунун өздүгүн аныктаган документ

Тестке катышуу үчүн алынган талон

Көк же кара түстөгү жакшы жазган ручка

Тест дептери

Жооп жазуу дептери

Черновик (математика, химия, биология, физика бөлүмдөрүнө киришкенде берилет).

 

Тестте эмнеге тыюу салынат?

Тесттин катышуучусу уюлдук телефон, калькулятор, эсептегичи бар кол саат, камера, фотоаппарат сыяктуу буюмдарды киргизе албайт. Окуучу башкадан көчүрүп, тест дептерлерин башка менен алмашып же тыюу салынган буюмдарды колдонгон учурда кармалса, эскертүүсүз тесттен чыгарылат.

 

Кайсы сабактардан тапшырылат?

Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестин ар бир бүтүрүүчү тапшырууга милдеттүү. Алар:

Математика

Эне тилинде окуу жана түшүнүү

Эне тилинин практикалык грамматикасы

Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо. Бул төрт бөлүмгө жалпы 3 саат 35 мүнөт убакыт берилет.

Мындан тышкары тандаган факультетине жараша химия, физика, биология, математика, англис тили жана Кыргызстан тарыхы сабактарын кошумча тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул сабактардын ар бирине 60-80 мүнөт убакыт берилет. Жогорку окуу жайга өтүү үчүн ЖРТдан алган упай негизги сабактардан 110, кошумча сабактардан 65тен кем болбошу керек.

 

Жетиштүү упай топтой албай калган учурда...

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн ЖРТдан босого упайын ала албай калган бүтүрүүчүлөр орто кесиптик окуу жайлардан билим ала алышат. Же болбосо кийинки жылы кайрадан тапшырууга болот. Мындан тышкары ЖРТны тапшырууну талап кылбаган университеттердин өз сынактарын тапшырып өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

 

Алардын катарын төмөнкү окуу жайлар толуктайт:

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети

Кыргыз-Орус славян университети

 

Сертификаттын түрлөрү

ЖРТ тапшырган окуучулар окуган аймагына жараша ар кандай түстөгү сертификат алышат.

"Алтын сертификат" өлкө боюнча эң жогорку упай алган 50 окуучуга ыйгарылат. Алар өзү каалаган кесип боюнча өлкөдөгү окуу жайлардын биринен акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кочкул кызыл тоолуу аймактарда жайгашкан мектептерден билим алган окуучуларга берилет. Сары, көгүлтүр, кызыл сертификаттын ээлери менен бирдей упай алган учурда артыкчылыкка ээ болот.

Сары айыл мектептеринен билим алган окуучуларга берилет. Көгүлтүр, кызыл сертификаттын ээлери менен бирдей упай алган учурда артыкчылыкка ээ болот.

Көгүлтүр райондук маанидеги шаарларда жайгашкан мектеп окуучуларына берилет. Кызыл сертификаттын ээлери менен бирдей упай алган учурда артыкчылыкка ээ болот.

Кызыл Бишкек шаарында жайгашкан мектеп окуучуларына берилет.

 

Бүтүрүүчүгө кеңеш:

Атайын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдана турчу китептер, методикалык колдонмолор, видео сабактар менен таанышып чыккыла.

Эрежелерди окууда жаттабай, маанисин түшүнүү кажет. Жаттаган нерсе тез унутулат.

Даярдануу учурунда 40 мүнөт өткөн сайын 15-20 мүнөт тыныгуу кылуу абзел. Ал убакта муздак сууга чайканып, тамактанып же сейилдеп келсе болот. Тыныгуусуз сабак окуганда мээ чарчап, маалыматтарды кабыл албай калат.

Сан, жылдарды жаттоодон кыйналып жатсаңар, аларды билген белгилүү даталарга алмаштырып эстеп калсаңар болот. Алсак, 1961-жылы 12-апрелде биринчи жолу космоско учуу болгонун эстей албай жатсаңар, “1961-жылы атам төрөлгөн, 12-апрель - менин туулган күнүм, бул убактарда космоско биринчи жолу учуу болгон” деп эстегиле.

Тест болор күнгө жакын калганда көп окуп мээни чарчатпагыла. Эртең менен сөзсүз тамактанып, толкунданбаганга аракет кылуу керек. Толкундануу ойлорду топтоого тоскоол болот.

 

Тамара Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын эксперти, онлайн сабактар аркылуу жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган кыргыз тили жана адабияты мугалими: “Тестирлөө абдан оңой, эч кандай кыйынчылыгы жок”

– Саламатсызбы, Тамара эже, көгүлтүр экрандын артынан окуучуларды ЖРТга даярдоо ишин улантуудасызбы?

– 2011-жылдан бери ЖРТга даярдануу боюнча сабак берип келдим. “Себат” лицейи менен биргеликте онлайн сабактар тартылган видео көгүлтүр экрандан берилип турду. Быйыл убактымдын тардыгынан сабак берген жокмун.

– Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолору окуучулар үчүн оор эмеспи?

– Тестирлөө абдан оңой, эч кандай кыйынчылыгы жок. Болгону ата-энелердин, коомчулуктун “быйыл окууга өтпөй калсаң жаман болот” деген сыяктуу психологиялык жактан жабыркатып коюучу кептери окуучунун кулагында жаңырып ага оор сезилип, баланы бушайман кылат. Менин кызым 11-классты бүтүп жатканда аны менен кошо ар бир суроону талкуулап отуруп жалпы республикалык тесттин түзүлүү принциптери менен таанышып чыккам. Андан кийин Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборуна барып ата-эне катары тест тапшырып эң жогорку упай алдым. Математиканын 60 суроосунан 45ин эч кыйналбай эле таптым. Ал эми калган бөлүмдөр өзүмдүн кесибиме жакын болгону үчүн бардык суроолорго жеңил эле жооп бердим. Мектепте өтүлгөн гана суроолор чыккандыктан окуучулар үчүн дагы жеңил деп ойлойм.

 

Арстанбекова Минайым, Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын биология мугалими: “Менин окуучуларым ЖРТдан жогорку упай алышат”

– Канча жылдан бери биологиядан сабак берип келесиз?

– Биология сабагы боюнча окуучуларга билим берип келгениме он жети жыл болуп калды. Окуучуларымды ЖРТга даярданткандан тышкары мектептер аралык сынактарга, шаардык, райондук, республикалык олимпиадаларга даярдайм. Сабак берүүдө бир гана теория менен чектелбей, практикалык түрдө да үйрөтөм. Окуучулар бири-бирине суроо беришип же кезек менен мугалимдин ролун аткарышат. Ушундай ыкма менен окутушум жакшы жыйынтыктарды алып келүүдө.

– “Жакшы жыйынтык” деп калдыңыз, ийгилик жараткандары барбы?

– Албетте, биология боюнча даярдаган окуучуларым жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай алышып Медициналык академияда окуп жатышат. Мындан тышкары Орусияда дагы медицина тармагында билим алып жаткан окуучуларым бар. Жыл сайын менден билим алган бүтүрүүчүлөр чалып “сизге чоң рахмат, жогорку упай алдым” дегендери мени кубандырат. Олимпиадага даярдаган окуучулар 1-2-орундарды илип келишет. Өткөн жылы бир окуучум республика боюнча биринчиликти алып, эл аралык сынакка Швейцарияга барып келди. Ал жерге 89 мамлекеттен окуучулар барган. Биздин кыз алдыңкы 20 окуучунун катарына кирип эл аралык үлгүдөгү сертификат менен кайтты.

 

“Алтын сертификаттын” ээси Ирсалиев Кемелбек (226 упай):

“Бүтүрүүчүлөр, тестирлөө учурунда шашпагыла”

– Мен борбор калаадагы №61 мектепте “3кө” окуп келгем. Кийин №13 мектепке которулуп 11-классты артыкчылык менен аяктадым. Сыноо тесттеринин жыйынтыктарына таянуу менен “Алтын сертификат” ала турганымды алдын ала сезгем. Тестирлөө борборунан жана “SECOM” билим берүү борборунан ЖРТ боюнча колдонмо китепчелерди алып даярдангам. Натыйжада “Алтын сертификатка” ээ болуп, учурда Борбордук Азиядагы Америка университетинде акысыз окуп жатам. ЖРТга даярдай турган атайын курстарга барып кереги жок. Жеке сабак берген мугалимдерге кайрылуу натыйжалуу деп айта алам. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөргө тестирлөө учурунда шашпагыла деп кеңеш берер элем. Тестирлөөдөгү тапшырмаларды алгач черновикке жазып, жообуна канааттанганда гана тест дептерине жазгыла. Туура жообун таппай күмөн санап жатсаңар, убакытты коротпой кийинки суроого өтө бергиле. Аягында жоопсуз калтырган суроолорго кайра кайрыласыңар.

 

Жаңыл ИСАЕВА