МЭЭРИМ: «ЖАҢЫ ТӨРӨЛГӨН ЭГИЗ БАЛДАРЫМ МЕНЕН НЫМ БАТИРДЕ ЖАШАП ЖАТАМ»

30 жаштагы замандашыбыз Мээрим жаш күнүндө бактысыз турмушка туш келип, барк билбеген күйөөнүн курмандыгы болгон. Эгиз балдарды боюнда көтөрүп жүргөнүн билип туруп жолдошу кордук көрсөтүп, бүлөсүнөн баш тартып кеткен. Бир жаштан ашкан кызы жана жарыкка жаңы келген эгиз ымыркайлары менен оор күндөрдү баштан кечирип жаткан Мээрим элдин жардамына муктаж.

 

«Бай болбосок да бактылуу болчубуз»

– Мен Көл жергесинде туулуп-өскөм. Ата-энемдин жалгыз кызымын. Эки агам бар эле. Баарыбыз бирге жүргөн күндөр биздин үй-бүлөдөгү ар бирибиздин эң бактылуу күндөрүбүз болуптур. Ашып кеткен жашообуз болуп, байларга теңелбесек да бактылуу күн кечирчүбүз. Кийин баары быт-чыт болуп кетти. Алгач улуу байкем шаарга иштегени кеткен. Анан иштегенине көп өтпөй “айылга барып келем” деп жолго чыккан экен. Бирок айылга келбей, дайыны чыкпай кетти. Ишине да кайрылып барбаптыр. Андан бери он жылга чукулдап калды. Апам байкуш анын табылышынан дагы деле күдөр үзбөй келет. «Кайдасың?» берүүсүнө төрт жолу кайрылды. Байкемдин жолун карап жүрүп атамдын да көзү өтүп кетти. Бактыбызга биротоло бүлүк түшүп, аңгырап калдык.

 

«Күйөөм турмуш менен ойноп көнүп калыптыр»

– 4 жылдай убакыт мурун жакыныраак тууган эжебиздикине шаарга келип жүрүп калгам. Ошол маалда жолдошум мени көрүп жактырып калган экен. Ал өзү Ош жергесинен эле. Бирок шаарда ар кандай кара жумуштарда иштеп жүрчү экен. Ошол кезде эжемдер жакта бирөөнүн курулушунда иштеп жатыптыр. Эки-үч көргөндөн кийин эле мени ала качып Сокулукка алып кетти. Тагдырым ушундай жазылыптыр деп отуруп баары жакшы болот деген үмүт менен жашап калдым. Тилекке каршы, жакшы оюмду таш каап бактысыздыкка туш келдим. Көрсө, күйөөм ичкиликке жакын адам экен. Мага чейин бир аял алып, аны эки баласы менен кетириптир. Бир жерде деле туруктуу иштеп жыргатпады, айтор, ал жашоого жеңил карап, турмуш менен ойноп көнүп калыптыр. Барганымдан көп өтпөй мага кол көтөрүп, аялы эмес эле, малайындай мамиле кылды.

 

«Элдин кебине калбайын деп баарына чыдадым»

– Жыл айланып кыздуу болуп, атын Аймончок койдук. Күйөөм бирөөлөргө жалданып мал карап иштөөнү жакшы көрчү. Кызыбыз болуп дагы бирөөлөрдүн үйүндө жашап, малын карап калдык. Малды деле өзү карап жыргатчу эмес, мага түртө салып, өзү тапканын ичип, чыр чыгарып, айтор, ызы-чуусу бүтчү эмес. Мындай күндөрдөн тажап, айрыкча колу тийип денем көк ала болгон кезде баарына кайыл болуп басып кетким келчү, бирок урук-тууган эмне дейт, апамдын кайгысын арбытпайын деп намыстанып баарына чыдай бердим. Токмок жесем да, ачка калсам да апама анын бирин айтчу эмесмин. Бир күнү адатынча дагы кол көтөрүп катуу сабады. Бул маалда мен экинчи ирет кош бойлуу элем. Курсагымда болгондо да эгиз балдар бар экенин билчү, УЗИге текшерүүгө бирге барып көргөн. Бирок ага карабай сабап, кожойкебиз ортого түшүп ажыратып калды. Эже абдан ачууланып апама чалып: «Бул өзүңүздүн кызбы же өгөйбү? Күйөөсү сабап өлтүрүп салмай болду, алып кетиңиз», - деп айтып салыптыр. Ошондо гана апам баарын билип мени алып кетти. Болбосо андай күндө дагы канча жашайт элем, ким билет.

«Күйөөм балдарына басып келип койгон жок»

– Апам байкуш атам каза болуп калгандан кийин уулунун табылышынан үмүт кылып шаарга келген эле. Батирде жашап, арзыбаган айлыгы бар иште иштеп келет. Мен ичим чоңойгончо талаада иштеп жүрдүм. Бир баланы көтөрүү кандай оор, эгиздерди көтөрүп жүрүү мага оңой болгон жок. Бул аралыкта күйөөм бир басып келип абалымды сурап койгонго жарабады. Кудай колдоп ай-күнүмө жеткенче жакшы көтөрүп, жарыкка алып келип алдым. Уулдарыма апам Нуржигит, Гүлжигит деген ысым ыйгарды. Кош бойлуу кезимде жакшы тамак-аш ичип-жебей, түйшүктө жүрүп төрөгөнүмдүн кесепети тийбей койгон жок. Балдарымдын биринин грыжасы болсо, биринин табарсыгында суу бар. Азыр болгону эки ай болушту. Дарыгерлер ден соолуктарындагы маселелерди ушул кезден жок кылуу керектигин айтышты. Ошол оорулары тынчын алабы же курсактары жакшы тойбой жатабы, абдан ыйлаак болуп жатышат.

 

«Биз үчүн 20 сом да чоң акча»

– Апам жаны тынбай таңдан кечке иштеп ай сайын 3500 сом айлык алат. Ал эми батир үчүн 2500 сом төлөйбүз, мындан тышкары ай сайын жарыктын да акчасы бар. Ошону менен кайра эле сокур тыйын жок калабыз. Апам айлык алганда кээде кичине ич эт алып келет. Андайда шорпо ичип кубанып калабыз. Бирок ага дайыма эле акча жете бербейт. Андайда эттей эле пайдалуу деп жумуртка алып келет. Башка күндөрү болсо карандай чай, нан менен отурабыз. Үй ичи абдан ным, муздак. Айрыкча быйыл кыш катуу болбодубу, сууктан араң дегенде чыктык. Өткөндө таза, кургак батирге чыгалы десек, апам ишке унаа менен барып келиши керек болуп калат экен. Бул батирден болсо жөө эле барып келет, ошол үчүн аргасыз ным батирде кала бердик. Себеби биз үчүн кичи автобуска төлөй турган 20 сом да чоң акча. Күн сайын аны кайдан тапмак элек. Жаш балдар менен ыңгайлуураак батирге чыгып жашасак дегенде эки көзүм төрт. Кийим-кече, азык-түлүктөн кандай жардам болсо да кубанат элек. Балдарымды дарылатууга жардам кылып кайрымдуу адамдар кол сунар деген үмүтүм бар. Кайсы жагынан болбосун, жардам кылууну каалагандар болсо 0700 54 05 61, 0700 25 25 60 номерлерине байланышса болот. Балким, байкемдин дайынын билген бирөө чыгар.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА