Гүлбү Ороскул кызынын апасы Адиса апа: “Кызым теңин тапса экен деп тилейм”

Кыргыз эли Гүлбү Ороскул кызын ырчылыктан тышкары “Сармерден” теледолбоорундагы шайыр жеңе катары да тааныйт. Сахна үчүн жаралгандай жагымдуу келбетке ээ, эки кызды эрезеге жеткирген мээнеткеч эне Гүлбү айымдын айымдарга үлгү болчу көп жакшы сапаттары, артыкчылыктары бар. Адамдын ийгиликтүү болуп калыптануусуна, албетте, эненин таасири чоң экени талашсыз. Эмесе, ырчы тууралуу апасынан угалы.

– Апа, Гүлбү эже канчанчы перзентиңиз?

– Мен бир кыз, эки уулдун энесимин. Гүлбү - тун перзентим, жалгыз кыз. Кызым чоң ата, чоң энеси тараптан да, таене, таятасы тараптан да биринчи небере. Ал кезде азыркыдай УЗИге барып ким экенин билип алуу деген жок эле да. Төрөлгөндө эле “иий, кыз экен” деп калдым. Ал жарыкка келгенде баары өзгөчө кубанычта болушкан. Айрыкча кайнатамдардын алты уулдун арасында бир эле кызы болгондуктан “кыз неберелүү болдук” деп жетине албай калышкан эле.

– Сүймөнчүк кыз болуп, мээрим менен чоңойгон турбайбы?

– Антип айтса да болот, бирок атасынан кенедейинен айрылып ата мээримине тойбой калды. Атасы солкулдаган жигит курагында, 21 жашында оорудан улам каза болуп калган. Бирок чоң аталары, таенеси менен таятасы аны болушунча эркелетип, жакшы карашты. Айрыкча таенесинин тарбиясын көп алды. Гүлбү абдан тили так, тыкылдаган тың, зирек кыз эле. Тили экиге чыга элек кезинде эле чыккан. Кенедей болуп алып тууган-туушкандардын баарынын атын, жөн-жайын билчү. Үйгө келген кишини “сиз баланчасыз” деп тосуп алып баарын таң калтырчу. Эки тарапка бирдей эркелегени менен эстүү чоңоюп, кийин таланты байкала баштады. “Гүлбү мектепте ырдайт, бийлейт” дегенде баарыбыз кылган ишибизди калтырып коюп көрүп келүүгө барчу элек. Балага ушунун баары эле дем-күч берет турбайбы, кызым ансайын жетине албай калчу.

– Келбети сизге окшош экен, таланты кимди тартты экен?

– Ооба, келбетибиз окшош. Кызым кичинесинен эле абдан сүйкүмдүү. Эсимде, таразага алып барсам он айлыгында 10 кило, он эки ай болгонунда 12 кило чыкчу. Болтойгон, каштары кол менен чийип койгондой кыз болчу. Тууган-уруктун баары болтойгон келбетин жакшы көрүшчү. Анан бир кылыгы бар эле, ким “чочко болуп койчу?” десе, ошол замат оозу-мурдун торопойдукуна окшото калып үнүн туурап калчу. Ал эми таланты атасы тараптан өттү окшойт. Атасы маданият тармагына киришип кетпесе да комузга, аккордеонго жакын адам эле. Кайнилерим да жакшы ырдашчу. Кийин ырга жакын экенин байкап таятасы комуз алып берип кызымдын ырдагы жолун ачты десем болот. 

– Билишибизче, Гүлбү эже шаарга эрте жашында келген. Кызыңызды алыска жиберүү сизге кыйын болгон жокпу?

– Мектепте ырдап өнөрү байкалып калган соң ушул тармакта билим алсын деп чечтим. 8-классты аяктаганынан кийин эле: “Мураталы Күрөңкеев деген музыкалык окуу жай бар экен. Ошол окууга барып оку”, - дедим. Алыска чыгып көрбөгөн кызым бир чочулап, бир толкундап атты. Ал кезде Аксынын борбору Каравандан Фрунзе шаарына карай учак каттачу. Учакка отуруп алып борборго жөнөдүк. Учакка биринчи жолу отурганга абдан корккону эсимде, учак бийиктеген сайын тим эле колтугума жармашат. Барып бир жума ичинде жайгаштырып коюп калтырып келе бердим. Сынак убактысы келгенде агайлары “абдан аракетчил кыз экен. Айылдан келсе да комузду жакшы ойнойт экен” деп окууга кабыл алышыптыр. Каалаган окуусу болгонгобу, шаарга бат эле көнүп кетти. Мен болсо кызым ушул өнөрү менен ойлогондоруна жетсе экен деп айылда жүрдүм. 

– Турмушу да эрте башталган эмеспи, сизди бир топ эле санаага салса керек?

– Ар бир адам сыяктуу эле кызым да маңдайына жазылган жазууну көрүп келатат. Тагдыры экен, Элмирбек менен жашоосу түбөлүк болбоду. Элмирбекти мен ошол кезде кандай жакшы көрүп кабыл алган болсом, эми да ошондой жылуу кабыл алам. Ортолорунда мончоктой эки кыз бар, ошолор аман болсун дейм. Кантип сарсанаа болбой коёюн, “жаш күнүндө эки баланын милдети жалгыз мойнунда болуп калды, кантер экен. Кыздары кандай чыгар экен” деп санаам тынчыбай жүрдү. Бирок Гүлбү жаны тынбаган мээнеткечтиги, намыскөйлүгү менен баарын жолго салып кетти. Кыздары дүкөндөн башка жерге барбаган тартиптүү чыгышты. Экөө тең энеси эмне билсе, ошонун баарын үйрөнүшкөн. Азыр санаам тынч.

– Кыздарын чоңойтууда жокчулукка көп эле кабылганын айтып калат, кыйынчылыктарын айтып жардам сурачу беле?

– Чынын айтайын, кызым арыз-муңун айтып мени беймаза кылган жок. Мен деле андайларын кийин эл менен катар билип калдым. Гүлбү өзү жакшыдан башканы айтпайт. Жакшы деп жүрүп бир топ жакшылыктарга жетти. Кудагый болду, эми, Кудай кааласа, таене болот. Болгонун айтып отурбаса да жаш күнүндө түйшүктү жакшы эле тартты. Анын баарын сезип, туюп эле турам. Эми ырдачу, күлчү, жыргачу убагы келди. “Чет жерлерге чыкым келет”, - дейт, чыксын, көрсүн.

– “Турмушка чык” деп айтып көргөндүрсүз?

– Айткам, айтып эле келатам. Бирок кызым: “Мен азыр бактылуумун”, - деп эле ынабайт. Кандай болгон күндө да жанына караан, чыгармачылыгына туура көз карашта караган бир жакшы адам болсо деп ойлойм.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Эженин ашканада мыкты кожойке экенин, колу билген жайы да бар экенин билебиз. Атайын артынан түшүп үйрөттүңүз беле же өзү үйрөнүп алчу беле?

– Кыз бала энеси кандай болсо, ошондой чыгат турбайбы. Мен энемден үйрөнсөм, Гүлбү менден үйрөнүп, аларын кыздарына өткөрүп берди. Мисалы, мен аялзаты эмне иштерди кыла билиши керек болсо, ошонун баарын кылам. Мектепте окуп жүргөн тестиер кезимде союздун гербин саймага түшүрүп алкоого арзыгам. Кийин айыл элинин шырдагын оюп келдим. Ушунун баарын көрүп, билип жүрүп эле кызым баарын өзү өздөштүрүп алды. Бирок бала деген энеге өмүр бою бала бойдон кала берет экен да. Мен азыр борбордо турам. Гүлбү “конок тосом” десе кол кабыш кыла коёюн деп жетип барып аны-мунусун жасаша калам. Жардамым тийсин дейм.

– Кызыңыз бала күнүнөн кайсы тамактарыңызды жактырып жейт?

– “Манты жасаңызчы” эле деп турчу. Кийин ашымды жакшы көрүп кетти. Үйгө келишкенинде атайын берилип алып отко жасап берем. Мен алардыкына барып калганда деле аш бастырып жегенди кыздары менен жакшы көрүшөт.

– Сизге кандай белектерди тартуулаганды жакшы көрөт?

– Бир калаада жашаганыбыз менен биз деле майрамдарда, туулган күндөрдө эле жолугуп калабыз. Гүлбү өзү белек бергенди жакшы көрөт. Майрамдарда мен эле эмес, жакындарынын баарына бир нерсе ыроолоп адамдын көңүлүн алып турат. Ал эми мага алтын белек кылганды адат кылган. 8-Март, туулган күнүм сайын алтын буюмдардан белек тартуулайт. Анан бир жакшы кылыгы бар, кандай белек алып келбесин, анысына “Сникерс” шоколадын кошуп коёт. Кызым менин табитимди жакшы билет да, таттууну жакшы көрөрүмдү эске алып экөөбүз жолуккан сайын ушул шоколадды алып берет.

 

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА