Бактыбек МАМЫТОВ: «Иштебесем ооруп калат экенмин»

«Арноо концерти» программасынын көркү болгон диктор, кыргыз телесинин өчпөс жылдызы Бактыбек Мамытов тууралуу маалымат окугандан эч бир кыргыз тажабаса керек. Жөнөкөй, жайдары жүрүшүнөн жазбаган Бактыбек ага бизде конокто.

– Саламатсызбы агай, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламат, Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. КТРКдагы кесиптештерим мага ылайыктуу шарттарды түзүп беришкен, эркин иш тартибинде иштейм. Келип каттарды кабыл алып, ала кетип үйдөн да жазам. Айтор, жумушта да, үйдө да кагаздар менен алекмин. Тилекке каршы, адамдын жашы өткөн сайын эски оорулары козголо берет экен. Бала кезде жаштык кылып эч нерсени тоготпой, ысык-суукта жүрүп ден соолукту жабыркатып алат турбайбызбы. Ошолор козголуп кээде ооруп калабыз. Союз учурундагы техника таптакыр башкача эле. Жарык бергичтер жайында куйкалап, студиянын ичи абдан ысык болуп алка-шалка терге түшүп калчубуз. Кышкысын жарыктын табында отуруп аябай ысычубуз да, мындай чыгып эле суукка урунчубуз. Анан да көп жылдар бою телевышканын түбүндө иштедик, анын тегерегинде ашкана, дүкөн деген жок. Дүкөн алыс болгондуктан кээде ачка эле иштей берчүбүз. Биз жаш кезде шарт жок экенине карабай иш аябай кычап турган кез болчу. Эртеден түнкү саат 2-3кө чейин иштеп, тамак деле ойго келбей жүрө берчүбүз, үйгө жеткенче таң атайын деп калчу. Айтсак жаштар таңыркап, көп ишене беришпейт. Ошол учурлар ден соолукка таасир этпей койгон жок.

– Кесибиңизге болгон сүйүүңүз баштагыдай элеби?

– Албетте, ошондуктан пенсия курагына келсем да иштеп жүрөм. Үйдөгүлөр да «иштей бер» деп турушат. Былтыр жайында эс алайын деп эки ай жаттым, бирок ошондо ооруп калдым. Анан жубайым: «Сен үйдө жатсаң ооруйт экенсиң, кой, жумушуңа бар», - деди. Бирок мурдагыдай жүгүрүп иштей албай калдым. Мисалы, дайыма алып барып жүргөн чоң салтанат, концерттерге азыр катышпайм. Башында чакыргандарга: «Ден соолукка байланыштуу ал ишти таштадым, бир орунда отуруп иштеп калдым», - деп кечирим сурап, түшүндүрсөм да болбой таарынып жүрүштү. Эми көнүп калышты. Учурда «Арноо концертин» алып баруу менен гана алекмин. Каттар менен иштөө деле бир топ убакытты алат. Кээде качан жумуштун баарын таштап эс алам деп ойлоном. Биз бала-бакыра, неберелер менен жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөбүз. Убакыт өткөн сайын ал нерседен алыстагансып баратабыз. Эми таптакыр колум бошоп үй-бүлөм менен каалаган жагыма барып, концерттерде залда көрүүчү болуп олтурсам деп кыялданам.

– Компьютер колдонбойсузбу?

– Компьютер беришип ал кабинетимде 5-6 жылдай турду, бир да жолу ачып аракет кылып көргөн жокмун. Анан «пайдаланбайт экенсиз» деп алып кетишти. Мен өмүр бою эле колго жазып, машинка да баскан жокмун. Техникага кызыкпаган киши ушинтип жүрө берет экен. Ойлонуп каалагандай жазууга компьютер тоскоол болот го деп калем менен эле жазганга ыктап келгем. Бирок аябай көп жазгандыктан эми компьютер үйрөнсөмбү деп атам.

– Интернет баракчаларын да колдонбойт экенсиз да анда?

– Ооба, уюлдук телефонду байланыш үчүн гана колдоном. Үч жаштагы неберем бар, үйгө барарым менен телефонумду алып өзү каалаганын көрүп, оюндарын ойноп, мен билбеген нерселерин таап алат.

– Азыр маалыматтын баарын интернеттен алып калышпадыбы, сиз маалыматты кайдан аласыз?

– Мен телевизор гана көрөм, радиону да баштагыдай укпай калдым. КТРК, “Маданият” каналы, орус телеканалдарын, анан спорт каналдарын көрөм. Маалыматты ошолордон алам. Үйгө киргенден баштап телевизор көрөм. Неберелерим менден телевизор, мен алардан компьютер талашпайм (күлүп).

– “Теледе жеңил-желпи берүүлөр болуп калды” деп сындашат, сиз да иренжиген учурлар болобу?

– Биз кыйын болчубуз, азыркылар начар дегенден алысмын. Албетте, жаштардын арасында деле мыктылары бар. Биздин учурда талап башка болчу. Азыркы кез башка болгонго ээн-эркин эфирди тебелеп жүрүшөт. Бизге жакпаган жактары көп эле. Мурда кейиткен учурларды блокнотко жазып алып айтчумун. Тилекке каршы, эч ким көңүлгө албайт, кайдыгер карап эч ким деле угуп койбойт экен.

– Азыр бир аз баш көтөргөндүн баары депутат же чиновник болууну кыялданышат, сизде ушундай кыялдар болгон беле?

– Дикторлукка келгенден кийин өзүмдүн ордумду тапкандай болуп, кызыгып иштеп башка эч нерсени ойлогон жокмун. Албетте, мага да «ал жакта жакшы эле иштедиң го, карьера жасабайсыңбы?» деген сунуштар болду. Бирок: «Жок, мен карьерист эмесмин», - деп баш тартып келдим. Табиятымдан карьера жасаганга көп кызыга бербейм. Бирөөнүн берген тапшырмасын жаш баладай болуп аткарып жүрүүнү жактырбайм. Биздин кызматтын жакшы жери - эркин жумуш. Бирөөлөрдүн айтканын жасабайсың, жеме укпайсың. Тескерисинче, жаңылыштык кетирсең да мактап, кагазга ороп айтышат. Ызы-чуу деген жок. Чыгармачылык менен алектенгенге да убакыт бар.

– Саясатка кызыгасызбы?

– Кээде гана саясат айдыңында чыр-чатак болуп кеткенде эмне болуптур деп көңүл буруп калбасам, таптакыр кызыкпайм. Мага чыгармачылык менен алек болуп, ыр жазуу кызык.

– Азыркы учурда да ыр жазып атасызбы?

– Көп деп айтпайм, кээде илхам келгенде жазып калам. Китеп кылып чыгарып койсом дегем, жетишпей жүрөм. 2-3 ырыма обон жазылган, «Ата-энеме» деген ырымды анын обонун жазган Улукмырза Полотов агай өзү, анан Токтобек Асаналиев ырдап жүрүшөт. Экөөнү уга элекмин. Алтымышка чыкканымда бир китебим чыккан. Кийинки ырлардан кичирээк дагы бир китеп чыгарып коёюн деп жүрөм.

– Сиздин жолуңузду жолдочу балдарыңыз же неберелериңиз барбы?

– Он неберем, кыздан эки чеберем бар. Неберелеримдин арасында жолумду жолдой тургандары азыр байкала элек. Ал эми өзүмдүн балдарымдын арасынан жолумду жолдой турган бир кызым бар болчу. Чыгармачылыкка жакын эле, кыргыз, орус тилдеринде ыр жазчу. Тилекке каршы, 19 жашында, жогорку окуу жайында 2-курста окуп жүргөн кезинде каза болуп калды. Башка балдарым ар кимиси өз иштери менен алек. Жубайым экөөбүз алардын төрүндө балпайып отурган убагыбыз.

 

Динара ЧОКОЕВА