Терезени таза жуунун сырлары

Жаз келди. Эми ар бир кожойкенин алдында «терезелерди жуу керек» деген милдет турат. Анткени терезе канчалык таза болсо, бөлмөгө күндүн нуру ошончолук көп кирет. Учурда терезени жуучу каражаттын түрү көп. Ошол эле учурда алардан кем калышпаган эски ыкмалар да бар.

 

Терезени күн ачык тийип турган учурда эмес, бир аз салкын, күн чыкпаган аба ырайында жууңуз. Болбосо терезеге сүртүлгөн жуучу каражат тез кургап кетип, аны кетирүү үчүн кайра-кайра таза суу менен жууганга туура келет.

 

Терезенин алгач алкактарын жууп алып, анан айнегине өтүңүз. Алгач ички тарабын, анан сыртын жуу талапка ылайык.

 

Айнектин жалтырак болушун кааласаңыз, нашатырь спиртин колдонуңуз. Бул терезенин алкагындагы да, айнегиндеги да майлуу тактарды кетирет.

 

Кышында терезени туздуу суу менен жуусаңыз, терезеңизге муз тоңбойт.

 

Сода да айнекти жалтыратат. Бирок аны алкакка тийгизбей эле койгонуңуз оң. Сода алкактын боёгун «жеп салат». Боёлгон алкакты жууда суюк самынды пайдаланыңыз.

 

Аягында таза суу менен жууп жатканда сууга бир аз уксус кошуп койсоңуз, терезеңизге чымын конбойт.

 

Терезени жууда швабраны пайдалана турган болсоңуз, үстүнөн төмөн көздөй сүрүңүз, бардык суюктук ылдый көздөй агып кетсин.

 

Майдаланган борду арак менен аралаштыруу керек. Натыйжада суюк каймактай болгон ак суюктук пайда болот. Бул аралашма айнекти жалтырата жууганга жардам берет.

 

Чымын калтырган тактарды кетирүүдө айнекти ортосунан бөлүнгөн пияз менен сүрүү сунуш кылынат. Андан соң суу менен жууп саласыз.

 

Жумуштун аягында айнекти алгач тигинен, анан туурасынан сүртүңүз. Ошондо айнекте эч кандай так калбайт.

 

Аймээрим Курбаналиева