Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып,
бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Акыл

Туулган жылы: 1989-жыл 29-декабрь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Турмушка тың, токтоо, түшүнүктүү, чечкиндүү, акылдуу, таза

Материалдык байлыгы: эки үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 71 83 59

– Мен жакындарым тапкан бир кызга баш кошуп беш ай жашагам. Жашообуздун мынчалык кыска болушуна өзүбүздүн көңүлүбүз болбой үйлөнгөнүбүз себеп болду окшойт. Болор-болбос нерселерди маселе кылып чатакташа берип акыры ажырашып кеттик. Бир жыл бой жүрдүм. Эми өзүм каалагандай кыз таап, сүйлөшүп көрүп жашоо баштайын деп жатам. Мага Ош жергесинин 19 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндери чалыңыздар. Буга чейин турмушу болгон болсо да баласы болбошу шарт. Мен башканын баласын багып кетем деп айта албайм. Ал эми ажырашуусун туура түшүнө алам деген ойдомун. Мен сыяктуу чыныгы жашоону каалагандар байланышыңыздар.

 

 

Бегимай

Туулган жылы: 1996-жыл 12-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен шаары

Кандай мырзалар жагат? Жөнөкөй, ыймандуу, туруктуу, чечкиндүү, тың, эмгекчил

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0770 27 67 96

Мен ата-энемдин эрке, жалгыз кызымын. Айланамдагылардын баары эле "турмушка чыкчу убагың келди" деп жатышат. Андан улам теңимди таап, чыныгы турмушка аттанайын деп чечтим. Оюмдагыдай мырзаны табуу үчүн бул кызматка кайрылып жатам. Мага бир гана Баткен жергесинин 19 жаштан 25 жашка чейинки жигиттери чалыңыздар. Буга чейин турмуш кургандар менен деле тааныша берем. Эгер бардыгы оюмдагыдай чыкса бир баласы болсо деле макулмун. Чалыңыздар, таанышалы, сүйлөшөлү. Калган маселелер ошол убакта өзү менен өзү чечилип кетет деп ойлойм.

 

 

Бакыт

Туулган жылы: 1986-жыл 1-январь

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Туруктуу, ыймандуу, сарамжалдуу, мамилечил, боорукер

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 81 10 00

– Мен бир кыздын атасымын. Кызымдын апасы менен аз эле убакыт жашап ажырашып кеткем. Анын себеби жаштык болду окшойт. Ал кезде жарашууну деле ойлонбой жүрө бериптирмин. Убакыт учуп 5 жыл бат эле өтүп кетти. Эми кайрадан турмуш куруу керектигин ойлоп бул кызматка кайрылып жатам. Мага биздин аймактык 22 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Баласы болсо бирөө гана болушун каалайм. Мындан башка майда маселелерди жеке сүйлөшүүдө чечип алабыз деген ойдомун.

 

 

Таалай

Туулган жылы: 1971-жыл 16-апрель

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош облусу Өзгөн району

Кандай айымдар жагат? Кичи пейил, туруктуу, терең ойлонгон, жылдыздуу, таза, сабырдуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0776 71 45 04

– Мен ата-энемден эрте калгам. Кийин турмуш куруп, бир кыздуу болдум. Бирок кайын журтум жашоомо кийлигишип, анын кесепетинен улам аялым экөөбүз ажырашып кеттик. Ошону менен кызымды карап жалгыз бой жашап келдим. Учурда кызым турмушка чыгып, өз жашоосу менен алек. Эми турмуш куруп, өз жашоом менен алек болууга убакыт келип жетти. Мага кайсы жерден болсо дагы 37 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Бир баласы болсо багып алууга макулмун. Мен андай-мындай деп ашык талап койбойм. Мага болгону иштен келгенде жаркылдап тосуп алып турган аял болсо болду. Чалыңыздар.

 

 

Идирис

Туулган жылы: 1989-жыл 28-март

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: курулушта кесиби менен иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Намаз окуган, ыймандуу, туруктуу, сылык, боорукер, токтоо

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0556 24 83 48

Мен намаз окуйм. Эки жылдай мурун турмуш кургам. Бирок жар тандоодо жаңылган экенмин. Аялым никеде экенине карабай балдар менен сүйлөшүп, жакшы жүрүм-түрүмга ээ боло албай койду. Мындай аялдан эркектин баары эле баш тартса керек. Мен да ажырашууга аргасыз болдум. Чынын айтсам, андан бери аз эле айлар өттү. Бирок убакытты өткөрбөй жаңы жашоо баштай берейин деп жатам. Мага мүмкүн болсо оронгон, эч болбоду дегенде намаз окуган аялзаты керек. Мындай айымды тапсам турмуш баштоого даярмын. Жашы 20-28 жаштардын ортосу болсо болот.