Эски көлөч

Тоо этегиндеги «К» деген айылда фельдшер аял жашачу. Күйөөсү эрте кайтыш болуп, кызы экөө калган. Анын үйү медпункт менен катар болчу. Медпункттун имараты салынганда ыңгайлуу болсун деп жанына ушул фельдшердин үйү кошо курулса керек. Анысын териштирип сөз кылган деле киши жок, медпунктка сыркоолоп калган кары-жаш байма-бай келип кетишет, аяк суюлбайт.

Айыл адамдарына өмүрдүн ачкычы ушул жердей сезилет. Фельдшер аял бир калыбынан өзгөрбөйт, жакшы үмүт менен келгендерге жылуу-жумшак сөзүн айтып, дары-дармегин берип көңүл көтөрүп узатканы-узаткан. Баарысы шайма-шай, тиричилик өз нугунда эле. Жалгыз кызы эс тартып, дене мүчөлөрү көркүнө келип көзгө толумдуу болуп калган кезде дүйнө быркырап кеткендей болду. Кызы кабагын карыштырып, жактырбаган түр берип айтып калды:

– Эшиктин алдындагы эски көлөчүңдү ыргытсаң боло!

«Анча эмне болуп кетти?» - дароо туюнган жок эне. Башка бир кыялы терс аял болсо: «Эбиң менен болсоң, ал көлөчүм сенин бир жериңди тырмап атабы?» - деп беттен алып кагып таштар беле. Жалгыз кызына жаман сөз айтып көргөн жан эмес. Кызы кызыраңдап атат:

– Мен эс тартканы ушу жаман көлөчүң эшиктин алдында турганы-турган. Мындан башка бут кийим түгөнүп калгансып.

Эне дале сабырдуу. Не деп айтыш керек? Кызынын кыртышын жандырам деп жаны бирге көлөчүнөн ажырамакпы? "Карабай эле койчу ошол көлөчкө" деп ой чуркаткычакты кызы баятан жактырбай аткан туюк сезимин эми билдирди:

– Өткөндө классташтарым келишкенде эски көлөчүңдү көрүп алышып шылдыңдагандай күлүштү.

Дароо түшүндү, эне жалооруй айтты:

– Түшүндүм, кызым, түшүндүм. Бүгүндөн баштап көлөчүмдү башка жакка коюп жүрөйүн.

 * * *

Арадан күндөр өттү. Түн бир оокум болуп калган. Эшик такылдады. Атып турду фельдшер. Мындай турмуш адат болуп калган. Түнү бакырып келген кызынын классташ баласы экен.

– Апамдын жүрөгү кармап калды, тез барбасаңыз болбойт, – деп жалооруду бала.

Шаша-буша кийинип, дары-дармек салчу төгөрөк челегин көтөрүп сыртка атырылды фельдшер, күү менен көнүп калган көлөчүн бутуна илейин десе, анысы ордунда жок. Мындай болчу эмес эле да. “Ии-ий, эсиңе жара чыккырдыкы, көлөчтү керебетимдин алдына алпарып койбодум беле”. Фельдшер кайра үйгө кирип көлөчүн бутуна илип чыкты. Убакытты уттуруп койгонуна кейиди, жүрөк оорулуу адамга өмүр деген көз ирмем. Бул окуяны бала таназар алган жок. Анын дилинде доктур ылдамыраак апасына жетип дары-дармегин берип эс алдырса деген ой.

Сырт караңгы, жазгы жаан төгүп атыптыр. Кара түндү жиреп, кара нөшөргө айбат кылып бала менен фельдшер сыркоолууга жөнөштү. Фельдшер ылай көчөдө сороктоп жер тандабай балчык-чалчыктарды чалпылдата кечип кетип баратат. Кобуранып коёт. «Көрүп атасыңбы, балам, мобу бутумдагы көлөчүм - менин бууданым, жан шеригим. Күнү болобу, түнү болобу ушундай чакырыктар болуп калса бутума илем да, чуркап жөнөйм. Буга чейин ылайыктуу деп эшиктин алдына коюп жүрчүмүн. Үйдөн чыга калып кие чуркаганга жакшы болчу. Бүгүн кичине алдастап калдым, тиги классташың бирөөлөрдөн сөз угуп калганбы, "жоготчу ушул көлөчүңдү" дегенинен керебетимдин алдына коё салгам». Бу сөз баланын денесин муздатып өттү. Өткөндө классташ кызын жеткирип келгенде ушул эски көлөчтү көрүп мыйыгынан жылмайган ушу бала болчу. Аны классташ кызы дароо байкаган. Үндөгөн эмес, кабагын чытып калган.

Арсылдап ит үрүп калды. «Кап, союлумду албай калган турбаймбы. Бул көлөчтүн жанында дайыма союл турчу. Кызымдын кыртышы сүйбөгөнүнөн улам аны да башка жакка катып койгом. Кырсыкты кайдан деп болбойт, ажаан ит болуп калса буйдамга келтирбей балтырыңды үзүп кетет. Сак бол!».

Бала дудук болуп калгансып үнсүз. Ит буларга кол салчудай түрү жок. Кайтарган үйгө жакын жолобосоңор болду дегенсип буларга атырылбай алыстан борс-борс этип калып калды.

Бар дареметин жумшап энтелеңдеп шашып баратат фельдшер. Кайрадан чочугансып үн салды:

– Калп айтпасам, ушу сен да жамгырлуу түндө төрөлсөң керек эле. Оо, анда мен жаш элем да. Самолёттой эле учуп жеткем. Азыр эми кичине алдан тайып калбадыкпы. Анын үстүнө жанагы көлөчүмдү ордунан козгоп койгонум да жолтоо болуп калды көрүнөт, болбосо бу кезде жетип апаңды дарылап калат белек.

Көлөчтүн ордунан козголуп калганын кайра-кайра айтканына караганда кызы баарын айтып таштаса керек. Бала не кыларын билбей кыжаалат. Ал азыр эле балчык жолго тизелей жүгүнүп: «Сиздин жакшы көргөн көлөчүңүздүн козголуп калышына мен да күнөөлүүмүн», - деп кечирим сурап жибергиси келди. Анте албады, апасы өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан. Башта жалгыз ой, ылдамыраак үйгө жетип апасына биринчи тез жардамды көрсөтүү болчу. Муну бала болсо да таасын туюп турган.

Фельдшердин жылуу мамилесинен, сайган ийнесинен улам сыркоо аял көптө барып өзүнө келди. Түнөргөн үй жарк этип, бүлөдөгү кары-жаштын жүздөрүнө жылмаюу пайда болду. Бала ойлуу, ал классташы фельдшердин кызына жолугуп, өткөндөгү жосунсуз жоругун төгүндөп эски көлөчтү кайра ордуна койдурууну кантип суранарын ойлоп бушайман. Ошондогу бозоргон, кунарсыз, капшытында үзүл-кесил кызыл жиптер шалбыраган эски көлөч азыр ал үчүн эң бир баалуу, эч нерсеге алмашкыс кымбат буюм болуп бааланып турду.

Айылдык фельдшер болсо дагы бир ооруп калган адамга учурунда жардам көрсөтүүгө үлгүрүп, сообуна калганына курсант эле. Ал үчүн мындан артык бакыт, жанына жагымдуу окуя жок болчу.

Үйдө онтогон үн басылып, сыркоолуу адам: «Ийне сайган колуңа береке берсин», - деп тили зорго күрмөөгө келип, көзү илинип кетти. Түн бир оокум болсо да фельдшердин алдына дасторкон жайылды, ысык чай куюлду. Жаны жай ала түшкөн фельдшер негедир обору ачылып калгансып каймакка нанды бурдап-бурдап сугунуп атты. «Эртең түшкө маал дагы келип кетем, ахыбалы жакшы болсо үйдөн эле дарылайбыз, оор болсо тиги борборго жөнөтөбүз. Даяр болгула», - деп көлөчүн бутуна илип кайра жөнөп кетти.

Фельдшер үчүн эски көлөч сыртта турабы, ичте болобу баары бир эле, ал үчүн эски көлөч айрылбай, тытылбай, таштандыга ыргытылбай дайыма көз көрүнөө жерде турса ошого көңүлү ток эле. Ал эски көлөчтүн кереги дагы көп тиерин башкалар туйбаса да өзү жакшы түшүнөт.

Кийинки мезгилде минтип көп айтчу болду: “Кайран гана көлөчтөрүм, канчоосун кийип эскирттим, улам жаңылары бутума бап келип, тулпар болуп кызмат өтөп келатышат. Ошол көлөчтөрүм болгон үчүн айылда канча балдарды төрөттүм, сыркоолорго жардам кылдым. Заман өзгөрдү, чөнтөк телефон пайда болду, интернет дегени бар, бирок аларың менин жан дүйнөмө эч нерсе бере алган жок, сыркоологон адамдарга өзгөчө жардамын тийгизе элек, азырынча менин көлөчүмдү айырбаштай турган буюм табыла элек”.

Фельдшер аял кызынан уккан акаарат сөздөрү унут калган. Ал ортодо турмуш агымында калпыс кылыгы үчүн беймаза болгон кызынын классташ баласы кечирим сураганга шашылыш эле, кыябы келгенде кызы апасын кучактап, тиги эски көлөчүң өз ордунда турганы эле жакшы экен деп күлүмсүрөй турган күн да алыс эмес болчу.

 

Өмүрбек КАРАЕВ