Дүйнө элдеринин саламдашуу салты

Мурда-кийин барып көрбөгөн жерге чыга турган болсоңуз, алгач ал жердин маданияты тууралуу билип алганыңыз оң. Ал эми маданият биринчи саламдашуудан башталат.

 

Кытай: “Бүгүн тамак жедиңизби?”

Кытайдын салттуу саламдашуусу жүгүнүү болуп эсептелет. Бирок акыркы мезгилдерде жүгүнгөндүн ордуна эки колун бириктирип башынан өйдө көтөрүп учурашып калышкан. Бир канча адам жаңы киши менен таанышып калса кол чаап салам беришет. Саламдашууга жооп катары жаңы таанышкан адам дагы кол чабышы керек. Кытай эли - бир канча жылдар бою ачкачылыкты башынан өткөргөн эл. Ачкачылык учурунда бири-бирине жардам берип, колунда эмне болсо бөлүшүп жашап келишкен. Ошол себептен улам кытайлар бүгүнкү күнгө чейин “сиз бүгүн тамак жедиңизби?” деп учурашышат.

 

Түндүк Африка: “Сен жөнүндө ойлоп жатам”

Түндүк Африка эли сөз менен эмес, кыймыл-аракет менен гана учурашышат. Бири-бирин көргөндө оң колун алгач чекесине, оозуна жана төшүнө тийгизет. Бул “мен сен жөнүндө ойлоп жатам, сен жөнүндө сүйлөйм, сени сыйлайм” деген маанини билдирет. Ушул эле өлкөнүн акамба уруусу салам берүү учурунда колуна түкүрүп, маектешинин колун бекем кысып учурашышат.

 

Түштүк Африка: “Саламатсыңбы, жапайы айбан?”

Африканын түштүгүндө байыр алган басуто уруусу аңчылык менен гана жан багышат. Бул жерде кичүүлөр улууларга “саламатсыңбы, жапайы айбан?” деп салам берет. “Жапайы айбан” сөзү бизге жат угулганы менен африка эли үчүн адамды күчтүү жаныбарга салыштыруу катары кабыл алынат.

 

Иран: “Көлөкөң кичинербесин”

Иранда саламдашуу учурунда “көлөкөң кичинербесин” деп айтылат. Бул “ден соолукта бол, сен болсоң көлөкөң дагы болот” деген маанини билдирет. Убакыттын өтүшү менен Иран жаштары бул сөздү колдонбой “тынчтык болсун, Кудай сени колдосун” деп саламдашып калышкан. Кызыгы, эркек киши биринчи болуп аял кишиге салам бербейт.

 

Индия: “Сени көрүп калдым”

Индиянын кээ бир урууларында келген конокко салам беришпейт. Качан гана үйгө кирип тизелеп отурганда “сени көрүп калдым” деп учурашат. Келген конок дагы дал ушундай сөз менен жооп берет. Ушул эле өлкөдө үй-бүлө мүчөлөрү эртең менен “чиркей тынчыңды алган жокпу?” деп салам беришет.

 

Германия: “Салам, жеңиш!”

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин немис эли бир гана Адольф Гитлердин сөзү менен жашаган. Ал айткан сөз мыйзам катары кабыл алынган. Гитлер элге кайрылуу жасардын алдында колун 45 градуска көтөрүп: “Салам, жеңиш!” - деп кыйкыруудан баштап, башкалардын да ошондой жооп кайтаруусун талап кылган. Ошондон улам мындай саламдашуу салтка айланып калган. Согуш бүткөн соң мыйзамдуу түрдө мындай саламдашууга тыюу салынган. Учурда убакытка жараша “кутман таң, күн, кеч!” деп салам беришет.

 

Голландия: “Кандай саякаттап жатасыз?”

Голландия туризм жагынан өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөгө дүйнөнүн ар бурчунан туристтер эс алып баргандыктан “кандай саякаттап жатасыз?” деп учурашуу салтка айланып калган.

 

Монголия: “Кандай көчүп жүрөсүз?”

Монгол эли көчмөн калк болгондуктан мал-жанга тиешелүү саламдашуулар салтка айланган. Алсак, үйгө конок келгенде “малыңыз аманбы?” деп салам беришет. Ал эми көчөдөн таанышын көрүп калса “кандай көчүп жүрөсүз?” деп учурашат. Жайлоодон же талаадан жолуккан адамга “малыңыз семиз болсун”, “малыңыз көптү туусун” деп салам берет. Мындан тышкары жыл мезгилдерине жараша дагы саламдашуу фразалары өзгөрүп турат. Мисалы, “күз берекелүү болуудабы?”, “кыш тынч өтүп жатабы?”

 

Тибетте тилди чыгарып учурашат

Бет маңдайында турган адамга тил сунуу адепсиздик деп кабыл алсак, тибет эли үчүн бул салттуу саламдашуу болуп саналат. Мындай саламдашуунун келип чыгышына каардуу падыша себепчи болгон. IX кылымда Тибетте Ландарма аттуу падыша жашаган. Ал элдин башка динди кабыл алуусун талап кылып, баш ийбегендерди аёосуз жазалаган. Ландарманын башка элден өзгөчөлүгү тили кара түстө болгон. Тибет эли кара түстүү тили бар адамдар эл бузар болот деп алардан качып турушкан. Ошондон улам бири-бирин текшерип туруу үчүн тилин чыгарып саламдашып калышкан.

 

Жаңыл ИСАЕВА