Түйүлдүктүн жумалык өнүгүүсү

Кош бойлуулук – аялдын керемет сезимдерге курчалган эң бактылуу учуру. Бирок ал бакыт ар дайым чочулоо, кызыгуу, күтүү деген тынчтык бербеген сезимдер менен коштолот. Түйүлдүктүн курсактагы жашоосу кандай өтөрүн ар бир эне билгиси келет. Эмесе, түйүлдүктүн төрөлгөнгө чейинки жашоосун баян кылабыз.

 

Түйүлдүктүн абалы

14-жумада баланын жалпы органдарынын тең жарымы толук калыптанып бүткөн болот. Бул жумадан баштап бала салмакты көбүрөөк кошо баштайт. Анткени анын териси алдындагы майлар калыптануучу убакыт келе жатат. Эгер баланы көрүүгө мүмкүн болсо, аны кадимки ымыркайга окшоштурмаксыз. Каш, кирпиктери, бетиндеги кыймылдар куду ымыркайдыкындай. Анан да азыр баланын терисин жагымдуу, жумшак түк катмары жаап калды. Ал баланын денесиндеги жылуулукту камсыз кылып, коргоочу кызматты аткарат. Бала колун соруу маалында тон суусунун даамын кошо сезе алат. Ал эми тон суусунун даамы эненин жеген азыгынан көз каранды, таттуу болсо таттуу, ачуу болсо кычкыл болот. Кош бойлуулуктун биринчи күнүнөн баштап баланын физиологиялык гана эмес, келечектеги психологиялык абалы да тынымсыз калыптануу жолунда экенин эскертебиз. Ал, албетте, энесинин жакшы же жаман маанайынан көз каранды.

 

Эненин абалы

Кош бойлуунун курсагынын жарашыктуу тегерек абалын эми сырттагылар оңой эле байкай алышат. Бул абалдан ырахат алыңыз. Деги эле бул маалда кош бойлуу психикалык жактан эне болууну толук кабыл алып, ички, көмүскө сезимдеринде жаңы миссиясы үчүн даярдык көрө баштайт. Андыктан ал бала тууралуу кандай маалымат болбосун, жүрөгүнө жакын алып, ал тууралуу баарына өзгөчө кызыктар болуп чыга келет. Бирок негативдүү, коркунучтуу маалыматтарды жүрөккө жакын алып, элестетип алуудан сактаныңыз. Төрөп, колуңузду бооруңузга алмайынча позитивдүү ойлор менен жашоого милдеттүүсүз. Ал эми кошумча салмактан сактаныңыз. Азырынча сизге эки адам үчүн азыктанууга эртелик кылат. Бирок баланын булчуңдары өсүп жаткандыктан уй эти менен буурчактардын түрлөрүн ушул маалда көп колдонууңуз керек. Себеби сиздер үчүн белок азыр айрыкча мааниге ээ. Эгер таттуу менен ун азыктарына табитиңиз тартып болбосо, аз өлчөмдө түштөнүүгө чейин гана жеңиз. Бул маалда дарыгер кошумча витаминдер топтомун жазуусу мүмкүн. Баш тартпаңыз. Анткени биздин экологияда керектүү витаминдин баарын азыктардан алуу мүмкүнчүлүгү жок.

 

Гүлайым Калыбекова