Жаш илимпоз

Жеткинчектер тажрыйбаларды жүргүзүп, ачылыштарды жасаганды жактырышат. Балаңыздын көңүлүн ачып, ошол эле учурда билимге болгон умтулуусун пайда кылууну кааласаңыз, үй шартында жасоого мүмкүн болгон тажрыйбаларды жүргүзүңүз.

 

“Асан-Үсөн”

Керектелүүчү каражаттар: айнек идиш, күзгү, фонарик, барак.

Айнек идиштин ичин сууга толтур. Сууга күзгүнү салып, фонарик менен күзгүгө жарык бер. Бул учурда айнектен чагылган нурду ак барак менен тоссоң, баракта “асан-үсөнгө” окшогон түстүү өңдөр пайда болгонун байкайсың.

Түшүндүрмө: нурдун өңү бир канча түстөрдөн турат. Ал суу аркылуу өткөндө ар бир түс өз-өзүнчө бөлүнүп “асан-үсөнгө” окшошуп калат.

 

 

“Жанар тоо”

Керектелүүчү каражаттар: пластик бөтөлкө, табак, пластилин, тамак-аш содасы, суу, тамак-аш боёгу, уксус.

Табактын үстүнө ортосунан кесилген пластик бөтөлкөсүн кой. Тажрыйба кызыктуу болушу үчүн бөтөлкөнүн капталдарын пластилин менен каптап тоонун формасына келтирип алсаң болот. Бөтөлкөнүн ичине эки кашык сода салып, 50-70 миллиграмм жылуу суу куюп, бир канча тамчы кызыл түстөгү тамак-аш боёгун, 20 миллиграмм уксусту кош. Натыйжада жанар тоодон чыккан лавага окшогон көрүнүш пайда болот.

Түшүндүрмө: сода менен уксус аралашканда күчтүү реакциядагы тажрыйба жүрүп, натыйжада суу, туз жана көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат. Газдын күчү идиштеги аралашманын көбүгүн түртүп чыгарат.

 

“Бийлеген тыйын”

Керектелүүчү каражаттар: бөтөлкө, бөтөлкөнүн оозуна кирип кетпей турган тыйын, суу.

Ичи бош, оозу бекилбеген бөтөлкөнү 10 мүнөткө муздаткычка салып коюу керек. Тыйынды муздак сууга нымдап, муздаткычтан жаңы чыккан бөтөлкөнүн оозуна кой. Бир канча мүнөттөн кийин бөтөлкөнүн оозундагы тыйын секирип кыймылга келет.

Түшүндүрмө: бөтөлкөнүн ичине толгон муздак аба жылуу жерге чыкканда тыгыздыгы чоңоюп бөтөлкөгө батпай калат. Ошону менен оозундагы темир тыйынды кыймылга келтирет.

 

“Түстүү лампа”

Керектелүүчү каражаттар: стакан, өсүмдүк майы, тамак-аш боёгу, суу, туз.

Стакандын 2/3 бөлүгүнө суу куй да, калган бөлүгүн өсүмдүк майы менен толтур. Бул суюктукка беш тамчы же бир кашык тамак-аш боёгун кош. Андан кийин бир кашык тузду суюктукка себелеп сал. Жыйынтыгында жарык түстөгү лампаны элестеткен кооз суюктукка күбө болосуң.

Түшүндүрмө: май сууга караганда жеңил келет. Ошондуктан сууга кошконубузда май калкып калат. Ал эми туз болсо майдан оор болот. Аралашмага туз кошконубузда калкыган май туз менен кошо чөгөт. Туз эригенде түбүндө топтолуп калган май шакекче болуп кайра өйдө көтөрүлөт. Мындай учурда тамак-аш боёкторун колдонсок, тажрыйбабыз алда канча кызыктуу өтөт.

 

“Кристалл”

Керектелүүчү каражаттар: стакан, туз, зым, суу.

Бул тажрыйбаны жасоого бир канча күн кеткендиктен чыдамкайлык талап кылынат. Бир стаканга жылуу суу куюп, стакандын жарымына чейин туз салып аралаштыр. Туз эригенден кийин зымды сууга салып, башын өйдө каратып кой. Стакандын оозун салфетка менен жаап жылуу бөлмөгө койсоң, бир канча күндөн кийин зымдын айланасы кооз кристаллдар менен оролуп калганын көрөсүң. Кристаллдар түстүү болуусун кааласаң, даярдоо учурунда сууга тамак-аш боёгун кошуп койсоң болот.

Түшүндүрмө: суунун муздашы менен анын курамындагы туздун эриши да төмөндөйт. Ошону менен аралашманын түбүнө туз чөгүп, идиштин суу тийбеген жери жана зымдын айланасы кристалл сымал эрибеген туздар менен капталып калат.

 

«Сырдуу жазуу»

Керектелүүчү каражаттар: лимон, кисточка, ак барак, шам.

Кадимки эле лимонду алып, анын ширесин сыгып саласың. Лимондун ширесине кисточканы малып ак барак бетине жаз. Жазып жаткан учурда барак бетинде эч кандай өзгөрүү болбойт. Кызыгы, кагазды шамдан чыккан жылуулук менен кургатсаң, жазылган сөз даана байкалып чыга келет.

Түшүндүрмө: лимондун курамындагы айрым заттар жылуулуктан бат бузулат. Бузулганда түсүн өзгөртүп баштайт. Ушул эле тажрыйбаны алманын ширеси менен да жасаса болот.

 

“Бөтөлкө ичиндеги жумуртка”

Керектелүүчү каражаттар: айнек бөтөлкө, өсүмдүк майы, сууга бышкан жумуртка, ширеңке, кагаз.

Бөтөлкөнүн оозуна батпаган жумуртканы ичине бүтүн бойдон киргизүү мүмкүн экенин төмөнкү тажрыйба аркылуу көрсөң болот. Айнек бөтөлкөнү столдун үстүнө коюп, анын оозун өсүмдүк майы менен майла. Кичинекей кагазды күйгүзүп бөтөлкөнүн ичине салып 6-7 секунд күткөн соң жумуртканы бөтөлкөнүн оозуна кой. Көп убакытты албай жумуртканын бөтөлкөнүн ичине кирип кеткенин көрөсүң.

Түшүндүрмө: жылуулук бар жерде аба кеңеет, ал эми муздак жерде аба тыгыз сакталат. Кычкылтексиз идиштеги от күйбөйт. Ал күйүп жаткан мезгилде жумуртка менен оозун бекитип салсак, жумуртканы өзүнө тартып алат. Себеби идиштеги кычкылтек жоголгондуктан жумуртканын курамындагы кычкылтекти сорот жана жумуртканын көлөмү кичирейип бөтөлкөнүн оозуна батып кетет.

 

Жаңыл ИСАЕВА