Инстаграмда ЭМНЕ КЕП?

Инстаграм - белгилүү инсандардын жаңылыктарынан, жашоолорунан кабар алчу эң сонун жай. Эмесе, окурмандардын көңүлүн бурган, эң көп жактырууга ээ болгон сүрөттөргө саякат жасайбыз.

 

Сыймык Бейшекеев: «Гамбургдан салам. Достор, буйруса, аман-эсен жетип алдык»

– Жубайыңызды чыгармачылык сапарларга кайсы учурларда ээрчитип аласыз?

– Мага чет жердеги мекендештерден көп чакыруулар болот, анын арты менен көптөгөн өлкөлөрдү көрүп жүрөм. Бул жолу Мюнхендеги «Ордо» уюмунун чакыруусу, колдоосу менен "Нооруз" майрамына карата келгем. Жаныма жубайым Нурзаданы ээрчитип алдым. Негизи ал көп учурда алыска чыгууну өзү каалабайт, көргүсү келген өлкөлөргө гана мени менен чогуу барат. Мага үй-бүлө, бала-чакам менен толук курамда чет жерлерди көрүү жагат. Бирок балдарым мектептеги сабактарынан бошобогондуктан Нурзада экөөбүз эле келдик. Буйруса, кийинки сапарларда балдарымды ээрчитип дүйнөнү көрсөтсөм деген ниетим бар. Мюнхен шаарына мен экинчи ирет келип жатам, тазалыгы абдан жагат. Жердештердин ынтымагы жүрөк жылытат. Эртең, буйруса, Парижге сапар алабыз. Андан кийин Бремен, Берлин, анан Москвада эки күн болуп үйгө кайтабыз.

Самара Каримова: «Кечке эле «сулуу» сүрөттөрүмдү койбой, мындай сүрөт да коёюн. Иштөөчүлөргө өз колум менен Баткендин Ак-Турпак күрүчүнөн аш басып жатам. Тамагыңыздар таттуу болсун, достор»

– Самара канча убакта бир очокко казан асып тамак жасайсың?

– Очоктун тамагы такыр башка. Андыктан эс алуу күндөрү же убакыт болгон учурларда Баткендин Ак-Турпак күрүчүнөн, бий алма кошуп өз колум менен аш басам. Менин рецептим такыр башкача, кафе, ресторандардагы ашка окшобойт. Мисалы, мен тамак жасап жатканда эч качан интернет же башка нерселерге алаксыбай, чын дилимден берилип жасайм. Анан эт менен пиязды салгандан кийин сабиздин жарымын салып кызыл кылып кууруп алам да, андан кийин жарымын салам. Сууну куйгандан кийин жай отко узак кайнатып демдейм. Ошондо аш укмуштуудай даамдуу болот. Кыштын күнү суук болгондуктан очокко жасай албай калам. Ал эми жаздан баштап күзгө чейин каалаган учурларымда жасайм. Өзүм аш басканды кичине кезимден эле билем. Айылдын кыздары тың болот эмеспи, отун жарып, отту деле өзүм жагам. Мага бул иштердин эч кандай оорчулугу жок.

 

 

Асел Кадырбекова менен Нурлан Насиптин саякаты

– Асел, Нурлан экөөңөр чет өлкөгө чогуу чыгып калдыңар, силерге бирге чакыруу болуп атабы же сүйүү мамилеңер кайра жандандыбы?

– Нурлан экөөбүз Корея жана Түркия мамлекеттерине он күндөн барып келдик. Эки жактан тең концертти уюштуруучу мекендештер Нурланга байланышып чакырышкан. Анан ал мага сунуштап, экөөбүз барып калдык. Эки күндөн концерт коюп, калган күндөрүн эс алдык. Корея менен Түркиянын сериалдарын көрүп алып бул эки өлкөгө барууну кыялданчумун. Ал кыялдарым орундалып Кореяга барып Гу Чжун Пё сыяктуу балдарды көрүп келдим. Ал мамлекет абдан жакты. Мени өзгөчө таң калтырганы жоголгон сумкамды таап алганым болду. Сумкамда акча, Нурлан экөөбүздүн уюлдук телефонубуз, паспортторубуз бар эле. Биз көчө кыдырып, дүкөнгө кирип кийим кийип көрүп алып жатканбыз. Ошентип жүрүп сумкам бир дүкөндө калып калыптыр. Арадан 2-3 саат өткөндөн кийин гана сумкасыз жүргөнүмдү билдим. Ал жердеги мекендештер: «Кыжалат болбогула, бул жерде эч нерсе жоголбойт. Керек болсо миллион акчаң көчөдө калса да тапкандар милицияга калтырып кетишет», - дешти. Биз барган дүкөндөрүбүздү кайрадан кыдырып акыры таптык. Ичинен эч нерсе жоголбоптур. Эки өлкөдөн тең жагымдуу элестерге байып, Нурлан экөөбүз жакшы эс алып келдик. Ал эми биздин мамиле азырынча сыр бойдон эле калсын, бүт нерсе убагы келгенде билинет.

 

 

 

Сайкал Садыбакасова: «Sadybakasova_make_up_studio»

– Сайкал, кардарларды өзүң да тейлеп атасыңбы?

– Көптөн бери салон ачууга кызыгып, ниет кылып жүргөм. Өзүм макияж жасоого абдан кызыгып Гүлпери Белекованын визажисттик курсуна окугам. Анын пайдасы тийип “Кыз-Бурактын” кыздарын өзүм боёнтуп келгем. Эми Кудай буйруп, Бишкек шаарынын борборуна 16-февраль күнү өзүмдүн «Sadybakasova¬¬_make_up_studio» аттуу салонумду ачкам. Салондо бардык кызматтар бар. Учурда салондун кардарларды тейлеп жаткан кези. Мен болсо кардарларды күн сайын эмес, жумасына эки жолу барып мага жазылгандарды гана тейлеп коём. Албетте, менин кызматым башкаларга салыштырмалуу кымбатыраак.

 

 

Айгерим Расул кызы: «Кошуналар менен шеринеде»

– Айгерим, кошуналарың менен шерине ойноп баштаганыңа канча болду?

– Динде "кошуналар менен жакшы мамиледе болуш керек" деп айтылат. Мен бардык кошуналарым менен жакшы мамиледемин. Биз жаңы салынган үйдө турабыз, көпчүлүк кошуналарым мен сыяктуу жаш келиндер. Анан жакшылыктарда чогулуп, ынтымакта шерине түзүп алганбыз. Былтыр Жаңы жылда чогуу отурганыбызда: «Шерине уюштурбайлыбы?» - деп сунуштасам, алардын да оюнда бар экен. Ошондон бери жалаң келиндер шерине ойноп калганбыз. Шеринеде он жети келин бар, ар ким каалаган жагында тосот. Мисалы, мен үйдө тостум. Күндүзү саат 12лерде чогулабыз, 4-5ке чейин аялзатына таандык ар кандай темада сүйлөшүп отурабыз. Башында менден шоу-бизнес тууралуу көп сурашчу, азыр жашоо тууралуу сүйлөшөбүз. Бир туугандай болуп калганбыз десем болот.

Динара ЧОКОЕВА