БИРИМКУЛОВА Зинакан: «Балама элдин колдоосу керек»

Балдары үчүн түркүн сыноого чыдап келген Зинакан апа эми элдин чоң колдоосуна муктаж. Көз жашын төккөн эненин тагдыры менен таанышып, колуңуздан келсе жардам берүү үчүн кол сунуңуз.

 

“Жолдошумдан эрте ажырап үч бала менен жалгыз бой калдым”

– Балдарымдын улуусу 12 жашка, экинчиси 10, кичинекей кызым 4кө чыкканда жолдошумдан ажырап калдым. Ал 2004-жылы кан басымы көтөрүлүп көз жумган. Жолдошум каза болгон жылдан баштап азаптуу күндөр башталды. Ошол кышта отун-суубуз жок электр жарыгын колдонуп, аныбыздын акчасы көбөйүп кетип кыркып салышты. Кыштын ызгаардуу чилдесинде 3 балам менен үшүп-тоңуп жол боюндагы бак-дарактардын куурап түшкөндөрүн терип жагып жазга араң жеткен элек. Ал кезде балдарыма мамлекет тарабынан ар бирине 300 сомдон жөлөк пул чегерилген. Алган жөлөк пулубуз балдарымдын тамак-ашына же кийим-кечесине жетпеди. Аргасыздан жаз алды менен жаш экенине карабай балдарымды ээрчитип алып кызылчага чыгып акыга иштедим. Жетишпеген турмуштун айынан улуу балам Урмат мектепти 9-класска чейин окуду да, борборго унаа оңдогон жерге ишке кирип алды. Ал тапкан акчасына кой алып, кийин уйлуу да болдук. Ал эми экинчи уулум Мурат трактор айдагандардын артынан чуркап жүрүп трактор айдаганды үйрөнүп алды. Айыл жеринде акча жок болгондуктан акысына чөп жана буудай алар эле. Ушинтип балдарым кол арага жарап калган кезде турмуш бизди кайрадан кыйнай баштады. Муратым 6 жашынан бери бөйрөгү ооруп аталган илдет менен ушул күнгө чейин алышып келет. 16 жашка чейин жыл сайын Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып келди. 18 жаштан кийин Улуттук урология борборунун неврология бөлүмүнө жөнөтүшкөн. Бирок каражаттын тартыштыгынан балам убагында дарылана алган жок. Анын үстүнө аскерге чакырып, балам ден соолугу начар экенине карабай аскерде кызмат өтөп келди. Аскерден келген соң бөйрөгүнүн оорусу баттан кармап ооруп жатты. Төшөктө жатып калганда: “Апа, биздин үйдө качан жетиштүү жашоо болот? Биз качан эл катарында эч нерсеге муктаж болбой жашайбыз?” - деп кейичү болду. Мен болсо: “Биздин көчөдө да той болор. Ал күн алыс эместир”, - деп балдарымды жоошутуп, ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдүм.

 

“Баламдын эки бөйрөгү бирдей соолуп калыптыр”

– Жамандык ээрчишип келет экен да. Ошол маалда көзүмдөн глаукома болуп операциядан кийин 3-топтогу майыпка айланып калдым. Ошондон бери балдарыма кол кабыш кылып, эрте жаздан кеч күзгө чейин акыга иштегенди да токтоттум. Менин операциямдан көп өтпөй уулумдун бөйрөгү катуу ооруп, кан басымы көтөрүлүп эс-учун жоготуп ооруканага жатып калды. Көрсө, бизди багам деп ооруганына карабай жүрө берип баламдын эки бөйрөгү бирдей соолуп калыптыр. Бөйрөгү өз алдынча иштебегендиктен балам дааратканага көп барчу эмес экен. Эгер көп суу ичсе, суу ичине толуп шишип кетет. Мына ошол ичине толгон сууну чыгарып бөйрөктү тазалоочу аппаратка 3 күндө бир, бир жумада 3 жолу 4-5 сааттан жатып калды. Ошентип, эми тапкан-ташыганыбыздын бардыгын гемодиализ аппаратына жумшап жаттык. Бир эле жолку алган диализи 5600 сом, барып келген таксиси 300 сом болот. Гемодиализ алган адамга күчтөп тамак бериш керек экен. Диализден чыккандан кийинки тамактануусуна бир жумага 2000 сом төлөйбүз. Ошентип, бир жумага баш-аягы 20 миңдей кетип жаткан. Калганыбыз нан менен суу ичип жашап атабыз. Мындай абалымды көргөн курбуларыма ыраазымын, колдоо көрсөтүп жатышат. Бишкекте жакын туугандарыбыз жок болгондуктан уулум курбумдун үйүндө жатат. Суюктук 3-4 литрден ашса балам шишип, кан басымы көтөрүлүп жатып калат. Андан улам жумасына 2-3 жолу тез жардам чакырабыз. Мурун кан басымы дары ичкенде эле түшүп калган болсо, эми ийне саймайынча кан басымы түшпөй кыйналып жатат.

 

“Тапканыбызды тапкандай оорулуу балама жумшоодобуз”

– Бөйрөгүн алмаштырып баламды азаптан куткарып алайын десем, каражатым жок. Кайнагам донор болууну көздөп ооруканага текшерилсе, аныкы балама туура келбейт экен. Шартыбызды түшүндүрүп Саламаттыкты сактоо министрлигине барып Түркиядан бекер жасалчу операцияга илиндик. Операция кийинки жылы жасалат экен. Ага чейин балама донор таап, акча чогултуубуз керек. Себеби барып-келген жол киребиз, тамак-ашыбыз жана ал жакта жашаган күндөрүбүздү өзүбүз каржылашыбыз керек экен. Учурда унаа оңдоочу жайда иштеген уулумдун тапканын тапкандай экинчи балама жумшап жатабыз. Кызым болсо: “Мектепти аяктасам ишке кирем”, - деп отурат. Аз да болсо тыйын болор деп баламды майыптыкка өткөрүп документтерин тапшырдым. Бирок азырынча жөлөк пул ала элекпиз. Ал эми менин майыптыгым үчүн алган акчам эки күндүн биринде Канттан шаарга келип-кеткен жол киреден артпайт. Ушундай абалыбызды түшүнүп кайрымдуу адамдар кол сунушса жакшы болот эле. 

Кант шаары KICB банкы

Эсеп: 1280016037484752

БИК: 128001

Алуучу: Биримкулова Зинакан Жумабековна

Дареги: Ысык-Ата району, Советская айылы, Западная көчөсү 23

Байланыш номери: 0778 09-71-77, 0700 65-53-51

Даткайым Досматова