Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин эжеси Айсулуу: «Апам баласынын камактан чыгышын тилеп сүмөлөк жасады»

«Ата-Мекен» партиясынын лидери, ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев коррупциялык иштерге шектелип 26-февралда кармалып, эки айга камакка алынган. Депутаттын жакындары учурда кандай абалда экендигин билүү максатында бир тууган эжеси Айсулуу Текебаеваны сөзгө тартып уялашы тууралуу сурадык.

– Эже, иниңиз камалып кабыргаңыздар кайышып турса керек?

– Өмүрбекке биз эле эмес, карапайым эл да кайгырып турат. Иним камалгандан бери Жалал-Абадда нааразычылык митинги өтүп жатат. Мен апамдын жанында болуп жатам. Кечээ баласынын абактан чыгышын Кудайдан тиленип апам сүмөлөк өткөрдү. Өмүрбек ата-энемдин Кудайдан сурап алган баласы эле, мындан ары да жакшылыктарын тилеп жатабыз.

– Апаңыздын абалы кандай?

– Эне дегендин абалын ар бир адам болбосо да ар бир эне түшүнсө керек. Учурда апамдын жашы 88ге барып калды. Көз жаш кылып, кайра чыйралып бир гана Кудайдан тиленип олтурат. Негизи апам абдан кайраттуу аял. Анын үстүнө Өмүрбек саясатта жүргөндөн бери буга окшогон абалдардын далайын көрдү.

– Иниңиз камакка алынганга чейин качан жолуктуңуз эле?

– Өмүрбек камалардан бир жума мурун мен шаарга барганда көрүшкөнбүз. Ошондо камап салышарын өзү сезип жүргөнүн байкагам. «Ден соолугуңа кара, сүйлөгөндө этиетте», - деп айткам. Кан басымы көтөрүлүп кетет деп чочулачумун. «Ооба, этиет болом, чындыкты айтпасак да болбойт да, айтыш керек», - деп койчу. Анан эле кылмыш иши козголгонун уктук. Өмүрбек чет өлкөдөн учуп келер түнү уктабай интернетти карап турдук. Ошентип, чочулап отуруп камакка алынганын интернеттен көрдүк. Эртең менен апама барсам, апам да теледен угуп алган экен.

– Камакка алынгандан кийин байланыштыңыздарбы?

– Биз байланыша алган жокпуз. Келинчеги Айгүл бир кирип чыгыптыр: “Абалы жакшы”, - деди. Өмүрбек өзү да апам менен бир ирет телефондон сүйлөшүп: «Мен жакшымын, ойлонбогула, өзүмдү-өзүм коргой алам. Силер өзүңөрдү карагыла, силер жакшы болсоңор, мен жакшымын», - деп айтыптыр.

– Ушундай оор күндөрдө «саясатчы болбой эле койсо болмок» деген ой келсе керек?

– Албетте, андай ойлор болот. Бирок Өмүрбек саясат үчүн жаралган адамдай сезилет. Өзүнүн жактырган иши. Ошону менен алек болуп жүрөт. Бирок өтө эле тууганчыл боло бергенди жактырбайт. Бизде бирөө бийликке келсе, туугандарын кошо алып келет го, Өмүрбекте андай сапат жок. Мисалы, менин эки балам юридикалык билимге ээ болушкан. Бирок Өмүрбек: «Эже, балдарыңыз сот тармагына келбей эле койсунчу, жээндерин иштетип алды деген сөз болот», - деген. Андан улам балдарым азыр өз алдынча башка жумуштарда иштеп жүрүшөт. Биз анын айткан сөзүн эки кылбайбыз.

– Тайманбастык бала кезинен эле барбы?

– Мен үйдүн улуусумун. Бала кези менин көз алдымда өттү, кичинесинен эле айтканынан кайтпаган, чыйрак бала болчу. Балдарга окшоп көп ойной берчү эмес. Көп убактысын китеп окуу менен өткөрчү. Андыктан биз аны илим жагына кетет го деп ойлор элек. Аны чоң энем аябай жакшы көрүп, мойнуна мингизип баккан. Үйдөгүлөрдүн баары анын айтканы менен болушчу. Өмүрбек эрке болгону менен акылы менен өстү. Кеп эркелеткенде эмес, баланын дээринен болот экен. Мектепте да тартиптүү болуп, жакшы окуган. Негизи атабыз билим албай калганы менен жогорку билимдүү адамдай кыйын киши болчу. Адабиятка, илимге кызыкчу. Биз сабактан келе жатканда эле: «Бүгүн кандай тема өттүңөр?» - деп, ошол жерден эле сынак алып кирчү. Өмүрбек көрөгөчтүк жактан атамды тарткан. Ал кезде видео деген жок эле, бирок атам: «Өмүрбек үйлөнсө киного тарттырып коём», - дей берчү. Азыр: «Атам баласынын телеге чыккан адам болорун сезсе керек», - деп калабыз. Тилекке каршы, Өмүрбектин ийгиликтерин атам көрбөй калды. 55 жашында эле мектепте иштеп жүрүп бул дүйнө менен кош айтышып кетти. Өмүрбектин депутаттыкка талапкерлиги атамдан ажыраганыбыздан кийин коюлуп, эл ошондо эле жакшы кабыл алып, депутаттыкка өтүп кетти. Эсимде, 1990-жылдары партияны түптөп атабыз деп күнү-түнү иштеп, китеп окуп отурган боюнча уктачу.

– Кеч үй-бүлө курганына кандай карадыңыздар эле?

– Өмүрбек жумуш деп жүрүп кечирээк үйлөндү. Жогоруда айтканымдай, биз күткөндөй илимге эмес, саясатка кетип, ошону менен алек болуп жүрүп убактысы өтүп кетти. Өмүрбектин бүт ою жумушта болчу. Апам: «Ушунун башын айлантып ала турган деле кыз жок экен да, ушунчалык ишке берилеби?» - деп калчу. Насип экен, 36 жашында үйлөндү. Келинчеги Айгүл абдан мыкты айым, бизге ак жолтой келин болду. Экөөнүн уул десе уулу, кыз десе кызы бар. Кудайга шүгүр, бактылуу жашап келе жатышат.

– Бир тууганыңызды жеке адам катары кандай инсан деп баалайсыз?

– Өмүрбек сыртынан мүнөзү катуу көрүнгөнү менен абдан боорукер адам. Ачуусу келсе да тез жазылат. Жаман айткан адамга дагы жамандык каалабайт. Жүрөгү таза адам.

– Кара жумушка кандай?

– Айылда жүргөндө кара жумуштун баарын жасап, колунан баары келчү. Саясий иштерге аралашкандан бери кара жумуштан алыстады. Кой сойгонду билбейт жана мал союлуп жатканда карап турганга жүрөгү чыдабайт. Ал эми устукандаганды билет.

– Маалымат булактарынан иниңиз тууралуу жагымсыз сөздөрдү окуганда жүрөгүңүз ооруйбу?

– Албетте, ооруйт. Кантип оорубай койсун. Андыктан окуп кыжалат болгончо окубай эле коёюн деп окубай коём. Азыр деле ойго келбегенди айтып атышат, биз Өмүрбектин ак экенине ишенебиз.

– Белгилүү саясатчынын эжеси болуу сыймыкпы?

– Албетте, Өмүрбек элдин адамы болгону үчүн сыймыктанам. Бирок «эжеси болом» деп айта бербейм. Фамилиямды уккандар: «Өмүрбек Текебаевдин эжесисизби же фамилияңыз окшошпу?» - деп сурап калышат. Аларга: «Фамилиябыз окшош го», - деп коём.

– Өмүрбек Чиркешовичтин бир туугандары кайсы кесиптерде иштешет?

– Мен мугалимдик кесибим менен көп жылдар бою мектепте иштеп жүрүп пенсияга чыккам. Өмүрбектен кийинки иним Асылбек баарына белгилүү болгондой, коомдук ишмер, белгилүү журналист болчу. Өмүрү кыска экен, бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Үчүнчү иним Алмаз Ошто жашап жеке иштери менен алектенет. Эң кенжебиз сиңдим да коомдук иштерге аралашып калды, азыр айылдык кеңештин депутаты. Мени Өмүрбек кээде: «Эже, сенин башың жакшы иштейт эле, эгер аракет кылсаң жакшы эле кызматта отуруп калат элең», - деп калчу. Мен үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруп кеттим.

 

Динара ЧОКОЕВА